KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: "Соттордун ишинде катачылык болбошу керек"

04 августа 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 4-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков төраганын орун басарларынын,  Сот департаментинин жана Жогорку соттун Аппаратынын жетекчилигинин катышуусунда жергиликтүү соттордун төрагалары менен видеоконференция аркылуу кеңешме өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы сот реформасынын үчүнчү этабы жүрүп жатканын, анда сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырууга, анын ичинде иштерди өз убагында кароого негизги басым жасала турганын баса белгиледи.


Ошону менен бирге төрага иш аракеттерин мыйзамдардын чегинде так жүргүзүлүшүн, эмгек жана аткаруу тартибин сактоону, сот чечимдеринин аткарылышына соттук көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.


Ошондой эле басма сөз катчылары институту маанилүү роль ойноп жаткан сот тутумунун ишмердүүлүгү тууралуу калкка маалымдоо иштерин активдештирүү тапшырылды.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...