Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин жетекчилиги алдында Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова, Ысык-Көл облусундагы райондук мамлекеттик администрациялардын, шаар мэрлеринин, айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык филиалдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзамдын талаптары, ошондой эле административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун ченемдери кеңири талкууланды.
Иш-чаранын негизги максаты — мыйзам талаптарын туура жана бирдиктүү колдонуу, практикалык маселелер боюнча түшүндүрмө берүү жана мамлекеттик органдарга усулдук жардам көрсөтүү болуп саналат.
Катышуучулар тарабынан кызматтык ишмердүүлүккө байланыштуу бир катар суроолор көтөрүлүп, алар боюнча кеңири түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилди.
Нуркалый Асанбаев мыйзамдардын талаптарын так жана бирдей колдонуу жарандардын укуктарын коргоонун негизги кепилдиги экендигин айтты. Административдик жол-жоболорду сапаттуу жүргүзүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатып, коомдун сот адилеттигине жана мамлекеттик органдарына болгон ишенимин бекемдейт.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар иш процессинде жаралган суроолор боюнча тиешелүү усулдук жардам алышты.
Мындай форматтагы жолугушуулар мамлекеттик органдардын ишинде мыйзамдуулукту бекемдөөгө, административдик жол-жоболорду бирдиктүү жана сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.

