Жүгү оор тармактагы негизги фигуралардын бири Нургүл Жакыповна менен бул сапар да журналисттик тилектин ыңгайы келгендиктен маектешүү буйруду. Жасалмалыктан качып, жандуу маанайда уланган биздин маекте каарманыбыздын үй-бүлөлүк жашоосу, сот тутуму, депутаттыкка аттанаар-аттанбасы, илимий ишинен тарта диний ишеними, каада-салтка болгон көз-караштарынын бардыгын суроого үлгүрдүм. Эмесе, бул жагын эл бааласын!
— Нургүл Жакыповна, эр ортону элүү жаштан өткөн соң турмушка, өзгөчө үй-бүлөгө карата көз-караш кандай нукка өзгөрөт экен? Жаш өйдөлөгөн сайын карьера баштаган көрпенделик түшүнүктөр эмес, үй-бүлөлүк баалуулуктар башкы планга чыгат бекен? Же сизде мындай өзгөчөлүктөр байкалбадыбы? Л.Толстойдун “Адам үй-бүлөдө гана бактылуу боло алат” деген учкул кеби канча жаштан тарта өзгөчө мааниге ээ болорун аңдадыңыз?
— Абдан туура суроо. Бир эседен ойлондура турган, өткөн-кеткен убактыңа саресеп салып, элүү жашка чейинки жана элүүдөн кийинки тагдырыңа көз чаптырчу собол экен. Эр ортону куракка келгенче окуу, карьера, үй-бүлө куруу өңдүү баалуулуктардын бардыгына жаштык жигер менен убагында жетишиптирмин. Бул жагынан маңдайга жазган тагдырыма тобо кылып, Жаратканга миң ирет ыраазычылык билдирем. Азыр балдарымдын алды 30га келип калды. Жолдошум экөөбүз небере артынан небере күткөн бактылуу курактабыз. Кезегинде үй-бүлө менен жумушумду бирдей алып кеткенге үлгүргөнүмө бир эседен азыр таңгалып да коем.
Аял кишинин мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтан ийгиликтүү карьера жасоосуна үй-бүлөң өбөк-жөлөк, өмүрлүк жолдошуң арка-бел болбосо, кыйын эле болот. Ушул куракта жумуштан чарчап кайтканда неберемдин күн сайын бирден кылыктары менен таттуу күлкүсүн көргөндө бүтүн дүйнөнү унутуп, алтургай үйгө келгенде соттук бет пардамды сыйрып салып алар менен бала болуп кошо ойноп кетем. Жаш куракта жумуштун артынан түшүп жүрө берип, балдарымдын кантип чоңойгонун деле билбей, наристелердин бал жытына магдырап “мас болбоптурмун”. Жаш өйдөлөгөн сайын наристелериңдин таттуулугу ушунчалык билинет тура. Мен үй-бүлөлүк очогумдун алтын түркүгүн бекемдешти башкы баалуулук, жашоомдогу айныгыс алтын эреже катары билем. Кызматыма же даражама карабай жашоодогу негизги өзөгүм болгон кайын журтумдун алдында келиндик милдетимди аркалап, жолдошума татыктуу жар, алтын апам менен бир туугандарымдын сыймыгы болуштан, балдарыма асыл энелик вазыйпамды аркалаштан, буга удаа сүйгөн жумушумду кошо алып, элибизге эмгек кылыштан Жараткан айырбашын тиленем. Жашоо образымда үй-бүлөм менен сүйгөн жумушума карата мындан башкача деле боло албайм…
— Сот тутумунда сизчелик бардык тепкичтерди ийгиликтүү басып, бай тажрыйбага ээ болгондор саналуу экенин ашынган душмандарыңыз деле танбаса керек. Практикалык бийик тажрыйбаңызды илим менен айкалыштыруу планыңызда барбы? Же кыргыз чиновниктерине мүнөздүү болгон пенсияга чыккан соң бул тармакка биротоло сүңгүп кирүүнү максат кылдыңызбы?
— Эмгек жолумдагы алгачкы чыйырымды прокуратура тармагынан баштагам. Быйыл ал чыйырымдын башталганына 30 жыл толду. Бул аралыкта бир топ жылдар билим берүү тармагында, ал эми 2003-жылдан бери сот тутумунда иштеп келатам. Канчалык бийик тажрыйбага ээ болгон күндө деле билим алуу, өзүңдүн үстүңдөн ар убак иштөө өңдүү сапаттарды унутта калтыруу болбойт. Ааламдашуунун мындай жараянынан мен деле калбаганга аракет кылам. Студенттер менен баарлашып, аларга лекция окуп туруу ишимдеги айныгыс эрежелеримдин бири. Өлкөбүздөгү сот системасы, тармактагы оош-кыйыш реформалар, Баш мыйзамдагы сот тармагынын күңгөй-тескей беренелери, андагы ийгиликтер менен тарыхы, мыйзамдардын өзгөрүшү боюнча “Сот реформасынын Конституциялык укук көйгөйлөрү” аталышындагы юридика илимдеринен кандидаттык ишимди 2021-жылы ийгиликтүү коргоп алдым. Кудай буюрса илимдеги изги ишимди муну менен токтотпой, алдыда докторлук диссертациямды ийгиликтүү коргоп алуу максаты турат. Андыктан, эжең пенсияга чыккан күндө деле “жөн отурбайт”. Илим менен алпурушуу, теория менен практика айкалышкан бийик тажрыйбамдын арты менен шакирттерди даярдоо машакаты күтүп турат…
— Карьера, илимий иш, эл кызматында жүргөн айым катары салт-санаадан, айрыкча, кыргыздын аялдарына таандык “жазылбаган эрежелер” менен диний баалуулуктарга, шарияттын алтын эрежелерине канчалык деңгээлде жакынсыз?
— Дин өтө этияттыкты талап кылган тема. Мен салттуу диндин жактоочусумун. Ал эми ырым-жырым, каада-салт, үрп-адат жагынан кыргыздын өзүнө таандык тарбиялык мааниси зор, чоң философияга ээ аябагандай сонун, кайталангыс баалуулуктарыбыз бар. Биз ушундай ченебеген зор баалуулуктарыбызды адеп жайылтып алалычы. Өзгөчө жаштарыбыздын арасына… Мен ар убак кыргыз болуп жаралганыма Жаратканга шүгүр келтирем. Элибиздин бир эле макалы эмне деген философияны камтыйт! Бүтүн дүйнөнү кыдырып, ар бир мамлекеттин өзүнө таандык улуттук салтынан аз да болсо кабардар болдум. Ал эми эч бир элдикине окшобогон жентек тойдон баштап, тушоо той, сүннөткө отургузуу, алтургай маркумду узатууга чейинки кыргыздын көөнөрбөс баалуулуктары менен салт-санаасы, улуттук кийимдерибиз менен оюндарыбыздын философиясы баары бир өзгөчө орунда турганына жашың өйдөлөгөн сайын ынанасың. Бизди улут катары, кыргыз катары сактап келген ушундай көөнөрбөс салттарыбызды муундан-муун алмашкан келечектеги урпактарыбызга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдетибиз деп эсептейм.
— Жогорку Соттун тарыхында тармактын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алган канчанчы жетекчиси болдуңуз?
— Жогорку Соттун 100 жылдык бай тарыхында тармакты жалпы 29 жетекчи башкарса, анын ичинен аялдардын арасынан жүгү оор сот тутумун башкарган жетинчи төрайымдык милдет менин маңдайыма энчилениптир. Бул жагы да тагдыр-ташпишиме Жараткандан ыроолонгон өзгөчө бир жышаан деп койсом болот.
— Сиздин ишиңизге байланыштуу бир фактыны так билем. Өлкө ичиндеги, дегеле алыс-жакынкы мамлекеттерге жасаган иш-сапарларыңыздагы окуган доклад, баяндамаларыңыздын мазмуну так, кызыктуу маалыматтарга ширелишет. Андай аналитикалык багыттагы баяндамаларыңызды даярдоого бирөө-жарым көмөкчү болобу? Же өзүңүздүн мээнет астында даярдалабы?
— Алыс-жакынкы мамлекеттерге болгон жумушчу сапарларга албетте, атайын даярдалган докладдарым менен барам. Андай докладдарды даярдоодо сот тармагындагы иштеген бийик тажрыйбаң “жардамга келет”. АКШ, Кытай, Индия, Германия, Франция баштаган дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө болгон сапарларым күнү-түнү даярдалган доклад, баяндамалар менен коштолот. Журналисттик кылып андай жүрүштөрүмдүн бардыгын алаканга салгандай байкап жүргөнүңө бир эсе кубандым. Кандай доклад же өзүң айткандай өзөгүнө көп маалыматтар ширелишкен баяндамалар болсун алардын жазылышы менен мазмунуна өзүмө таандык “стилим” менен фактыларды кынаптап, даярданам. Бул жагына абдан дыкаттык менен көңүл бураарымды кесиптештерим абдан жакшы билишет. Буга удаа сөз, ушул тапта чет өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен эл аралык алакаларыбыз жаңы сапаттарга көтөрүлүп, тажрыйба алмашуу, адистик деңгээлди жогорулатуу боюнча атайын окуулар да уюштурулууда. Сөз ыңгайы келгенде тармактагы ушуга окшогон изги иштерди адилеттүүлүк үчүн айтып коюш абзел.
— Өзүңүз билгендей, алдыдагы парламенттик шайлоонун эрежеси кызуу талкууланып, бул жолку жарышта айымдарга жакшы артыкчылыктар каралууда. Күтүлүп жаткан парламенттик жарышта депутаттыкка ат салышуу кыялыңызда барбы?..
— Мен үчүн күтүүсүз, бир эседен ойлондура турган собол экен. Өмүрүмдүн көп бөлүгүн мен сот тармагына арнадым. Жогорку Соттун төрайымдыгына чейин жеттим. Азыр да алдымда эл камы үчүн иштей турган кызматым бар. Мындай шартта мыйзам чыгаруу органына барып иштеп, шайлоого катыша калайын деген азырынча оюм жок. Аныгында Парламенттин курамы мен барбаган күндө деле күчтүү юристтер менен экономисттерден куралса, мыйзам чыгаруу иши үчүн алды утуш болмок… Ооба, буга дейре Парламентте аялдардын квотасы сакталбай, Жогорку Кеңеште өтө аз сандагы айымдардын курамы болгон учурларды көргөнбүз. Жаңы сунушталып жаткан шайлоо тууралуу мыйзамда аялдарга абдан жакшы артыкчылыктар каралганынан кабардар болдум. Айымдарга дал бүгүнкүдөй мамлекет тарабынан артыкчылык же колдоо болбосо, алардын мыйзам чыгаруу ишине келиши кыйын болуп калаарын буга чейинки тарыхыбызда көрдүк. Андыктан, сунушталган шайлоо боюнча мыйзам долбоорунда аялдарга каралган артыкчылык колдоого арзыйт.
Калыгул Бейшекеев