Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Новости

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги – Жогорку соттун  төрайымынын орун басарлары Каныбек Бокоев, Айнаш Токбаева, Нургуль Асанова, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Чынара Садырова жана Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү үчүн Бишкек шаарынын  Ала-Тоо аянтында жайгашкан  2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Эстелигине  гүл  коюшту.
Бишкекте «Кыргызстандагы репрессиянын курмандыктары (1920-1953-жж.)» аттуу 10 томдук китептин бет ачаары болуп өттү. Бул китеп Улуттук коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдрахмановдун көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы. Ал күнөөсүз репрессиялангандардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында аталган китепти жарыкка чыгарган. Бет ачаарда кыска метраждуу фильмдердин конкурсунан жеңүүчү деп табылып, “Эң мыкты кыска метраждуу документалдык фильм” наамын жеңип алган “Ата Бейит” документалдык фильми биринчи жолу чоң экранда көрсөтүлдү. Ошондой эле белгилүү жаш театр жана кино артисттери өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылгандардын жашоосунан театралдаштырылган сценка тартуулашты. Трагедиялуу кадрлар жана сценкалар көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгоп, көздөрүнөн жаш агызды. Сөз сүйлөгөн коомдук жана саясий ишмерлер НКВДга, ошондой эле китептин автору Болот Абдрахмановго атасынын керээзин аткарып, катылган сырды ачып берген Бүбүра Кыдыралиевага ыраазычылык сөздөрүн айтып өтүштү. Белгилей кетсек, репрессияга кабылгандардын катарында өлкөнүн жогорку сот органына түрдүү мезгилдерде жетекчилик кылышкан төмөнкү адамдар да болушкан: Авербург Лев Александрович (1924-1926-ж.ж.); Текеев Иманбек (1927-ж.); Кулумбаев Курманалы (1927-1928-ж.ж.); Айдарбеков Иманалы (1929-1931-ж.ж.); Абдраимов Абдыкадыр (1931-ж.ж.); Фахритдинов (1932-ж.); Орозбакиев Коенбай (1932-ж.); Цимдин Ян Алексеевич (1933-1934-ж.ж.); Сегизбаев Санжар Бактыбаевич (1937-ж.); Дүйшөналиев Садвакас Жалкеченович (1938-1941-ж.ж.).  
Ушул күндөрү Катар мамлекетинин Доха шаарында “Кече, бүгүн, келечек” аталышындагы сот органдарынын акыйкаттыгын жана тазалыгын камсыз кылуунун Глобалдык тармагынын экинчи жогорку деңгээлдеги кеңешмеси өтүп жатат.  Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова жана Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева катышууда. Белгиленген жолугушууга дүйнө мамлекеттеринин жогорку жана улук судьялары, ошондой эле сот органдарынын башка кызматкерлери, эл аралык жана регионалдык соттордун кызматкерлери, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, жеке секторлордун өкүлдөрү келишкен. Азыркы учурда аталган тармактын түзүлгөндөн баштап ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана анын 2018-2019-жылдарга бекитилген иш-планынын артыкчылыктуу багыттары боюнча жасалган иштери талкууланууда. Мындан тышкары, иш чаранын жүрүшүндө судьялардын чынчылдыгы жана сатылбастыгы боюнча болуп жаткан, ошондой эле пайда боло турган көйгөйлөр жана сот органдары тарабынан аларды чечүүгө багытталган аракеттер каралат. Ошону менен бирге Глобалдык тармактын келечектеги артыкчылыктуу багыттары аныкталат. Эскерте кетсек, сот органдарынын акыйкаттыгын жана тазалыгын камсыз кылуунун Глобалдык тармагы Доха декларациясын ишке ашыруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Глобалдык программасынын алкагында жасалган бирден бир негизги чечкиндүү аракеттеринин жыйынтыгы болгон. Ал 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Конгрессинде кабыл алынган Доха декларациясынын негизги жоболорун аткарууда мүчө мамлекеттерге жардам көрсөтүүгө багытталган. Бул Глобалдык тармак 2018-жылдын  апрель айында Вена шаарында 106 өлкөнүн 40 судьялар ассоциациясынан, 35 башкы судьялардын жана башка сот органдарынын өкүлдөрүнөн турган 350 жогорку деңгээлдеги катышуучуну чогулткан бийик деңгээлдеги иш чарада түзүлгөн. Аталган чогулуш Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган судьялардын эң чоң жолугушуусу болгон.
2020-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын катышуусунда Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү соттордун 2019-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү. Кеӊешмеге Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Айбек Молдакунов, облустук соттун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты. Жыйында облустук соттун судьялары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен  тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды. Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Гулкайыр Алиеванын маалыматы боюнча 2019-жыл ичинде биринчи инстанциядагы сотторго бардыгы болуп 5674 жарандык иш келип түшкөн, алардын ичинен 3845 иш каралып, 710 арыз кароосуз калтырылып, 43 иш кыскартылган. Ал эми облустук соттун судьясы Анара Омуралиева райондук жана шаардык соттор тарабынан 494 жазык иш каралганын, 167 иш кыскартылып, 3 иш прокуратурага тергөө мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн жана 42 иш башка себептерден улам кайтарылганын билдирди. Андан соң, Гульбара Калиева маанилүү маселерге токтолуп,  жалпылаштырылган соттук тажрыйбага жетишүүгө, иштерди мыйзамдын талаптарына ылайык мөөнөттөрүн өткөрбөй кароого чакырып, судьяларды соттук актылардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөгө милдеттендирди. Ошондой эле, учурда көп каралып жаткан никени жокко чыгаруу, ата-энелик укуктардан ажыратуу жана башка иштердин себептерин талдап, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, судьяларды жаңы мыйзамдарды практикада колдонууда пайда болгон суроолорун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна  жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешине жиберип турууга чакырды.   Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гульзада Аширбаева      
Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата Нарын облусундагы   сот тутумунун  кызматкерлеринин арасындагы  кичи футбол боюнча кезектеги мелдеш Ат-Башы райондук соту тарабынан уюштурулуп, ал Ат-Башы жергесинде өттү. Тоолуу аймактын Фемида өкүлдөрү тарабынан салтка айланып калган кичи футбол боюнча аталган мелдеш быйылкы жылдагы уюштурулуп жаткан мелдештердин бешинчиси болуп калды. Бир жагынан спортту өнүктүрүү, ошондой эле райондук соттордун арасындагы байланышты бекемдөө максатын аркалаган мелдеш талаасында   сегиз команда  эки тайпага бөлүнүп алышып күч сынашты. Бир күн бою созулган мелдештин жарым финалына Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы, Нарын облустук сот департаментинин, Нарын облустук сотунун жана Ак-Талаа райондук сотунун командалары суурулуп чыгышты. Натыйжада финалда Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы менен Ак-Талаа районунун командасы  кез келишип, мелдештин өтмө кубогун Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы ишенимдүү жеңип алышты. Ал эми үчүнчү байгелүу орун  пенальтинин жыйынтыгы менен  аныкталып, ага Нарын облустук сот департаментинин командасы көтөрүлүштү. Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу  номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктар  жана дипломдор  менен сыйланышты.
2019-жылдын 8- сентябрында Кыргыз Республикасынын сот системасынын түзүлүшүнүн 95  жылдык мааракесинин урматына  Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  кызматкерлеринин  ортосунда футбол жана волейбол боюнча турнир болуп өттү.  Иш чара Манас райондук соту тарабынан  сот кызматкерлеринин арасында спортту   жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  максатында  уюштурулган. Оюндун жыйынтыгында Талас облустук сотунун футбол боюнча курама командасы эң мыкты деп табылып,  экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас шаардык сотунун кызматкерлери жана Бакай-Ата райондук сотунун командасы ээледи. Талас облустук сотунун волейбол  командасы дагы  биринчиликти алды. Бул споттун түрүндо экинчи орунду Кыргыз Республикасынын жогорку сотуна караштуу Талас облустук Сот департаментинин башкармалыгынын командасы ээлеп,  үчүнчү орунга Талас райондук сотунун жана Талас областынын райондор аралык сотунун курама командасы татыды. Жалпысынан  мелдешке 7 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды.