Бүгүн, 2022-жылдын 9-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн жумушчу топтордун бир катар мүчөлөрүнө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына талдоо жүргүзгөндүгү үчүн Алкыш жарыялады.
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Алкышы менен төмөндөгүлөр сыйланышты:
— «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси, жумушчу топтун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү – Шабданов Радик Раимбековичке;
— «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү — Даутов Ялкун Умержанович;
— журналист, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү — Аркабаев Номанжан Акматович;
— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги — Шабданов Медер Тагайбекович;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын соттук статистиканы анализдөө секторунун башчысы – Жаныбек уулу Адиль;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин соттук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы — Мойноков Максат Жаныбекович;
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык өкүлү — Илипаев Руслан Дюшенбекович.
Төрага аталган кеңештин мүчөлөрүнө иштеринде ийгиликтерди каалады.
Иш чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, төраганын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев жана Кадрлар жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Аида Манжиева катышышты.