KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда медиацияны өнүктүрүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү

24 марта 2026

Ысык-Көл облустук сотунда жана Каракол шаардык сотунда медиаторлор менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага аталган соттордун төрагалары, судьялары жана Ысык-Көл облусунун медиаторлору катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык жана башка талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте чечүүдө медиация институтунун ролу жана мааниси талкууланды. Катышуучулар медиаторлор менен соттордун өз ара кызматташуусун күчөтүү, талаштарды ыкчам жана натыйжалуу чечүү жолдорун өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев өз сөзүндө медиациянын коомдогу ордуна токтолуп, анын артыкчылыктарын белгиледи: «Медиация — бул талаш-тартыштарды тынч жана өз ара түшүнүшүү аркылуу чечүүнүн эффективдүү жолу. Бул механизм жарандардын убактысын үнөмдөп гана тим болбостон, алардын ортосундагы мамилелерди сактап калууга да өбөлгө түзөт», — деди төрага.


Ошондой эле ал соттор менен медиаторлордун кызматташуусу мындан ары да чыңдалышы керектигин кошумчалады: «Биздин негизги максат — жарандар үчүн жеткиликтүү жана акыйкаттуу сот адилеттигин камсыз кылуу. Бул багытта медиация институту маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан медиаторлор менен тыгыз иш алып баруу — учур талабы», — деп белгиледи Нуркалый Асанбаев.


Мындан тышкары медиацияны колдонуу тажрыйбасын кеңейтүү, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо альтернативдүү ыкмаларды жайылтуу боюнча сунуштар айтылды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медиация институтун мындан ары да өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу багытында биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Видео-блок

Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?
М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...