Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Соттор менен жергиликтүү бийлик органдары жарандардын көйгөйлөрүн биргеликте чечет
20 ноября 2019
“Тарыхсыз эл - тамырсыз эл". Кыргыз сотунун тарыхына көз чаптырма
20 ноября 2019
Жалал-Абад облусунун жергиликтүү соттору жана Бишкек шаарынын райондук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти
18 ноября 2019
К.Бокоев ОБСЕ өкүлдөрү менен жолугушту
18 ноября 2019
2019-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаардык сотунун судьялары Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучулары менен биргеликте укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Т. Сатылганов атындагы №69 мектебинде «Бангизаттарга жол жок» деген аталыштагы ачык сабак ɵткɵрүштү. Иш чаранын алкагында бангизаттын зыяндуулугун чагылдырган тематикалык кино кɵрсɵтүлдү. Ал эми окуучулар тарабынан бангизаттын зыяндуулугун чагылдырган сценкалар коюулуп,   талкуу жүргүзүлдү. Судья Ж.Сабитова жана юридикалык илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучусу Н. Сопубекова бангизатты колдонуунун зыяндуулугун, анын кейиштүү кесепеттерин айтып беришти. Мындан тышкары,  соттук практикада кездешкен жашы жете элек ɵспүрүмдɵр тарабынан жасалган бангизатка байланыштуу кылмыштуулук жана алардын жоопкерчиликке тартылышын  айтып беришти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде каралган бангизатты мыйзамсыз колдонууда жоопкерчиликке тартууну камтыган беренелерди түшүндүрүп беришти. Ачык сабактын жыйынтыгында окуучуларга атайын даярдалган «Мен жашоону тандайм!» «Бангизатка ЖОЛ ЖОК!»  деген аталыштагы китепчелер ыйгарылды.                                                                        Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы                                                                                        А.Т. Жаасынова
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 11-январындагы №1 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентине ылайык Нарын облустук  сотунун төрагасын жана төраганын орун  басарларын шайлоо боюнча 2019-жылдын 15-ноябрындагы облустук соттун судьяларынын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен Нарын облустук сотунун төрайымы болуп  Дуйшенбекова Майрагүл Мырзабековна шайланды. Ал эми   Нарын облустук сотунун  төрайымынын орун басары-жазык жана жорук иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы болуп судья  Койломбаев Азамат Ишимбекович, жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымдыгына судья Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна жана Нарын облустук  сотунун  төрайымынын орун басары — экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагалыгына судья Бакиров  Кайридин Бакирович шайланышты. Дуйшенбекова Майрагүл Мырзабековна 1971-жылы Талас облусунун Манас районунун Арал айлында туулган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15–июнундагы Жарлыгы менен Нарын облустук сотунун судьясы болуп дайындалган. 2017-жылдын апрель айынан бери Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп  иштеп келген.
Натыйжалуу өзгөрүү Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу” Президент Сооронбай Жээнбековдун эки жылдык ишмердигиндеги жетишкендиктеринин бири бул сот тармагын реформалоо болду. Анткени Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары союз кезинде иштелип чыккандыктан учурда коомдун талабына жараша өзгөрүүлөргө муктаж болгон. Ал эми бул тармакты санариптештирүү жарандарга чечимдердин ачык-айкын болуусун камсыздады. Сот тармагындагы мындай өзгөрүүнү коомчулук күткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин демилгеси менен 2019-жылдан тартып 5 кодекс менен 2 мыйзам, тактап айтканда, соттук-укуктук реформанын алкагында Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Бузуулар тууралуу кодекс жана «Пробация жөнүндө», “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирип, учурда сот өндүрүшүндө кабыл алынган мыйзам актылары колдонулууда. Жаңы кодекстер менен мыйзамдардын кабыл алынышы бул тармактагы айрым жагдайларды жеңилдетти. Алсак, мурда айыптоочуга көбүрөөк укук берилсе, реформалоодон кийин коргоочу менен айыптоочунун укугу теңдештирилди жана буга чейин Жазык-процесстик кодексинде 441 статья болсо, эми жаңы кодекс боюнча 535 статья, ошондой эле жаңы институт болуп кирген тергөө судьясы 43 статьяны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми сот тармагын санариптештирүүнүн алкагында сот залдарында орнотулган видео камералар менен аудио үн жаздыргычтар сот өндүрүшүнүн ачык-айкын болуусун шарттап, коррупциянын алдын алууга ыңгайлуу жагдай жаралды. Жаңы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралып, аларга бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Эске салсак, буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева соттук реформанын алкагында соттордо автоматташтырылган маалымат системасынын киргизилиши соттордун ишмердүүлүгүн бир кыйла жеңилдеткенин, сотторду автоматташтыруу жана маалыматташтыруу маанилүү экендигин белгилеген. КРнын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш ТОКБАЕВА: “Электрондук сот өндүрүшү бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт” – Электрондук сот өндүрүшүн сот системасына киргизүү сот тармагын реформалоодогу багыттардын бири болуп эсептелет. Эл аралык донорлордун жардамы менен учурда бул багытта бир топ иштер аткарылды. Долбоор боюнча алгач үч пилоттук сотто, Аламүдүн, Свердлов райондук сотунда, ошондой эле Бишкек шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүшү кирди. Тактап айтканда, сотко келип түшкөн бардык материалдар атайын сканерден өткөрүлүп, электрондук иш түзүлөт. Сот отуруму учурунда жагдай боюнча кошумча материалдар келип түшсө, ал да электрондук форматка өтүп, соттук акт кабыл алынып, аткарылганга чейин иш электрондук негизде жүргүзүлөт. Электрондук сот өндүрүшү, биринчиден, иштин жүзөгө ашуусун жогорулатат жана мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Жогорку сотко заманбап технологияны колдонууну киргизгенбиз. Ал технология бизге түшкөн иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрөт, тактап айтканда, бизге келип түшкөн ар бир ишти автомат судьяларга бөлүштүрөт. Буга чейин бул функцияны төраганын жардамчылары аткарып, кол менен жазып, соттук курамды аныктап, бөлүштүрүшчү. Ал эми карала турган иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү сотторго болгон жүктөмдү жөнгө салат жана судьяларга тегиз бөлүнүп, натыйжада субъективдүүлүк чектелет. Тиги же бул судьяга берилсин деген тандоо болбойт. Муну менен иштерди объективдүү кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Соттук иштердин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында sоt.kg жана akt.sot.kg деген сайттар ишке киргизилген. Сайтка соттук иштер, аларды кароо мөөнөтү жөнүндө маалыматтар жана кабыл алынган соттук актылар чыгып турат. Сот системасында мындай тажрыйбаны колдонуу судьялардын соттук актыларды кароодогу жоопкерчилигин жогорулатып, иштин сапаттуулугуна өбөлгө болот.  КР Жогорку сотунун судьясы Качыке ЭСЕНКАНОВ: “Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу болду”  — Соттук-укуктук реформанын негизинде 2019-жылдын 1-январынан баштап  5 кодекс  жана 2 мыйзам күчүнө кирди. Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу, жазык-процессин азыркы эл аралык талапка жараша жаңылатуу болду. Мына ушул жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер менен иштеп келе жатабыз. Бул мыйзамдарды иштетүү боюнча айта турган болсом, 2019-жылдын 1-январына чейин жасалган кылмыштар эски кодекс менен, ал эми 1-январдан кийинкилери жаңы кодекстин негизинде каралат. Кодекстердеги бир топ нормалар жаңыланды, айрымдары мурдагыдай калды. Кээ бир жоболор жаңыча өзгөртүлдү. Мисалы, Жазык-процессинде эки гана стадия болот. Сотко чейинки өндүрүш, анан соттон кийинки өндүрүш. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл коюлуп, тергөө стадиясына көзөмөл күчөтүлдү. Сот стадиясында дагы тараптарды жараштыра турган жаңы нормалар киргизилген. Мындан тышкары күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташам десе, андай процедурага дагы жол берилген. Жаңы кодекстерде коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт кое турган жагдайлар жаралып, ар бир сот отуруму эми жазылып турат, тараптардын катышуусу кеңейтилди. Айта турган болсок, баш коргоо чарасы каралганда мурдагы мыйзамдар боюнча тараптар катышчу эмес, азыр тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ал эми атаандаштык процесси деп коет, прокурор коюлган күнөөнү далилдөөгө аракет кылат, жактоо жагы аны жокко чыгаруу аракетин көрөт. Ушулар жаңы жоболор менен толукталды.  
Реформанын күңгөй-тескейи Келерки жылы мамлекетибизде маанилүү саясий окуя болмокчу, кыргыз парламентин шайлайбыз. Парламентке ат салышкан партиялардын электоратты өз жагына тартуунун бирден-бир ыңгайлуу көзүрлөрүнүн бири бул ирет да сот тутуму болоору айдан ачык. Өздөрүнө мындай саясий упай чогултуунун ыкмасын – бирин-экин мисалдар менен бүтүндөй системаны “мокочо “ кылып көрсөтүүгө аракет кылгандарга бөгөт коюуга мезгил келип жеткен сыяктуу. Өлкөбүздүн сот тутумунда башталган реформалар кандай  натыйжаларды берип жатат? Сот тутумунда  (www.sot.kg жана act.sot.kg) сайттары ачылып, ар бир судья караган иштерин сайтка коюуга милдеттендирилген. Интернетке туташкан ар бир жаран өздөрүн кызыктырган сот отурумунун жыйынтыгы, анда кабыл алынган чечим же өкүм менен ошондой эле тигил же бул соттук отурум кайсыл күнгө каралары же жылдырылгандыгы тууралуу да маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү системалуу турмушка ашырылып келет. Бул биринчиден, судьялардын ар бир караган иш боюнча мыйзам чегинде адилеттүү жана калыс чечим чыгарганга шарт түзсө, экинчиден, ал коомчулукта сот адилеттүүлүгүнүн ачык-айкындуулугуна багытталган. Ал эми үчүнчүдөн, аталган сайтка жарыяланган сот актылары айрыкча судьялык корпуста жаңыдан иш баштап жаткан судьялар үчүн сот өндүрүшүндө өз ара тажрыйба алмашуусуна да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканы   белгилүү болуп олтурат. Үстүбүздөгү жылдан баштап, санариптештирүүнүн алкагында   дээрлик бардык соттордо автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилип, сот тутумуна келген доо арыздардан баштап, каралуучу иштерди судьяларга бөлүштүрүү санариптик система аркылуу ишке ашырыла баштады. Дагы бир орчундуу маселе сот тутумундагы ачык айкындуулукту жакшыртуу багытында (аудио жана видео жазуулар) ар бир сот отурумдарынын үнү менен видеосу тиешелүү техникалык каражаттар аркылуу тартылып жазылып, аларды санариптик базада сактоо боюнча иштер башталып жатат. Реформанын талаптарына ылайык, үстүбүздөгү жылдан баштап сот өндүрүшү жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен иш алып барып баштады. Алардын мурдагы кодекстерден жана мыйзамдардан артыкчылыктары менен  кемчиликтери реалдуу турмуш менен аралашканда чыга баштагандыгы, андыктан алар өзгөртүүлөр менен толуктоолорго муктаж экендиги билинди. Биз бул жерден айталы дегенибиз жаңы кодекстердеги айрым мыйзам жылчыктарын пайдалануу менен ири өлчөмдө пара менен кармалгандардын, жаңы ачылган жагдайлар менен жаза мөөнөттөрү кыскарган учурлар кайра эле сот системасына көлөкө түшүрүүдө. Тагыраак айтканда, кайра эле келип “Жакшылыгы Жаанбайда, жамандыгы Мөөнбайда“ деген маселе пайда болуп жатат. Биз сөз кылып жаткан жаңы кодекстер менен мыйзамдар кимдер тарабынан даярдалганын, ал Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан окуудан өтүп жактырылып, тиешелүү процедуралар менен анан сот өндүрүшүнө киргизилгени катардагы карапайым жаранды кызыктырбасы да белгилүү. Кеп жаңы ачылган жагдайлардын аркасы менен жаза мөөнөттөрү кыскарып, же болбосо айып пулдар менен бошоп кетип жаткандардан улам, ошол эле катардагы жарандын түшүнүгүндө сот тармагы “крайний”  болуп жаткандыгында болууда. Укуктук мамлекетти түзүү жана анын принциптерин турмушка ашыруу процесси кайсыл гана өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан алып карабайлы, сот өндүрүшүндөгү кабыл алынган чечимдердин натыйжалары менен да өлчөнүп баа берилет. Ар бир судьянын көз карандысыз, келишпөөчүлүк жана калыстык менен адилеттүү чечим кабыл алуусу дал ошол мыйзам үстөмдүгүнүн эталону катары коомчулукта кабыл алынат. Ал мындан сырткары  укуктук мамлекеттин пайдубалын бекемдөөгө жана  өлкөдө туруктуулукту камсыздоого алып келет. Демек, учурда бийликтин бул бутагына дүңүнөн айтылган дооматтар эмес, конкретүү биргелешкен жардамдар керек! Биргелешкен жардамдар гана келечекте элдин сот тармагына болгон ишенимине алып келет. Кыргыз Туусу Барктабас БЕЛЕКОВ
Жогорку Соттун дареги
Кыргыз Республикасы, 720040,
Бишкек ш. көч, Абдумомунов , 205
Документтик камсыздоо жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
Басма сөз-борбору
(+996 312) 66-32-05
e-mail: pressa@sot.kg