Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-26 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Жаңылыктар

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда О. Текебаев менен Д. Чотоновдун жактоочулары  Ч. Джакупбекованын жана Т.Токтакунованын  ишти жаңы  ачылган жагдайлар боюнча кайрадан жаңыртуу  өтүнүчү каралды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтому менен Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмдөрү, КР Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому жокко чыгарылды. Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жиберилди.
Бүгүн, 2019-жылдын 21-августунда,  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Жеңиш Разаков сот-укуктук реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү боюнча Бишкек шаардык сотунда жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жасалган иштер менен таанышты. Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берип жатып, Бишкек шаардык сотунун сот  залдарында аудио  жана видео  жаздыруу системалары орнотулгандыгын белгиледи. Бул система толук кандуу иштей баштаса, аралыктан сурак жүргүзүү, күбөлөрдү аралыктан суроо мүмкүнчүлүгү пайда болуп, тарапты сот отурумуна алып келүү кажети жок болоорун, соттолуп жаткан адамдын укуктары корголуп, сот отурумуна аралыктан катышып, аны көрүп, уга алаарын баса белгиледи. Ал эми “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, аталган  система экинчи инстанциядагы сотторго тесттик режимде киргизүү 10- сентябрга пландалып жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле, Александр Юрьев Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жасалган иштер боюнча маалымат берди. Анын айтымында, аталган  сотто автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) толук кандуу иштеп жатат.  Бул система менен “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын бириктирүү ушул жылдын 1- октябрына пландалгандыгын, экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү менен  “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасын бириктирүү иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.            
Академия государственного управления при Президенте Кыргызской Республики (АГУПКР) объявляет прием государственных и муниципальных служащих на магистерские программы “Местное государственное управление и самоуправление”, “Государственное управление” и “Менеджмент в государственном секторе” при поддержке Фонда Ханнса Зайделя (ФРГ) на 2019/2020 учебный год.   Магистерская программа “Местное государственное управление и самоуправление” Срок и условия обучения: 1 год по очной дневной форме обучения в городе Бишкек с отрывом от работы. Обучение осуществляется на бесплатной основе. Магистранты могут быть размещены в общежитии АГУПКР и получают ежемесячную стипендию. Требования к претендентам: Стаж работы на государственной и муниципальной службе не менее 1 года; Высшее образование; Возраст до 40 лет; На момент подачи заявления должен состоять на государственной или муниципальной службе в одном из следующих государственных органов или органов МСУ: Аппарат полномочного представителя Правительства в области; Районная государственная администрация; Территориальное подразделение министерства или ведомства; Мэрия или аппарат городского кенеша; Айыл окмоту.  Магистерская программа “Государственное управление” Срок и условия обучения: 2 года по вечерней форме обучения в городе Бишкек или городе Ош без отрыва от работы. Обучение осуществляется на бесплатной основе. Требования к претендентам: Стаж работы на государственной и муниципальной службе не менее 2 лет; Высшее образование; Возраст до 40 лет; На момент подачи заявления должен состоять на государственной или муниципальной службе в одном из следующих государственных органов или органов МСУ: Центральный аппарат министерства или ведомства; Территориальное подразделение министерства или ведомства; Мэрия или аппарат городского кенеша.  Магистерская программа “Менеджмент в государственном секторе” Срок и условия обучения: 2,5 года по очной (дистантной форме) обучения без отрыва от работы. Обучение осуществляется на бесплатной основе. Требования к претендентам: Стаж работы на государственной и муниципальной службе не менее 2 лет; Высшее образование; Возраст до 40 лет; На момент подачи заявления должен занимать главную или высшую должность согласно Реестру государственных и муниципальных должностей Кыргызской Республики в одном из следующих государственных органов или органов МСУ: Аппарат полномочного представителя Правительства в области; Районная государственная администрация; Территориальное подразделение министерства или ведомства; Мэрия или аппарат городского кенеша; Айыл окмоту. Вступительные испытания: эссе; собеседование. Документы для поступления: личное заявление на имя ректора (на бланке); диплом о высшем образовании (подлинник и копия); 4 фотографии размером 3×4 см; копия паспорта; направление или рекомендательное письмо: а) для государственных служащих: направление или рекомендательное письмо от руководителя или статс-секретаря или руководителя аппарата госоргана, в котором работает претендент на момент поступления на магистерскую программу; б) для муниципальных служащих: направление или рекомендательное письмо от главы или руководителя аппарата или ответственного секретаря органа МСУ, в котором работает претендент на момент поступления на магистерскую программу; копия трудовой книжки, заверенная отделом кадров; справка с места работы о подтверждении непрерывного стажа; мотивационное письмо; резюме. Контакты: Приемная комиссия АГУПКР по Чуйской области и городу Бишкек – 0312 623132, 0772/555 002299, daniyar.nurmatov@gmail.com, application@apap.kg Фонд Ханнса Зайделя — +996 312 662486 (110), sijaeva@hss.de    
Бүгүн,  2019-жылдын  16-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы жергиликтүү соттор менен  видеоконференцияны өткөрдү. Анда,  Жогорку  соттун  төрайымынын   орун  басары  Айнаш  Токбаева жана административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын судьялары, Бишкек шаардык сотунун жана жети областтык соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын төрагалары жана судьялары, ошондой эле Бишкек шаардык райондор аралык сотунун жана жети областтын райондор аралык сотторунун төрагалары түз байланышта  болушту. Конференцияда  Айнаш Токбаева укук  нормаларын колдонууда жергиликтүү соттор тарабынан катачылыктар кетип жаткандыгын айтуу менен судьяларды  ишти кароонун мөөнөтөрүн сактоо менен өз убагында карап, келип түшкөн ишти каттоодо, сот актыларын  жазууда так болууга, сот адилеттегин жүзөгө ашыруудан процесстик кодекстерде көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда баш тартууга жол бербөөгө чакырды. Аталган коллегия тарабынан 5 соттук тажрыйбаны жалпылоо жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, шайлоо талаштардын кароо боюнча, жер талаштары боюнча, анын ичинде көп кабаттуу турак-жайлардагы  жер участкалары боюнча, жер казынасын падалануу  иштери боюнча, жергиликтүү соттор тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн процессуалдык мөөнөттөрдү сактабай, ишти карап жаткандыгынын себебин аныктоо боюнча, ошондой эле административдик сот өндүрүшүндө каралган иштер боюнча соттук практикаларды жалпылоо жүргүзүлгөн. Ал эми Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары экинчи инстанция соттор тарабынан учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык сот практикасына анализ жасалып, жалпылоо  иштери жүргүзүлүп туруу керек экендигин белгилешти. Видеоконференция байланыштын соңунда катышкан жергиликтүү судьяларга Административдик-процесстик  жана Жарандык процесстик кодекстердин негизинде иштерди карап, сапаттуу сот адилеттигин ишке ашырууга ар бир судья аракет кылыш керек экендиги белгиленди.
Бүгүн, 2019-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юта Өрөөнүнүн университетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууга аталган окуу жайдын Психология жана Социология Департаментинин профессору  Линн Ингланд,  университеттин Тарых жана Саясий  илимдер Департаментинин окутуучусу Бактыбек Абдрисаев жана окуу жайдын  студенттери катышышты. Н. Асанова Кыргызстандын сот системасы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмасын айтып берди.  Сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Жогорку соттун структурасы жана сот тутумунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Юта штатынын студенттери Кыргызстанда сотторго болгон ишеним кандай болуп жатканын, элдин ишенимин арттыруу боюнча  жүргүзүп жаткан аракеттер, сот арачыларынын ролу туурасында кызыгып сурашты. Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту студенттерди кабыл алып, бардык кызыктырган  суроолорго жооптор берилгендигин айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилей кетүүчү жагдай, Юта Өрөөнүнүн Университети Юта штатындагы Орем шаарында жайгашкан. Аталган окуу жайда 40 миңге жакын  студент билим алат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара  Калиева жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен болгон видеоконференцияда,  сотторду санариптештирүүдө аудио жана видео байланыштарды орнотуу, автоматташтырылган маалымат системасы, иштерди автоматтык бөлүштүрүү кандай ишке ашып жаткандыгын сурады. Г.Калиева  облустук соттор бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүүдө  райондук сотторго  көмөктөшүп, анализ жасоо менен, сот актыларын өз убагында act.sot.kg сайтына жайгаштырууну талап кылды. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштеп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, аксакалдар соттору, медиаторлор  менен иш алып баруу маселесин көтөрдү. Иштерди өз убагында,  мөөнөттөрүн өткөрбөй  карап, судьяларды элге жакын болуу, жарандар жана жергиликтүү органдар менен мамиле түзүүнү өздөштүрүп, үзгүлтүксүз окууларды улантып, эмгек жана аткаруу тартибин катуу сактоого чакырып өттү. Төрайым жергиликтүү сотторго коюулган бардык талаптар боюнча кийинки  видеоконференцияда маалымат ала тургандыгын эскертти.
2019-жылдын  29-июлунда,   Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 25-июлундагы  ПЖ № 97  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  25-июлдагы  ПЖ № 98 Жарлыгы судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад облустук сотуна  — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич, Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович, Талас облустук сотуна — Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна  — Маматалиева Айнура Сайбидиновна жиберилди. Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.
Бүгүн,  2019-жылдын  24-июлунда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  жана  USAID — IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасына элдин ишеним деңгээлин күчөтүүгө  багытталган программасы   менен биргеликте  «ЖМК менен байланышуунун чеберчилиги» деген аталыштагы эки күндүк тренинг  өз  ишин баштады. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова,  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO) директору Фред Хьюстон ачып беришти. Н. Асанова тренингдин зарылчылыгын жана сот тутумунун ачык айкындуулугун камсыздоодо  окутуунун маанилүүлүгүнө  токтолду. Анын айтымында,  жалпыга маалымдоо каражаттары  менен болгон өз ара байланышты бекемдөө менен  сот  тутуму өз убагында жана так маалыматтарды  массалык маалымат каражаттарына жеткирип, алар менен  тыгыз кызматташуусу  керек экендигин кошумчалады. Эки күнгө созулган окутуунун алкагында медиа-эксперт, тележурналист  Марс Тулегенов коомчулук алдында чыгып сүйлөөнүн негизги чеберчилиги жана ага даярдануунун технологиясы тууралуу айтып берет. Тренингдин  катышуучулары  видеокамерага тартылуунун алдында өзүн- өзү алып жүрүү эрежелерин, сөз чеберчилигинин техникалык негиздерин, анын ичинде туура дем алуунун көнүгүүлөрү  тажрыйба жүзүндө көрсөтүлүп берилет. Иш чарага Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас областык сотторунун төрагалары жана судьялары катышып жатышат.
2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиснин орун басары Эркин Искаков Кыргыз Республикасындагы «Transparency International” эл аралык мекеменин филиалынын аткаруучу директору Айгуль Акматжанова менен жолугушту. Жолугушуунун максаты  сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана санариптештирүү иштери менен жакындан таанышуу болду. Эркин Искаков өлкөнүн бардык сотторунда электрондук сот өндүрүшүн, ишти автоматтык бөлүштүрүү, документтерди түзүүгө багытталган автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады. Жаңы Кылымыш-жаза процесстик кодексине ылайык соттордо аудио жана видео жазуулар орнотулуп, бул өз кезегинде соттордун ачык-айкындуулугуна көмөктөшөрүн белгиледи. Өз кезегинде Айгуль Акматжанова аталган уюм тарабынан дүйнөнүн 20га жакын өлкөлөрүндө улуттук антикоррупциялык система боюнча изилдөө жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Мындай изилдөө учурда Кыргызстанда дагы жүргүзүлүп, сот  системасынын  көз карандысыздыгы, потенциалы, отчеттулугуна баа бериле тургандыгы айтылды. Бүгүнкү жолугушууда ал сот тутумуна киргизилип жаткан автоматташтырылыган маалымат системасы, аудио жана видео жазуулар коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун көрсөтүп тургандыгын белгиледи. А.Акматжанова  сот системасындагы реформалар ушул багытта улантыла берсе, элдин сотторго болгон ишеними пайда боло тургандыгын кошумчалады. Белгилей кетүүчү жагдай, Transparency International – бул эл аралык жана жеке ѳлкѳлѳрдүн глобалдык масштабындагы коррупцияны изилдѳѳ жана аны менен күрѳшүү боюнча кѳз карандысыз мекеме. Анын максаттарынын бири – бийликтин ачыктыгын жана отчёттуулугун жогорулатуу. Transparency International  100гө жакын  ѳлкѳлѳрдѳ түзүлгѳн.  
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” № 1 Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, соттук–укуктук реформалоого байланыштуу киргизилип жаткан жергиликтүү соттордо соттун автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) программалык камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан 2019-жылдын 11-июлунан 11-сентябрына чейин бүткүл республикалык масштабда, 41 тайпага соттун төрагалары, судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү маселеси боюнча үч күндүк тренингдер өткөрүлүп жатат жана өткөрүлөт. Тренерлер катары 2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейинки аралыкта жана 8-9-июлда аталган маселе боюнча тренерлер үчүн тренингден (ТоТ) өткөн судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери чыгышат, судья –эксперттердин курамына мурда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун суьясы – Узакбаев А.Н.,  Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы – Сабырова Ж.Ж. жана Ош облусунун райондор аралык сотунун судьясы – Сарыбаев Б.А. киришкен. Азыркы учурда тренерлердин эксперттик курамы Чүй облусунун Райондор аралык сотунун төрагасы — Ахметова А.К., Ысык-Көл облустук Райондор аралык сотунун төрагасы – Тагаев М.М., Бишкек шаардык сотунун судьясы — Досмамбетов А.А., Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы — Сыдыгалиев Б.А., менен толукталды. Судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутуу процесси Бишкек жана Ош шаарларындагы компьютердик залдарда төмөндөгү даректер боюнча окутулуп жатат жана окутулат: Бишкек шаарында — 2019 – жылдын 11-июлунан 14-августуна чейин: 1). Сот адилеттигинин жогорку мектеби (Москва көчөсү, 201); 2). Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши (Табышалиев көчөсү, 15); 3). Кыргызстан Эл аралык университети (Чүй пр., 225); 4). Бишкек каржы-экономика академиясы (Жаш гвардия бул., 55). Ош шаарында — 2019-жылдын 11-июлунан 11-сентябрына чейин: 1). Ош мамлекеттик университети (Разаков көчөсү, 21) Тренинг Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга карата Окуу планына ылайык Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы жана Кыргыз Республикасында Укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюму (IDLO) менен бирдикте өткөрүлүп жатат.