KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку Соттун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

30 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик кызмат орундардын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт.


 


Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:


 


—  өзүнүн арызы;


— резюме (электрондук почтаны  жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);


— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;


— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);


— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;


— паспорттун көчүрмөсү.


 


Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-октябры саат 17.30га чейин жүргүзүлөт.


 


Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.


 



  1. Административдик кызмат орундардын улук тобуна (юриспруденция багытында)


 


-жогорку юридикалык билим;


— жалпысынан  1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;


 


-төмөнкүлөрдү билүү:


 



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  6. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”;

  7. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

  9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

  10. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  11. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  12. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;

  13. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;

  14. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин;

  15. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;

  16. “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  17. “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  18. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2022-жылдын 28-июлундагы №14 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү сотторунда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” Нускамасы;

  19. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты жөнүндө” Жобосу;

  20. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын м.а. 2024-жылдын 20-декабрындагы № 154-буйругу менен бекитилген кызматтык көрсөтмөсү;

  21. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

  22. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;

  23. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда кабыл алынган токтомдору;

  24. Кыргыз Республикасынын Административдик кодекси;

  25. Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодекси;

  26. “Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  27. “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  28. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти;

  29. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругу менен бекитилген “Статистикалык отчёттордун формалары”;

  30. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты жөнүндө” Жобосу;

  31. “Тышкы иштер миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  32. “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

  33. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  34. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  35. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  36. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  37. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри”;


38.“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу;



  1. “Иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосу;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


Билгичтиги:


 


— маалыматты жайноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;


— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.


— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;


— командада иштөө;


 Көндүмдөрү:


 


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;


— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугу болушу.


— жетекчинин тапшырмаларын ыкчам аткаруу.


 



  1. Административдик кызмат орундардын улук тобуна (журналист жана оператор-монтажер багыттарында)


 


— журналиска, филология, юридикалык жана эл аралык катнаш, маалымат системалар жана технологиялар тармагында жогорку билим;


— оператор — монтажер тармагында жогорку билим;


— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;


 



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы


4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;



  1. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  2. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”;

  3. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  4. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин;

  8. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  10. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  11. “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  12. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын м.а. 2024-жылдын 20-декабрындагы № 154 буйругу менен бекитилген кызматтык көрсөтмөсү;


-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл богон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 



  • Билгичтиги:


 


— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;


— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


— элдин алдында сүйлөө;


— пресс-релиз, макала жана башка өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде тийиштүү материалдарды даярдап массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо;


— жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу;


— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө;


— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;


— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;


— мамлекеттик тилден расмий тилине которуу жана кайрадан расмий тилинен мамлекеттик тилине которуу;


— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;


— компьютердик жана социалдык тармактардагы иштөөнү билүү: (маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо, Интернет, эл.дарек ж. б.).


 


 Көндүмдөрү:


 


— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.


— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


— сапаттуу видеолорду тартуу жана монтаждоо;


— социалдык жана анимациялык роликтерди жасоо;


— телесюжет, атайын репортаж, бокс монтаждоо;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-борборун техникалык жактан тейлөө;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтын иштетүү (материалдарды жарыялоо, видеоматериалдарды жүктөө жана маалыматтарды социалдык тармактарга таркатуу);


ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;


— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде аналитикалык макалаларды даярдоо;


— коммуникациялык стратегиянын жана медиа пландын аткарылышын көзөмөлдөө;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугу болушу;


— ММКлардагы маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана жалпылоо.


 



  1. Административдик кызмат орундардын улук тобуна (маалымат — технологиялар багытындагы)


 


— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш жаатында же чектеш облустарда жогорку техникалык билим же болбосо юридикалык жогорку билим;


— жалпысынан  1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;


-төмөнкүлөрдү билүү:


 



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  6. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”;

  7. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  8. 8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

  9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  10. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

  12. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  13. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;


11.“Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;



  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №762-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо” Талаптары;

  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын 31-декабрындагы “Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” №744-токтому;

  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын 2016-жылдын 30-декабрындагы №233-буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда отурумдарды жана соттук актыларды жарыялоо тартиби жөнүндө” Жобо;

  4. «Суд» Автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» Жобо;

  5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндө” Жобо;

  6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын м.а. 2024-жылдын 20-декабрындагы №154-буйругу менен бекитилген кызматтык көрсөтмөсү;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


Билгичтиги:


 


-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо;


-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;


-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;


— чоң маалымат массивдери менен иштөөнү билүү, иштеп чыгуу жана жаңы маалыматтарды түзүү;


— МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук актыларды билүү


 


Көндүмдөрү:


 


-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;


-ишти пландоо  жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;


-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;


-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашуу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугу;


-жергиликтүү аймактарды жана домен  архитектурасын куруу;


-техникалык жана эсепке алуу документтерин жүргүзүү;


-жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу.


 



  1. Административдик кызмат орундардын улук тобуна (экономикалык багытындагы)


 


-жогорку экономикалык жана бухгалтердик эсеп талдоо боюнча жогорку билим;


жалпысынан  1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;


 


-төмөнкүлөрдү билүү:


 



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;


3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;


4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;



  1. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  2. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”;

  3. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;

  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;

  6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын этика кодекси;

  8. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  9. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

  10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

  11. “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  12. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  13. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты жөнүндө” Жобосу;

  14. 1C: Ишкана 8.2 версиясындагы программасы;

  15. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын м.а. 2024-жылдын 20-декабрындагы № 154-буйругу менен бекитилген кызматтык көрсөтмөсү;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


 


 


Билгичтиги:


 


-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо;


-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жан чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;


-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.


 


Көндүмдөрү:


 


-ченемдик  укуктук  актылар  менен  иштөө  жана аларды тажрыйбада колдонуу;


-ишти пландоо  жана  жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;


-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;


-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугу болушу;


-жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу.


 


Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат.


Ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик вакансиялар порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө бере алышат.


Өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.


 


Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот:          0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү).


 


 


 


Видео-блок

Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз
Форум судей: Конституция гарантирует право на благоприятную окружающую среду
Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара болуп өттү
Медербек Сатыев: Мамлекеттик тил — улуттук биримдиктин негизи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...