KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен ыкчам онлайн кеңешме өткөрдү

04 июля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видеоконференц байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрүп, Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүштү талкуулады.


Төрага мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын жана сот системасы да четте калбасын дагы бир жолу эскертти.


«Сот системасында жеке кызыкчылыгы бар судьяларга орун жок деген бир нече жолу эскерткениме, тилекке каршы, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат.


Мен дагы бир жолу эскертип коеюн, укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана өзүн булганган судьялардан арылуу боюнча иш-аракеттерди мен Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм», — деп билдирди Замирбек Базарбеков.


Эгер соттор арасында  пара менен кармалып, коррупцияга жол берип жаткан көрүнүштөр болсо, мындай судьяларга жана аппарат кызматкерлерине катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтты.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...