KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрүштү

11 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын  орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль  Бакирова жана Шералы Камчыбеков, ошондой эле облустук соттордун жетекчилеринин катышуусунда онлайн-кеңешме өттү.


Кеңешменин алкагында эки негизги маселе каралды: жергиликтүү сотторго практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле сот  адилеттигин  жүзөгө ашыруудагы актуалдуу маселелерди аныктап, аларды кызыкдар  болгон мамлекеттик органдардын катышуусунда Жогорку соттун аянтчасында талкуулоо.


Биринчи маселенин жүрүшүндө жергиликтүү соттор тарабынан мурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат угулду. Жогорку соттун жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде региондорго практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү үчүн судьялар аныкталды.


Эске салсак, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактардагы иш сапарларынын алкагында иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу кароо, соттук актыларды аткаруу, эсеп-статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү, ошондой эле “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасынын натыйжалуу иштөөсү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурган. Ушул максатта биринчи жана экинчи инстанциядагы сотторго практикалык-методикалык жардам көрсөтүү демилгеси көтөрүлүп, быйыл февраль айында аппеляциялык инстанциядагы судьялар тарабынан, ал эми ушул айда Жогорку соттун судьялары тарабынан ишке ашырылууда.


Экинчи маселе боюнча, жогорку сот органынын төрага орун басарлары соттордун ишинде жаңы сапаттык деңгээлге өтүүнүн маанилүүлүгүн жана сот системасы менен башка мамлекеттик органдардын ортосунда ачык, конструктивдүү диалогду өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти. Судьялардын аймактардагы иш сапарынын жыйынтыгында сот адилеттүүлүгүнө  байланышкан көйгөйлөрдү конференцияларда, тегерек столдордо жана башка иш-чараларда талкуулоо сунушталды.


Видео-блок

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм
Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...