KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот чыгымдарын эсептөө жана өндүрүү боюнча методикалык колдонмону иштеп чыкты

16 июня 2026

Соттук чыгымдарды эсептөө жана өндүрүү тартиби боюнча методикалык колдонмо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу тарабынан иштелип чыгып, жарандык жана экономикалык иштерди караган Кыргыз Республикасынын сотторунун судьяларына арналган.


Сот адилеттигин ишке ашыруу-бул олуттуу мамлекеттик каржылоону талап кылган иш. Сот тутумун күтүүгө жана анын ишин мыйзам менен камсыз кылууга кеткен чыгымдардын ордун мамлекетке толтуруу үчүн айрым чыгымдар сотко кайрылган жарандарга жүктөлөт. Сотторду каржылоо төлөнгөн мамлекеттик алымдан көз каранды эмес.


Мында тараптардын доонун баасын, төлөнгөн мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоосунун тууралыгын текшерүү, ошондой эле соттук чыгымдар менен байланышкан башка маселелерди чечүү соттун милдети болуп саналат. Буга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун “Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жарандык, экономикалык жана административдик иштерди кароодо мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарды колдонуунун айрым маселелери жөнүндө” 2020-жылдын 29-майындагы № 9 Токтомунда көңүл бурулган.


Методикалык колдонмодо жарандык иштерди кароодо мамлекеттик алымды эсептөөнүн тартиби жана техникасы, анын ичинде доо арыздарды (арыздарды), апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн тууралыгын аныктоо, ошондой эле биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун чечимдерин чыгарууда алымды төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү жана ордун толтуруу, жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда алымды бюджеттен кайтарып берүү маселелери кеңири каралат.


Ошондой эле колдонмодо башка соттук чыгымдардын түрлөрү, анын ичинде өкүлдүн кызматына акы төлөөгө кеткен чыгымдар, экспертиза жүргүзүүгө, жеринде кароо жүргүзүүгө байланышкан ж.б. чыгымдардын түрлөрү толук талданат.


Берилген колдонмодо жарандык иштердин айрым категориялары боюнча соттук чыгымдарды аныктоодо соттор тарабынан кетирилген типтүү каталар талданып, практикалык мисалдар келтирилген.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...