KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттордун төрагаларынын катышуусунда жыйын өттү

03 февраля 2026

Жергиликтүү соттордун төрагаларынын катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Иш-чара сот тутумундагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга багытталды.


Жыйындын жүрүшүндө Административдик жана Жарандык процесстик кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кеңири жана кызуу талкуу жүргүзүлдү. Катышуучулар мыйзамдардагы жаңы талаптарды практикалык колдонуу, сот өндүрүшүндө процесстик мөөнөттөрдү сактоо жана тараптардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун талаптарын так сактоо зарылдыгы белгиленди. Бул багытта мамлекеттик тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү маселелери талкууланды.


Жыйынтыгында сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга, жарандардын сотко болгон ишенимин арттырууга жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар тапшырмалар жергиликтүү соттордун төрагаларына жана судьяларына берилди.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев 2026-жылга карата Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев тарабынан белгиленген негизги тапшырмалар тууралуу маалымат берди. Анын ичинде соттордун техникалык жабдылышын жакшыртуу, санариптик технологияларды кеңири колдонуу, ошондой эле процесстик кодекстердин талаптарын так сактоо менен сот отурумдарынын жүрүшүн онлайн трансляциялоо маселелери каралды.


Ошондой эле, аймактардагы сот имараттарын куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшү, материалдык-техникалык базаны бекемдөө жана кызматкерлер үчүн иш шарттарын жакшыртуу маселелери боюнча да маалымат берилди.


Видео-блок

Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти
“Ар бир судьянын үстүнөн түшкөн арыздар дыккат каралышы керек!” М. Сатыев Судьялар кеңе...
"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...
М.Сатыев: "Областтык соттун төрагалары ар бир судьяңар үчүн жооп бересиңер!" Кеңейтилге...
Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...