KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Зомбулукка кабылган майып аялдар жабыркагандардын өзгөчө аялуу категориясы – судья Бекишова

27 мая 2025

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон майып аялдар, жабыркагандардын өзгөчө аялуу категориясы болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунун судьясы Махабат Бекишова билдирди.


Анын айтымында, майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук физикалык, психологиялык же сексуалдык формада гана эмес, эксплуатация, камкордуктан ажыратуу, дары-дармектерге же техникалык каражаттарга жетүүгө кыйынчылык жаратуу түрүндө да көрүнүшү мүмкүн.


“Соттор үчүн сот адилеттигинде адилеттүүлүктү жана теңдикти камсыз кылуу үчүн ушул категориядагы аялдардын доо арыздарын берүү жана кароо менен байланышкан өзгөчөлүктөрдү эске алуу маанилүү. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди жарандык сот өндүрүшү тартибинде кароо бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүктөр жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган жана принциптердин сакталуусун талап кылат”, — деди Бекишова.


Мында жалпы принциптер катары дискриминацияга жол бербөө, ак ниеттүүлүк принциби жана соттук териштирүүнүн гумандуу шарттары жана далилдерди баалоого комплекстүү мамиле эсептелет.


Бекишова белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган майып аялдар алардын укуктарын коргоо, зомбулукту токтотуу жана алардын жыргалчылыгын калыбына келтирүү максатында ар кандай доо арыздарды бериши мүмкүн.


Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн томөнкүлөр сотко кайрылуу укугуна ээ:


1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам же анын өкүлү;


2) прокурор;


3) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жашы жете элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адам болсо, балдарды жана адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү.



https://kabar.kg/news/zombulukka-kabylgan-majyp-ayaldar-zhabyrkagandardyn-zgch-ayaluu-kategoriyasy-sudya-bekishova/


Видео-блок

Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...