Тогуз-Торо райондук соту мындан 30 жыл мурда курулган. Эскилиги жеткен, бөлмөлөрү тар болгондугуна байланыштуу сот отурумдарын өткөрүүдө кыйла эле ыңгайсыздыктар бар. Ушундан улам, жаңы имарат куруу маселеси жыл сайын көтөрүлүп келген эле. Ал көйгөйлүү маселе быйылкы жылы чечилип отурат. Буюрса, райондук соттун жалпы аппараты эмки жылдын жаз айларында эки кабаттуу, ыңгайлуу имаратка киришет.
Тогуз –Торо райондук сотунун жаңы имараты үчүн мамлекеттен 26 миллион сом бөлүнүп берилип, курулуш иштери жаңыдан башталып жатат. Жаңы имараттын фундаментине капсула салууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана Жогорку соттун алдындагы сот департаменти башкармасынын башчысы Рустам Ибраимов катышышты. Имараттын пайдубалы бекем болуп, келечекке кызмат кылсын деген тилектерин билдиришти.
Жогорку соттун төрайымы салтанатка келишкен жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, сот тармагындагы реформанын тегерегинде кеңири пикир алышты.
Эскерте кетсек, быйылкы жылда алыскы аймактардагы эскилиги жеткен сот имараттарын жаңылоо багытындагы иштердин бул курулуш экинчиси болуп калды. Буга чейин ушул жылы Чаткал райондук соту да жаңы имаратка көчүрүлгөн.