2025-жылдын 10-июнунда Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык сотунун Пленумунун жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Соттун жетекчилигин шайлоо өтүп, Соттун жаңы мүчөлөрү салтанаттуу түрдө ант беришти.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин аталган соттун жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү болгон эмес. Жетекчиликке жаңы шайлоо мөөнөтү келгендигине байланыштуу, КМШнын Экономикалык сотунун Пленумунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Соттун жетекчилигин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аталышынын алфавиттик тартибине ылайык ротация жолу менен дайындоо тууралуу сунуш киргизген.
Аталган сунуш боюнча, Беларусь Республикасынын төрагалык кылуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, КМШнын Экономикалык сотунун Төрагалыгына Казакстан Республикасынын талапкери көрсөтүлдү. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан КМШнын Экономикалык сотунун Төрагасынын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Айбек Абубакирович Давлетовдун талапкерлиги сунушталды.
Жыйынтыгында, эл аралык дипломатиялык соттук ишмердүүлүктүн алкагында КМШнын Экономикалык сотунун Төрагасы болуп Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Нурбаев Герман Каримович шайланды.
КМШнын Экономикалык сотунун Төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, КМШнын Экономикалык сотунун судьясы Давлетов Айбек Абубакирович шайланды.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө КМШнын Экономикалык сотунун жаңы мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Чаргынова Тургсунгул Толепековна жана Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Нурбаев Герман Каримович расмий түрдө ант беришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери кесиптештеринин жетишкендигине чын жүрөктөн кубанып, аларды куттуктап, Кыргыз Республикасынын намысын эл аралык аренада татыктуу деңгээлде коргой беришин каалайт.