Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

КРнын Жогорку сотунун Пленуму

  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ 2018-жылдын  31- майы                                        №12                                       Бишкек шаары Заем келишими боюнча талаштарды чечүүдө соттук тажрыйбанын айрым маселелери жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимге, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктейт. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу. Жарандык укук объектилерине буюмдар, акча жана баалуу кагаздар, ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар таандык. Заем келишими – бул жарандык укуктук мамилелердин пайда болушунун кеңири таралган ыкмаларынын бири болуп саналат. Жарандык укуктук мамилелеринин тараптары займ мамилелеринен келип чыккан мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин, бузулган укуктарын коргоо үчүн көп учурларда сотко кайрылышууда. Жарандык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендигине жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (мындан ары – Кыргыз Республикасынын ЖПК) колдонууга берилгендигине байланыштуу, карыз келишимдери боюнча талаш маселелерди чечүүдө мыйзамдарды туура жана бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында жана бул категориядагы иштер боюнча сот тажрыйбасын жалпылоонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын 2-пунктун жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат: Заем жана кредит келишимдери боюнча талаштарды чечүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары– Кыргыз Республикасынын ГК) 34-главасына ылайык (заем жана кредит) аткарылышына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун көңүлү бурулсун. Кыргыз Республикасынын ГК 724-728 жана 734-736-5-статьялары заем, кредит келишимдерин түзүү тартибин, заем (кредит) алуучунун милдеттерин жана заем (кредит) алуучу тарабынан заем же кредит келишимин бузуусунун кесепеттерин жөнгө салат. Заем келишими боюнча бир тарап (заем берүүчү) экинчи тарапка (заем алуучуга) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми заем алуучу ошол эле суммадагы акчаны (заем суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет. Заем келишими жазуу жүзүндө, бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин (алгандыгын) күбөлөндүргөн тил каты же башка документи болгон учурда, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда — суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш. Келишим акчаны же буюмдарды берген учурдан тартып түзүлдү деп  эсептелет. Заем келишиминин бар экендигинин тастыктаган “башка документ” катары Кыргыз Республикасынын ЖПК 80-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын ГК 725-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй, заем алуучунун акча же буюмдарды алууну тастыктаган ар кандай (актылар, келишимдер, маалымкаттар, өздүк жана иш каттар, бүтүм боюнча маалыматтарды камтыган, тактап айтканда факсимилдик, электрондук же аны далилдөөчү башка байланыш аркылуу алынган) заем келишиминин бир  тарабынын  чыккан жазуу түрүндө далилдер саналат. Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм заем алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми заем алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча пайыздарды төлөөгө милдеттенет. Заем келишимдин  кредиттик  келишиминен  айырмачылыктарына соттордун көңүлү бурулсун: — келишимдин күчүнө кирген учуру боюнча (кредиттик келишим жактардын келишимдин баардык шарттары боюнча макулдашууга келген учурдан тартып түзүлгөн болуп саналат, ал эми заем келишими өзүнүн юридикалык жаратылышы боюнча реалдуу болуп саналат, тактап айтканда жактардын укуктары жана милдеттери заем алуучу акча каражаттарды же буюмдарды иш жүзүндө алган учурда пайда болот Кыргыз Республикасынын ГК 724-ст. 2-п.); — келишимдин түзүү формасы боюнча (кредиттик келишим жазуу түрүндө гана, ал эми заем келишими кайсы бир шарттарда ооз эки түрдө да түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын  ГК 725-ст. 1-п. ылайык заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, келишим жазуу жүзүндө түзүлөт); — субьективдик курамы боюнча (кредитти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банк же башка кредиттик уюм гана бериши мүмкүн. Заем келишиминде мындай чектөөлөр жок жана мындай келишим ар кайсы жактардын ортосунда түзүлүш мүмкүн); — келишимдин предмети боюнча (кредиттик келишимдин предмети болуп акча каражаттары гана болушу мүмкүн, ал эми заем келишимдин предмети болуп башка буюмдар дагы боло алат); — кайтарымдуулук (кредит берүүдө кредит алуучу алган акча каражаттарга тиешелүү пайыздарды төлөөгө милдеттүү, ал эми заем пайызсыз болушу мүмкүн); — мөөнөтүүлүк (келишимде аныкталган убакыттын ичинде, кредиттин суммасы заем алуучунун тескөөсүндө болуусу мүмкүн, бирок ал убакыт өткөндөн кийин ал сумма кредиттик уюмга кайтарылып берилиши керек); — келишимдер боюнча укук мамилелерди мыйзамдуу түрдө жөнгө салуу (заем келишиминен чыккан укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын ГК менен  “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана андан келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы укуктук актыларына ылайык, ал эми кредит келишими боюнча кредит келишимдерине карата коюлган милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын ГК жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен жөнгө салынат (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы). Заем жана кредит милдеттенмелери боюнча бересени өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар Кыргыз Республикасынын ЖПК 30-статьясынын талаптарына ылайык сотко караштуулук боюнча эрежелерди сактоо менен жоопкердин жашаган жери боюнча райондук сотко берилет. Юридикалык жакка жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучуга карата доо арыз юридикалык жактын жайгашкан жери, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучунун жашаган жеринде же анын мүлкү жайгашкан жер боюнча коюлат. Кыргыз Республикасынын ГК 89-статьясынын 2-пунктуна ылайык юридикалык жактын, эгерде мыйзамга ылайык юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, анын мамлекеттик каттоодон өткөн жери анын жайгашкан жери катары аныкталат. Андыктан, эгерде доо арыз юридикалык жакка карата берилсе, анда уюмдун жайгашкан жерин текшерүү менен сотко караштуулук тартибинин сакталгандыгын тактоо үчүн жоопкер уюштуруу документтерин көрсөтүүсү керек. Бул аракет доо арыз өндүрүшкө кабыл алынып калган болсо да аткарылууга тийиш. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыгуучу доолор доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 31-статьясынын 2-пункту). Бул учурда юридикалык жактын түзүмдүк бөлүмүнүн  иш аракеттеринен доо арыздын талабы келип чыккан учурда, ага филиал же өкүлчүлүктүн укуктары берилгендигин текшерүү максатында сот аталган түзүмдүк бөлүмдүн уюштуруучунун бул аймактык бөлүмү жөнүндө жоболорду  суратып алууга тийиш. Тараптар, сотко өзгөчө караштуулук иштеринен башка учурларда, аймактык сотко караштуулукту өз ара макулдашуу боюнча өзгөртүшү мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 34-статьясынын 1-пункту). Сумманы күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө айландыруу менен өндүрүп алуу жөнүндө доо арыз коюлган учурда, сот ишти күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн жайгашкан аймагы боюнча карайт (Кыргыз Республикасынын ЖПК 32-статьясы жана “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 62-статьясынын 3-пункту). Эгерде жеке жак менен күрөө келишимдин негизинде доогер сумманы өндүрүп алуу жана күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыз менен  кайрылса, иш райондук сотто каралат. Заем жана кредит милдеттенмелери боюнча бересени өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар Кыргыз Республикасынын ЖПК 134-жана 135-статьяларынын талаптарына жооп бериши керек. Доо арызда доогер өз талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер көрсөтүлүшү керек. Сотко кайрылуучу тарап доо арызында доонун баасын Кыргыз Республикасынын ГК 307-ст. талаптарын эске алуу менен улуттук  валюта менен көрсөтүп, пайыздын эсеп-кысабын тиркөөсү  керек (Кыргыз Республикасынын ЖПК 135-статьясынын  7-пункту). Заем келишими боюнча карыздын документинин түп нускасы доо арызга тиркелүүсү жана ал доо арызга тиркелген документтердин тизмесинде көрсөтүлөөрүн соттордун  эске алуусу зарыл. Эгерде карыз документтин түп нускасы кредиттик келишимден тышкары соттук отурумда берилсе ал иштин материалдарына тиркелет  жана бул тууралуу соттук отурумдун протоколунда чагылдырылууга жатат.  Кредиттик милдеттенмелер боюнча доо арызга, тиешелүү банк же финансылык мекеме тарабынан кредиттик келишимдин жана кредит берүүгө байланышкан банктын башка документтери күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелиши керек. Ишке катышкан жактар болуп жарандар жана юридикалык жактар саналат. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча билдирүүнү прокурор ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, эгерде ошол жаран өзү жүйөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса гана (ден соолугуна, жаш курагына жана башка себептер боюнча) берет. Прокурор заем берүүчү жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо арыз  менен кайрылган учурда милдеттүү түрдө анын арызы менен бирге прокурордун доо арызына өз алдынча сотко доо арыз менен кайрылууга мүмкүн эместиги жөнүндө жарандын арызы жана бул жөнүндө далилдер тиркелүүгө жатат. Заем келишиминин милдеттенмелери боюнча талаштарда жоопкерчиликти ушул келишим боюнча катышуучулар гана тартат. Мындай иштер боюнча эгерде заем алуучу кийин өзүнүн калоосу менен акча жана буюмдарды өткөрүп берген учурда, биргелешкен жоопкер катары башка жактар ишке катышууга тартылбайт. Эгерде заем,  күрөө милдеттенмеси же кепилчилик келишими менен камсыз болсо, анда ишке күрөө коюучу, күрөө кармоочу, кепилдик берүүчү жана башка жактар, талашты соттук териштирүүдө аталгандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана укуктарына шек келтирилгенде  тартылышат. Кыргыз Республикасынын ГК 212-статьясына ылайык доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү 3 жыл. Заем келишими менен карызды кайра кайтарып берүү мөөнөтү аныкталган болсо, анда доонун эскиришинин мөөнөтү милдеттенменин аткарылышынын мөөнөтүнөн баштап саналууга тийиш экендигин соттор эске алуусу зарыл. Эгерде заем келишими менен карыз акчаны кайра кайтарып берүү мөөнөтү же талап кылуу учуру аныкталбаган болсо, анда заем келишиминде башкача белгиленбесе, доонун эскирүү мөөнөтү заем берүүчүнүн мындай талапты койгон күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийинки күндөн баштап эсептелет. Эгерде соттук отурумда доогердин доо талаптары өзгөртүлсө, соттор өзгөрүлгөн доо талаптарга тиешелүү эскирүү мөөнөтүн эске алуусу зарыл. 2017-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын ЖПК колдонууга берилгендиктен доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякталышы доону канааттандыруудан баш тартууга негиз болооруна соттордун көңүлү бурулсун. Доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендигине байланыштуу, аны калыбына келтирүүнү сураган жак бул мөөнөттү негиздүү себептер менен өткөрүп жибергендигинин далилдерин берүүгө тийиш. Сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн  себептерин  негизсиз деп табууда жана доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тарткан учурда, доону канааттандыруудан баш тартат. Ошону менен бирге, доонун эскирүү мөөнөтүнүн өткөрүлгөндүгү жана доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу тууралуу соттун тыянагы чечимдин жүйөлөмөөчү бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Чечимдин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө гана тыянак көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 7-пункту). Ушундай эле чечим алдын ала соттук отурумда да чыгарылышы мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 154-статьясынын 6-пункту). Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар” жөнүндөгү жобосунун 40-42, 46-47 пункттарына ылайык (мындан ары – Жобо)  келишим түзүүчү ар-бир тарап бардык (тарап) кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасынын экземплярын алуусу тийиш. Банк тараптардан келишимдин түп нускасын алгандыгы жөнүндө тил кат алуусу керек. Кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укуксуз. Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: — кредиттин суммасы, ал боюнча пайыздык чен, — берилген күнү, -негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш, — кардардын кредитти толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл убакытта болбосун айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле төлөөгө жол берилет. -биргелешип жоопкерчилик алган топтун бир катышуучусу анын катышуучуларынан кат жүзүндө макулдук алган шартта гана ага мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилүүсү, -кайсы бир тарап тарабынан милдеттенмелерди бузууга жол бергендиги үчүн санкцияларды салуу, — келишимдерди бузуу учурлары. -кредиттик келишимге Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат. — Ошону менен бирге  Банк кардардан тил кат алууга тийиш же кардар кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишимдин шарттары ага түшүнүктүү жана аларга кардар макул экендигин тастыктоо менен кредиттик келишимге кол коюусу керек. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн окшош талаптар төмөнкүлөргө дагы  жайылтылат: -Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  25-сентябрындагы №35/14 токтому менен бекитилген  “Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү” жобосуна ылайык микрокаржылоо уюмдарына. — Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 токтому менен бекитилген “кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобосуна ылайык  кредиттик союздарына. Заем келишиминин нотариаттык формасын сактабагандык анын анык эместигине алып келеерине соттордун көңүлү бурулсун. Заем берүүчү нотариаттык формасы сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз (Кыргыз Республикасынын ГК 178-статьясынын 2-пункту, 725-статьясынын 4,5- пункттары). Кыргыз Республикасынын ГК 184-статьясынын 1,2-пункттарынын талаптарына ылайык жараксыз бүтүм, анын жараксыздыгы менен байланышкан жана ал жасалган учурдан тартып жараксыз болбогон бүтүмдөрдөн тышкары, юридикалык кесепеттерди алып келбейт. Бүтүм жараксыз калганда тараптардын ар бири экинчи жагына бүтүм боюнча алган нерселеринин баарын кайтарып берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын ГК 183-статьясынын 2-пунктуна ылайык, сот чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө өз демилгеси менен заем келишиминин нотариаттык түрү сакталбагандыгын көрсөтүү менен арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонууга укуктуу. Бул категориядагы иштерди чечүүдө доону канааттандыруудан баш тарткандыгы, арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу, тараптарды баштапкы абалга келтирүүдө  алган акчаны пайызсыз  өндүрүү жөнүндөгү соттун тыянагы соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө көрсөтүлүүсү керек экендиги сотторго түшүндүрүлсүн. Бир адам башка адамга заем келишими боюнча белгилүү акча же буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттүү экендиги жөнүндөгү маселени чечүүдө: ошол келишимдин болгондугу, келишимдин негизи, заем алуучу адамга акча же буюмдардын анык берилиши (берилген учуру), келишимде көрсөтүлгөн карызды жана анын пайызын төлөө мөөнөтү, карызды, анын пайызын толук же жарым-жартылай төлөө убактысы, талаптардын төлөнүшүнүн кезегинин сакталышы, карызды кайтаруунун мөөнөтүнүн өтүшү, анын натыйжасы, келишимди аткарбоонун жоопкерчилиги жана жоопкерчиликтин түрү, өлчөмү аныкталууга тийиш. Кыргыз Республикасынын ГК 35, 36-статьяларынын талаптарына ылайык карыз берүү сом менен, ошондой эле чет өлкөлүк валюта менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы (номиналы) боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынуучу мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет (Кыргыз Республикасынын ГК 35-статьясы). Акчалай суммаларды чет өлкөлүк валюталар менен өндүрүү боюнча талаптарды канааттандырууда чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө сот, чет өлкөлүк валютаны сомго которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тиешелүү расмий курска ылайык эсептөөлөрдү доо коюлган же чечим чыгарылган күнгө карата жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы төлөм документтерин пайдаланууга мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жол берилет (Кыргыз Республикасынын ГК 307-статьясынын 1-пункту). Төлөмдүн суммасын кечиктирүүдө заемдук милдеттер боюнча кредитор тарабынан карыз акчаны кайтаруудагы аракеттери Кыргыз Республикасынын ГК 309-статьясына ылайык акчалай милдеттенмени аткаруу үчүн аткарылган төлөмдүн суммасы толук жетиштүү болбогондо, барыдан мурда аткарууну алуу боюнча карыздын негизги суммасы, андан кийин — кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө — пайыздар жана айып төлөмдөр тындырууга кетээрин соттор эске алуусу тийиш. Карыздын негизги суммасы — бул келишимге ылайык, пайызсыз берилген  сумма кредитти пайдалануу үчүн (төлөм жана санкция)  кредиттердин суммасы. Кредитордун  тарткан чыгымдары —  бул кредитор тарабынан карыздын суммасын алуу үчүн (мисалы: почта чыгымдары, мамлекеттик алым, жоопкердин жашаган жерин аныктоодо чыгымдар, күрөөнүн өндүрүп алуу жүйөсүнө айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо үчүн төлөөлөр  ж.б.). Кредитордун тарткан чыгымдарынан кийин  баарыдан мурда  пайыздын негизги суммасы – заем/кредитти пайдалануу үчүн акысын, андан кийин  пайыз-санкцияларын (Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын 1-пункту, 728-статьясы) тындыруусуна соттордун көңүлдөрү бурулсун. Ошону менен бирге жогорулатылган  пайыз эсептелинсе, пайыз санкция  катары эсептелинбестигин эске алуусу зарыл. Эгерде кредит дифференциалдык төлөмдөрдү же аннуитет (ай сайын төлөө) төлөөсү көрсөтүлсө, анда акчалай милдеттенмени аткаруудагы аракеттер (Кыргыз Республикасынын ГК 309-статьясы), ай сайын төлөм боюнча аны аткарууну кийинкиге калтырылганда   төлөө графиги  ар бир  учурда өзүнчө колдонулат. Заем алуучу алынган сумманы (кредитти) заем берүүчүгө (кредиторго) заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Заемдун суммасын кайтаруу мөөнөтү келишимде көрсөтүлбөсө же кайтарып алуу учуру менен аныкталса, сот ал мөөнөттү,  заем келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, заем берүүчүнүн мындай талапты койгон күндөн тартып Кыргыз Республикасынын ГК 727-статьясына  ылайык — 30 күн деп аныктайт. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн, бул учурда заем берүүчү(кредитор) келишимде каралган бардык мезгил үчүн пайыздарды төлөп берүүнү талап кылууга укуксуз. Жеке жана юридикалык жактарга пайызга берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 736-4-статьясынын 2-пункту). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген “Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндөгү” жобосунун  21-пунктунун 7-пунктчасына ылайык,  алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин алдын ала отуз күн мурда бул тууралуу финансы-кредиттик уюмду жазуу түрүндө маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз (комиссияларсыз жана башка төлөмсүз) кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш. Эгерде келишимде башкача каралбаса, заемдун жана кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары заем жана кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет (Кыргыз Республикасынын  ГК 727-статьясынын 3-пункту , 736-4-статьясынын 3-пункту). Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын талаптарына ылайык заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан пайыздарды алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ГК 728 жана 360-статьясынын 1-пунктунун талаптарына ылайык, акчалай милдеттенмелеринин аткарылбагандыгы үчүн пайыздарды  жана  ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кредитордун акчалай каражатын укуксуз пайдалангандыктан ага келтирилген зыянды өндүрүүнү талап кылууга укуктуу. Акчалай милдеттенмени бузуунун натыйжасынан келип чыккан жоопкерчиликтин ченеми болгон пайыздарды (Кыргыз Республикасынын ГК 360, 728 — статьялары) өндүрүү жөнүндөгү маселени чечүүдө сот мындай пайыздардын карызды берүүдө төлөө-пайыздарынан (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пункту) айырмаланышын билип, талаптын маңызын аныктоого тийиш. Пайыз-төлөө – бул заемду каражаттардын колдонулгандыгы үчүн заемдун суммасына эсептелүүчү пайыздар. Пайыз – төлөө келишимде аныкталган тартипте жана өлчөмдө заемдун суммасына гана карата саналат. Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн  мөөнөтүн  аралыгында  кредитор берилген кредиттин суммасына  пайыз-төлөөнү саноого укуктуу экендигин  эске алуусу зарыл. Келишимде аныкталган тартипте жана өлчөмдө заем берүүчү заем алуучудан заемдун суммасынын пайыздарын же башка төлөмдөрдү алууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пункту). Жарандардын ортосунда түзүлгөн жана ишкердик аракеттерди ашырууга байланышпаган заем келишими, эгерде келишимде түздөн-түз башкасы каралбаса, заем келишими пайызсыз деп эсептелинет (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 2-пункту). Санкция-пайыздары заем алуучу сумманы кайтарып берүүдөн баш тарткан учурда (Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын 1-пункту, 728-статьясы) Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөндөгүдөй заемду колдонгондугу үчүн пайыздардын төлөнгөнүнө карабастан негизги карыздын бүт суммасына төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн ушул төлөө мөөнөтү башталган (укук ченемине каршы колдонгондугу үчүн) күндөн тартып эсептелинет. Кыргыз Республикасынын ГК 359,360-статьяларынын 2-пунктуна ылайык пайыз-санкция зыянга жана айыпка карата (Кыргыз Республикасынын ГК 320-статьясы) компенсациялык, чегерүүчү мүнөздө болот. Кыргыз Республикасынын ГК 360, 726, 728-статьяларында каралган карыз каражаттарын пайдалангандыгы, аны төлөөнүн мөөнөтү өткөндүгү, аны кайтаруудан баш тарткандыгы үчүн пайыз кредитордун талабы боюнча гана өндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын ЖПК 134, 135-статьяларында каралган тартипте андай доо коюлбаса сот аны кароого укуксуз. Келишимдин шарты боюнча пайыздын өлчөмү көрсөтүлбөсө, сот кредитордун талабын доо койгон же чечим чыккан күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учеттук ставкасына туура келген банктын эсептик ставкасынын пайызына жараша карыз алган акчага эсептелген улуттук валюта менен өндүрүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын негизинде пайыздын суммасы төмөнкү формула менен эсептелинет: негизги карыздын суммасы :100  х банктын пайыздык эсептик ставкасы : 365 күн х  мөөнөтүнөн  өтүп  кеткен күндөрдүн саны = Кыргыз Республикасынын  ГК 360-статьясынын  негизиндеги пайыздар. Негизги карыздын суммасы + Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын негизиндеги пайыздар =  өндүрүп алууга жаткан сумма. Сот Кыргыз Республикасынын ГК 307, 360-статьясынын 4-пунктунда жана 726-статьясында көрсөтүлгөн туура белгиленген банктык эсептик ставканын пайыздын (Улуттук банктын эсептик ставкасы) жана тиешелүү валютанын официалдык курсун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий www.nbkr.kg Интернет-сайтына  таянып аныктайт. Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын ЖПК 80 жана 135-статьяларына ылайык жазуу түрүндөгү далилдер болуп саналат жана иштин материалдарына тиркелүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын ГК 307, 360, 726 жана 728-ст.ст. белгиленген төлөө күнү, акча милдеттенмесин же анын тийешелүү бөлүгүн аткарган күнү, кредиторго акчаны төлөгөн күнү, заем алган адамдын заемду төлөгөн күнү, заем берген адамга заемду кайтарып берген күнү болуп карызды толук же жарым-жартылай кайтарып берген күнү (күндөр) саналат. Келишимде карызкор заемдук каражатты убагында кайтарбагандыгы үчүн жогорулатылган пайызды жана айыпты төлөө көрсөтүлсө, кредитор ошол чаралардын бирөөсүн, жогорулатылган пайызды же айыпты гана талап кылууга укуктуу. Жогорулатылган пайыздар деп займ суммасын кайтарып берүү мөөнөтүнүн белгилүү шарты пайда болгон учурда займ суммасын колдонгондугу үчүн пайыздык ставканын көбөйтүлүшү эсептөөгө жатат. Айып төлөм (айып акы, туума айып) — деп мыйзамдар же келишим боюнча аныкталуучу акчалай сумма, аны милдеттенме аткарылбай же тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда карызкор кредиторго төлөп берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын ГК 320-статьясы). Эгерде заем келишими жазуу жүзүндө түзүлбөсө (сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса), анда сот Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясына ылайык, айып төлөм (айып акы, туума айып) өндүрүлбөөсүнө соттордун көңүлү бурулсун. Ишкердик иш менен байланышкан акчалай милдеттенменин негизинде башка бирөөнүн акча каражаттарын  укук ченемине жат колдонулган учурда, суммалардан тышкары эгерде келишим менен жогорулатылган өлчөмдөгү зыян  коюлбаса, анда мөөнөтү өтүп кеткен суммадан  жылдык пайыздын беш пайыз өлчөмүндөгү айып төлөнөт. Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет (Жобонун 42-пункту). Банк, карызкор-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзбөстөн иш алып барган жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү процедурасын баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөн учурдан 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш  (жобонун 78-1 п). Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген “Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобосунун 21-пунктунун 8-пунтчасына ылайык, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча айып төлөм (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Айып төлөмдү  чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөн тартып алты айга токтотулат. Кыргыз Республикасынын ЖПК 65-статьясына ылайык укугу бузулган адам келтирилген зыянды далилдөөсү керек, эгерде мыйзамда же мыйзамга ылайык келишимде башкача каралбаса, андан кийин өзүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат. Зыян тартуу катары төмөндөгүлөр түшүнүлөт: укугу бузулган адам тарабынан бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн тартылган же тартылууга тийиш болгон чыгымдар, анын жок болгон же зыянга учураган (айкын келтирилген зыян) мүлкү, ошондой эле, эгерде укугу бузулбаса, граждандык мамилелердин кадыресе шартында ушул адам тарабынан алынбай калган кирешелер (пайда көрбөй калуу). Эгерде укукту бузган адам ушунун натыйжасында киреше алса, укугу бузулган адам башка тарткан зыяндарды, алынбай калган пайдасы менен катар ушундай кирешелерден кем эмес өлчөмдө ордун толтурууну талап кылууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 14-статьясы). Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 6-пунктуна ылайык эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзамда белгиленген тартипте аныкталуучу жол берилген пайыздын алкагында карайт. Кредиттер жана заемдор боюнча кредиторлор менен заемчулардын мамилелерин жөнгө салган “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы Мыйзамы колдонууга киргенге чейин төлөнүп жабылбаган кредиттер жана займдар боюнча кредиторлор менен заемчулардын мамилелеринин пайда болгонуна соттор көңүл буруусу зарыл (Мыйзам «Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 30-июлунда N 63-64-санында жарыяланган жана ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген). Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнүп жабылган кредиттин бөлүгүнө бул жобонун ченемдери жайылтылбайт. Чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык  ставка Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайызды кошуп эсептелинет (орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкасына+15 пайыз). Эгерде тил катта, заем жана кредит келишимде жактар тарабынан аныкталган пайыздар чектүү жол берүүчү пайыздардан ашкан учурда сот “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 1, 2-пункттарын колдонууга тийиш. Заем алуучунун кредитордун алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же заемдун колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн кошуп эсептелүүчү айып төлөмдүн (айыптардын, туумдардын) өлчөмү кредитордун заем алуучунун алган суммасынан эмес,  берилген насыянын же заемдун суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш (“Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 4-пункту). Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин колдонуудагы насыялар боюнча орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий сайтына жарыяланат. Орточо салмактап алынган ставканын пайызын эсептөөнүн усулу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат (Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын 2013-жылдын 18-октябрындагы №259 токтому). Жогоруда аталган Мыйзамдын 6-статьясынын 5-пунктуна ылайык эгерде кредит келишиминде же заем келишиминде пайыздардын өлчөмү чектүү жол берилүүчү пайыздан аз аныкталса, сот келишимде көрсөтүлгөн ставкалардын алкагында карайт, эгерде кредит келишиминде же заем келишиминде чектик жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнөн ашык аныкталса, сот чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнүн алкактарында гана карайт. Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышында эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот тиешелүү түрдө карызкордун жоопкерчилигинин өлчөмүн азайтат. Эгерде кредитор атайын же байкабастыктан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы менен тартылган зыяндын өлчөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн болсо же анын өлчөмүнүн азайышы үчүн ылайыктуу чара көрбөсө, анда сот карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтып коюуга да укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 357-статьясы). Эгерде кредитор карызкор сунуш кылган тийиштүү аткаруудан баш тартса же мыйзамда же келишимде белгиленген же ишкер жүгүртүү каада-салтынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан аракеттерди жасабаса, эгерде мындай аракеттер иштелмейинче карызкор өз милдеттенмесин  аткара албай турган болсо, анда кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет (Кыргыз Республикасынын  ГК 369-статьясы). Башка жактын эсебинен сактоонун натыйжасында бөтөн акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн ошол каражаттын суммасына карата пайыздарды азайтууда соттор банктын пайызынын өлчөмүн (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасын), мыйзамдуу айып төлөм сыяктуу эле (Кыргыз Республикасынын ГК 321, 360-статьялары), милдеттенмени бузуудан келип чыккан зыяндын өлчөмүн эске алуусу зарыл. Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышында эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот карызкордун милдеттенмелеринин аткарылбай калышы карызкордун канчалык аракеттеринен улам келип чыккандыгына, жана канчалык кредитордун аракеттеринин натыйжасында келип чыккандыгына баа берип, зыяндын өлчөмүн кредитордун күнөөсүнүн даражасына ылайык азайтуусу керек (Кыргыз Республикасынын  ГК 357-статьясы). Заем милдеттенмелери боюнча талаштарды чечүүдө кредитордун өзү карызды кайтаруу мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн карызкор пайызды төлөөгө милдеттүү эмес экендигин соттор эске алуусу зарыл (Кыргыз Республикасынын ГК 369-статьясынын 3-пункту). Кыргыз Республикасынын ГК 369 жана 371-статьяларында көрсөтүлгөндөй эгерде кредитор карызкор сунуш кылган тийиштүү аткаруудан баш тартса же мыйзамда же келишимде белгиленген же ишкер жүгүртүү каада-салтынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан аракеттерди жасабаса, эгерде мындай аракеттер иштелмейинче карызкор өз милдеттенмесин аткара албай турган болсо, анда кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет. Эгерде кредитор аткарууну кабыл алуу менен жарым жартылай аткаруу жөнүндө  карызкорго тил катты бербеген болсо, карыз документин кайтарып бербесе, толук аткарууну кабыл алуу боюнча берилген тил катта көрсөтүлбөгөн болсо, мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат. Кредитор аткарууну кабыл алуу менен карызкордун талабы боюнча аткарууну толук же бир бөлүгүн кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү. Кредитор тил кат берүүдөн, карыз документин кайтарып берүүдөн же аны кайтарып берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө тил катка белгилөөдөн баш тартканда, карызкор аткарууну токтотуп турууга укуктуу. Мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат. Иш башкача экендиги далилденгенге чейин карыз документинин (тил кат) карызкордо болушу милдеттенменин токтотулушун күбөлөндүрөт. Жоопкер акчаны чындыгында албагандыгын акчасыздыгы же аргасыздыгы боюнча заем келишимин тосмо доо арыз менен же өз алдынча талашууга укуктуу экендигин соттор көңүлгө алуусу керек. Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет (Кыргыз Республикасынын ГК 729-статьясынын 3-пункту). Бул учурда Кыргыз Республикасынын ГК 212-статьясынын талабына ылайык доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү 3 жыл  колдонулат. Заем келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек болгон учурда (Кыргыз Республикасынын ГК 729-статьясынын 2-пункту) келишим алдамчылыктын, күч көрсөтүүнүн, коркутуунун, заем алуучунун өкүлүнүн заем берүүчү менен арам ойдо макулдашуусунун негизинде түзүлгөндөн тышкары учурларда, акчасыздык боюнча күбөлөрдү тартуу менен талашууга жол берилбейт. Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара ниеттик макулдашуусу боюнча түзүлгөн бүтүм, ошондой эле экинчи жак пайдаланган шартка караганда жак өзү үчүн өтө оор шарттын келип чыгышынан улам түзүүгө аргасыз болгон бүтүм (аргасыз бүтүм) жапа чеккендин доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн экендигин соттор тарабынан эске алынышы керек (Кыргыз Республикасынын  ГК 197-статьясынын 1-пункту). Эгерде заем келишими аргасыз бүтүмдүгү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ГК башка негиздери менен жана негиздүүлүгүнүн фактысын аныктоо боюнча талашылса, заем келишими  жараксыз деп таанылат. Бул учурда доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ГК 199-статьясынын талабына ылайык колдонулат. Кыргыз Республикасынын ЖПК 104-статьясына жана “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп арызды берип жаткан тараптар талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды койгон үчүнчү жактар, арыз ээлери саналат. Мамлекеттик алымдын өлчөмү коюлган доонун суммасынан аныкталат. Тараптардын арызы боюнча, алардын макулдашуусу сот тарабынан бекитилгендигине, талашты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш боюнча өндүрүш кыскартылган  же жоопкер доону толук мойнуна алгандыгынан улам чечим чыгарылган учурда мамлекеттик алымдын айрым бөлүгү кайтарылып берилет. Аталган учурларда тиешелүү соттук инстанцияда төлөнүүгө жатуучу мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын ЖПК 108-статьясынын 3, 5-пункттары). 25.Заемдун суммасын жана анын пайыздарын өндүрүүдө сот Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 4-пунктуна ылайык эсептөө жүргүзүүгө тийиш, эсептөөдө карыздын негизги суммасы, карыздын пайызынын көлөмү, качантан баштап кайсы мөөнөткө чейин жүргүзүлөрүнүн мөөнөтү, төлөнүүчү сумма улуттук валютанын тийиштүү учурдун (датанын) расмий курсу менен көрөстүлүшү керек. Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун “Соттун чечими жөнүндө” 2018-жылдын 28-февралындагы №4 токтомуна ылайык соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу же доодон толук же айрым бөлүгүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби камтылууга тийиш. Сот чечиминин аткарылышы боюнча талаш-тартыштар болбос үчүн чечимдин резолюциялык бөлүгү  так жана түшүнүктүү баяндалууга тийиш. Заем суммасын өндүрүү боюнча доону канаттандырууда сот  чечимдин корутунду бөлүгүндө өндүрүлүүгө жаткан баардык суммаларды, алар: негизги карыз, кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, пайыздар, айып-төлөм, мамлекеттик алым, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен соттук чыгымдар төлөнөөрүн  көрсөтүшү керек. Ушул Токтомдун кабыл алынуусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун “Карыз келишими боюнча талаштарды чечүүдө соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө” 2002-жылдын 29-ноябрындагы № 6 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.     Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы                                                    А. Токбаева   Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы                                                         К. Осмоналиев  
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ   2018-жылдын 31-майы                                                                                          Бишкек шаары № 13   «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө»    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди жалпылоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин жана «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүүгө байланыштуу, мыйзамдардын бул укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдерин соттор тарабынан туура жана бирдиктүү колдонулуусун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат: Сотторго жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерин (административдик актыларын), аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштер сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 15 жана 16-беренелерине ылайык каралары түшүндүрүлсүн. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери (административдик актылары) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 174-беренесинин негизинде мыйзамдарга ылайык келбеген  жарандын же юридикалык жактын жарандык укуктары жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузган учурда жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 174-беренесине ылайык жараксыз (мыйзамсыз) деп таанылышы мүмкүн. Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттери (аракетсиздиги) деп жогоруда аталган маселелерди чечүү функцияларына кире турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан кандайдыр бир аракеттерди жасоо (жасоодон баш тартуу, жасабоо же административдик актыны кабыл албоо) түшүнүлөт. Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан административдик органдын административдик актысын, аракеттерин (аракетсиздиги) толугу менен же болбосо бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө иштер райондор аралык сотко караштуу (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 15, 16-беренелери). Мында, административдик иштер актысы, аракеттери (аракетсиздиги) талашылып жаткан органдын жайгашкан орду боюнча караларын эске алуу керек. Административдик доогер болуп өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак же болбосо административдик доо прокурор тарабынан же мыйзам менен кайрылуу укугуна ээ болгон башка жак тарабынан анын кызыкчылыгында берилген жак саналат. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы арыз ээси катары административдик жол-жоболорду колдонгон учурда гана доогер болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 15-беренесине ылайык административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде төмөнкү административдик иштер каралат: — административдик актыны же административдик органдын аракеттерин толугу менен же болбосо бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;              — административдик органдын доогерди чектөөчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө; — административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же тиешелүү аракеттерди жасоо милдети жөнүндө; — административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө; — административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө. Ошону менен бирге, соттор административдик акт, административдик органдын аракеттери же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, андан ары соттук тартипте даттаныларын эске алуу керек (Кыргыз Республикасынын административдик-процесстик кодексинин 5-беренесинин 4-бөлүгү, «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренеси). Жогору турган административдик орган же жогору турган кызмат адамы (мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөтү) жок учурда административдик акт, административдик органдын аракети жана аракетсиздиги түздөн-түз соттук тартипте даттаныларын соттордун эске алуусу керек. Мында административдик актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркине каршы мүлктү алып коюуга (мисалы, жер участогун берүү жөнүндө актыны жокко чыгаруу) алып келе турган, ошондой эле административдик органдын административдик актыны кабыл албоо түрүндөгү аракетсиздигин талашып жаткан учурларда милдеттүү түрдөгү сотко чейинки даттануу тартиби колдонулбай турганын эске алынууга жатат. («Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренеси жана 57-беренесинин 3-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана жер менен байланышкан мамилелерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында жер участогуна болгон укук эки түрдө жүзөгө ашырылат: менчик укугунун негизинде (жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчик) жана колдонуу укугунун негизинде (мөөнөттүү жана мөөнөтсүз). Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө болот. Мамлекеттик жер колдонуучуларга берилген токой, суу фондуларындагы жерлер, өзгөчө корголуучу жаратылыш территорияларындагы жерлер, запастагы жерлер, чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер, айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлери, жайыттар жана жеке, муниципалдык менчикке берилбеген башка жерлер мамлекеттик менчикте турат. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот. Жерге болгон мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде  жүзѳгѳ ашырат. Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет жана алардын чектери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат (КР Жер кодексинин 4, 21- бер.). Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу жана тескѳѳнү тѳмѳнкүлѳр жүзѳгѳ ашырат: — айылдык аймактын чегинде – жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл ѳкмѳтү); — шаарлардын чегинде – жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары (шаардын мэриясы). Айылдык аймактын, шаардын чегиндеги мамлекеттик менчиктеги жерлерди башкарууну жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары мыйзамдын же келишимдин негизинде бѳлүнүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын алкагында аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык ѳз алдынча жүзѳгѳ ашырат («Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси). Айыл ѳкмѳтү тѳмѳнкүлѳрдү жүзѳгѳ ашырат: — айылдык аймактын чегинде жеке жактарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун менчикке берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренеси, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобо); — жер участокторуна менчик же ижара укугун акысыз же акы төлөө менен берүү  (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Типтүү жобо); — турак жана турак эмес жайлардын ээлерине көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогун жалпы менчикке берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 токтому менен бекитилген «Кѳп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана жол-жоболоштуруу тартиби жѳнүндѳ» Убактылуу жобо); — Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу» Типтүү жобо); — жайыттарды пайдаланууга берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренеси); — жер казынасын пайдалануу үчүн  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жер участокторун  берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” Жобо); — асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо). Райондук мамлекеттик администрациялар тѳмѳнкүлѳрдү жүзѳгѳ ашырат: — мамлекеттик менчикте турган жерлерден жер участокторун менчикке берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренеси); — жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы жер участокторду пайдаланууга берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жѳнүндѳ» Жобо, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 токтому менен бекитилген  «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, энергия жабдуу жерлери жана аларды колдонуу тартиби жѳнүндѳ» Жобо); — коргоо муктаждыгы үчүн берилген жерлердин айрым жер участокторун айыл чарба максаттарына пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына убактылуу пайдаланууга берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 83-беренеси); — асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин ѳздѳштүрүү жана айыл чарба ѳндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо); — «Запастагы жерлер» категориясынан жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына которуу менен айыл чарба ѳндүрүшүнѳ берүү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген «Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жѳнүндѳ» Жобо). Шаарлардын мэриялары тѳмѳнкүлѳрдү жүзѳгѳ ашырат: — шаардын чегиндеги жерлерден жер участогун менчикке берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренеси, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобо); — жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Типтүү жобо); — турак жана турак эмес жайлардын ээлерине көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогун жалпы менчикке берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 токтому менен бекитилген «Кѳп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздѳѳ тартиби жѳнүндѳ» Убактылуу жобо); — калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерди жеке жана юридикалык жактарга беш жылдык мѳѳнѳткѳ чейин ижаранын шартында мѳѳнѳттүү (убактылуу) колдонууга  берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренеси). Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тѳмѳнкүлѳрдү жүзѳгѳ ашырышат: — жарандарга жеке турак жай куруу үчүн муниципалдык менчикте турган жер участокторун берүү (Бишкек шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 196 токтому менен бекитилген «Жер ресурстар башкармалыгы жѳнүндѳ» Жобо); — жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Типтүү жобо, Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укугун акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Жобо, Ош шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 11-майындагы № 32 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Жобо). Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү (же болбосо Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 19-беренесине ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тѳмѳнкүлѳрдү жүзѳгѳ ашырат: — ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген жерлерден башка суу чарба фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде айылдык, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыгы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка максаттарга пайдаланууга берүү (Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-беренеси); — ижара келишими боюнча токой фондунан участок берүү (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескѳѳ Тартиби); — пайдалуу кен чыккан жерлерин Мамлекеттик резервинин жерлеринин чегинде жер участокторун пайдаланууга берүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 19-1 беренеси); — жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу боюнча мамлекеттер аралык жана мамлекеттик максатта Кыргыз Республикасынын чегиндеги жерге ээлик кылуу; — жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө башка мамлекеттер менен келишим түзүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренеси). Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренеси). Жер участоктору мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга, коомдук бирикмелерге, коомдук фондуларга, диний уюмдарга берилет. Башка жеке жана юридикалык жактарга жер участоктору менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет. Ошону менен бирге, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жер участогуна жеке менчик болгондо жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда — жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга укук берген мамлекеттик акт; жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда — жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими; жер үлүшүн берүүдө — жер участогуна жеке менчик укугунун күбөлүгү жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 31-беренеси). Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү, райондук мамлекеттик администрация) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (шаарлардын мэриялары, айыл ѳкмѳтү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилгенден башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга  соодалашып (тоорукда) сатуу аркылуу берилерин эске алуу керек. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте соодалашууну өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында жер участогун жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренеси). Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык бул тооруктарды өткөрүү тартиби атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомдорунун редакцияларындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жѳнүндѳ» Типтүү жобо, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Типтүү жобо, Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳ» Жобо). Соодалашуунун жыйынтыгы боюнча жер участокторун берүү менен байланышкан талаштар (анын ичинде сооданы жараксыз деп таануу жѳнүндѳ, соодалашуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгѳн келишимди ѳзгѳртүү же бузуу жѳнүндѳ, соодалашуунун жыйынтыгы боюнча келишимди түзүүгѳ мажбурлоо) соттор тарабынан жарандык сот ѳндүрүшү тартибинде каралат (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 410, 411-беренелери). Ошону менен бирге, соодалашуулардын жыйынтыгы боюнча жер участокторун берүү менен байланышкан ыйгарым укуктуу органдын аракеттери (аракетсиздиги) административдик сот ѳндүрүшүнүн тартибинде каралат (мисалы, ыйгарым укуктуу органдын ѳткѳрүлгѳн соодалашуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгѳн келишимди каттоодон баш тартуусу). Ушуну менен бирге, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн экенин эске алуу керек (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 2-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясында) менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери өздөштүрүүгө иштетилчү мезгилде айыл чарбалык өндүрүш жүргүзүү үчүн 7ден 10 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет. Өздөштүрүлгөн жер участогу пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин аталган Жобонун талаптарына ылайык менчикке берилиши мүмкүн. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлеринен жер участогун айыл чарба өндүрүшү үчүн өздөштүрүүгө берүү жөнүндө өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын жарандары жер участогу аймагына караган тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (айыл ѳкмѳтүнѳ) беришет. Өтүнүчтө жер участогун өздөштүрүүнүн негиздемеси көрсөтүлөт, арыз ээсинин өздүгүн билдирүүчү документтин көчүрмөсү жана иштетүүгө сунуш жасалып жаткан жер участогунун планы тиркелет. Каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу/тескөө компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (муниципалдык менчикте турган жерлерге карата) жана жергиликтүү мамлекеттик администрация (мамлекеттик менчикте турган жерлерге карата) жер участокторун ѳздѳштүрүүгѳ берүү же болбосо баш тартуу жѳнүндѳ чечим чыгарат. Жер участокторун өздөштүрүүгө берүү жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: негизи; жер участокторунун чегаралары жана жайгашуусунун сүрөттөмөсү, аянттары жана кадастрлык номерлери менен кошо; жер участогу айыл чарба жеринин кайсы түрү үчүн өздөштүрүлөөрү; арыз ээсине жер участогун өздөштүрүү боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жөнүндө тапшырма. Жер участокторун төмөнкүдөй учурларда өздөштүрүүгө берүүгө болбойт: Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жер участокторун берүүгө чектөө коюлган же тыюу салынган учурда; айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары терс корутунду берсе; өтүнүч айыл чарбалык өндүрүш үчүн өздөштүрүүдөн башкага берилсе; ал жерлер калктуу конуштардын башкы пландарына жана курулуш куруу пландарына ылайык алардын чегинин ичинде болсо. Мында, тѳмѳнкүнү эске алуу керек, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) эгер жер пайдалануучу үч жылдын ичинде жер участокту өздөштүрүүгө киришпесе; 2) эгер жер пайдалануучу жүргүзүүчү иштер жанаша жер пайдалануулардын мелиорациялык абалы орчундуу начарлашына, жерлердин деградациясына, эрозиялык процесстердин күчөшүнө, жер көчкү процесстерине жана башка факторлорго дуушарлантышы мүмкүн болсо. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлериндеги жер участогун пайдалануу укугунун   пайдалануу мөөнөтү бүткөнгө чейин токтотулушу иш жүзүндө  жер участогун алып коюу болуп эсептелет, ушуга байланыштуу ал сот тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн экенин соттор эске алуусу керек  (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 69-беренесинин 1-бѳлүгү). Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 22-беренесине ылайык жер участогуна болгон менчик укугу тѳмѳнкү учурларда пайда болот: — Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте жер участогуна укук берүү; — жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер участогуна укукту өткөрүп берүү; — универсалдуу укук  улантуучулук (мурастоо) тартибинде жер участогуна укуктун өтүшү менен; — мыйзамдарда каралган башка негиздер (соттун чечими боюнча, имаратты, курулушту жа башкаларды приватизациялоодо) боюнча пайда болот. Кыргыз Республикасынын жер фондусу айыл чарбалык жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт: 1) айыл чарба багытындагы жерлер; 2) калктуу конуштардын жерлери (шаарлардын, шаар тибиндеги поселкалардын жана айылдык калктуу конуштардын); 3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; 4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; 5) токой фондусунун жерлери; 6) суу фондусунун жерлери; 7) сактоодогу жерлер; 8) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери. Бир категориядагы жер участоктору аларды башка категорияга которбостон (жерлердин трансформациясы) башка багытта колдонуу үчүн берүү мүмкүн эмес экенине соттордун көңүлү бурулууга жатат. Которулган жер участогуна укукту ырастоочу документ берилген учурдан тартып жерлерди которуу болду деп эсептелет (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренеси). Жерлерди Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренесинде көрсөтүлгөн категорияларга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын негизги максаттык багыттарына ылайык жүргүзүлөт. Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт. Жерлерди категорияларга киргизүү жана бир категориядан экинчисине которуу иши өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт. Жерлерди максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 12-беренелери). Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 8-1 пунктуна ылайык   баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн — бир түрдөн башкасына которууну райондук мамлекеттик администрация жүзѳгѳ ашырат. Айыл чарба жерлерин (айдоо аянттарын, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди, көптөн бери пайдаланылбаган жерлерди, чабындыларды, жайыттарды, запастагы жерлерди) жерлердин түрлөрүнө же башка категориядагы жерлерге которуу; токой фондунун жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу; суу фондунун жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу; коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлерди башка жерлердин түрлөрүнө же башка жерлердин категориясына которуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан жүзѳгѳ ашырылат. Башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жерлердин трансформациясын жүзѳгѳ ашырууга укуксуз. Жерлерди бир категориядан экинчисине которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынын аныкталат. Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу менен байланышкан талаштарды чечүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун которууга чектөөлөр коюлган же болбосо мындай которууга тыюу салынган учурларда жер участокторун которууга жол берилбестигин соттор эске алуулары керек (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 8-бөлүгү). Ушуга байланыштуу “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 Мыйзамына ылайык айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилгендигин соттор эске алсын. Айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттарга багытталган жерлер айыл чарба багытындагы жерлер деп эсептелет (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 72-беренеси). Айыл чарба багытындагы жерлердин курамына (айдоо аянттарын, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди, көптөн бери пайдаланылбаган жерлерди, чабындыларды, жайыттарды, запастагы жерлерди) айыл чарба аянттары жана чарбалардын ичиндеги жолдор, коммуникациялар, туташ көлмөлөр, курулуштар жана айыл чарбасынын иштеп туруусу үчүн зарыл болгон имарат жайлар ээлеген жерлер кирет. Соттор жайыт жерлерге тиешелүү талаштарды чечүүдѳ жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес экенин эске алуулары керек (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 233-1 беренеси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 4-бөлүгү, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренеси). Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат, жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт («Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 15-беренелери). Жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тартибин белгилөө айыл ѳкмѳтүнүн ыйгарым укуктарына кирерин эске алуу зарыл (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренеси). Ушуну менен бирге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелген жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүгө укуктуу («Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бѳлүгү). Жайыттарды колдонуунун укук белгилѳѳчү документи болуп жайыт комитети тарабынан берилүүчү жайыт белети саналат. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган укугу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайыт пайдалануучуларга «Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүн ижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштырыларын соттор эске алуулары керек. Жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуучу мурда белгиленген укуктук жол-жоболорго ылайык түзүлбөгөн же катталбаган жайыт ижаралоо жараксыз деп табылат («Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси). «Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык  жайыт белети болбогон учурда жайыттар максаттуу багытта пайдаланылбаган (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пункту) катары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 65-беренесинде каралган тартипте алып коюулууга тийиш. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылдан ашык пайдалануу укугу мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткө пайдалануу укугу белет алуучунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн. Жайыт комитетинин чечиминен келип чыккан талаш-тартыштар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (айыл өкмөтү) аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечилет. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш сот тартибинде чечилет («Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси). Айыл чарба багытындагы жер участокторун берүү менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздиги) талашуу жѳнүндѳ иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине берилүүчү жер участогунун чектелүү өлчөмдөрү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери (айдоо жер, кысыр аңыздар, чөп чабындылар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер) менен камсыз болушун эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталарын соттор эске алуулары керек (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренеси). Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө алганда 0,10 гектардан аз жер участогу (айдоо жери) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана ошол айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болот, ал эми Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте берилиши мүмкүн экенин эске алуу керек. Айыл чарба жерлеринен (сугат, кайрак жерлер) түзүлгөн жер участоктору Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондун түзөт жана мамлекеттик менчикте турат. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусуна жайыттар кирбей турганын эске алуу керек. Ушуну менен бирге, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлө турган соодалашуу аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү Жер комиссиясын түзөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү кирет (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жѳнүндѳ» Типтүү жобо, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомдун редакциясында). Мында, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча соодалашууга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт: Жер комиссиясынын мүчөлөрү; аукциончу. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага соодалашуу менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар; Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле жогоруда аталган Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар; үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө; социалдык багыттагы субъекттер. Соодалашуунун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт, ал жер участогун ижаралоо келишимин түзүү үчүн негиз болуп эсептелет. Жер участогун түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүдө да ижаралоо келишими түзүлөт. Ижаралоо келишиминин тараптары болуп тиешелүү айыл өкмөтү жана жер участогун колдонуу укугун алган адам эсептелет. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине тийиштүү ижарага алынуучу жер субижарага берилиши мүмкүн эмес. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу» Типтүү жобонун 85, 86-пункттары). Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери сатуу жолу аркылуу менчикке берилиши мүмкүн эместигине соттордун көңүлү бурулууга жатат. Өзгөчө учурларда гана Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жер участокторун Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат («Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренеси). Айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунан кайрак жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу мөөнөттөрү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн: ижара акысын, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убагында төлөсө; Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланса жана агротехникалык талаптарды сактаса. Келечек планда калктуу конуштардын жерлерин кеңейтүү үчүн аныкталган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери кыска мөөнөттүү гана ижарага берилет. Айыл аймагынын чегиндеги жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин өлчөмү жана конкреттүү ижара мөөнөттөрү Жер комиссиясы тарабынан аныкталат. Чет элдик жактарга Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери берилбейт. Соттордун көӊүлү төмөнкүгө бурулууга жатат, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлерди берүү жана жеке менчикке берүүгө тыюу салынат: — чет өлкөлүк жарандарга, юридикалык жактарга жана мамлекеттерге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда; — Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдарга; — жубайларга, эгерде алардын бири чет мамлекеттин жараны болсо же жарандыгы жок адам болсо; Эгерде айыл чарба жерлеринин мурастоочусу чет өлкөлүк жак болсо, анда ал бир жылдын ичинде жер участогуна укугун Кыргыз Республикасынын жаранына ээликтен ажыратууну жүргүзүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 37-беренеси, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси). Мында, чет өлкөлүк юридикалык жак — төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак: 1) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; 2) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон; 3) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдолуучу же башкарылуучу; 4) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон; 5) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 1-пункту). Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштардын (шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын) жерине кирет. Калктуу конуштун жерлери мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланыларын эске алуу керек. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын — жер пайдалануу жана үй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт. Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол бериле турганына көӊүл буруу керек. Мында, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын убактылуу пайдаланууга берилген жер участоктору субижарага берилиши мүмкүн эмес (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-беренесинин 9-бөлүгү). Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, жеке турак үйдү курууга берилет (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренеси). Чет өлкөлүк жарандарга турак үйдү курууга жер участоктору берилбей турганына көӊүл буруу керек. Анткени чет өлкөлүк жактарга жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилет (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренеси). Жеке турак үйдү куруу үчүн айылдык аймактын, шаардын чегинде жер участогун менчикке алган Кыргыз Республикасынын жараны жеке турак үйдү куруу үчүн башка айылдык аймакта, шаарда же башка калктуу конуштан жер участогун менчикке акысыз алууга укугу жок экенин соттордун эске алуулары керек. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жер участогун алуу үчүн жер участогу жайгашкан жердеги ыйгарым укуктуу органга арыз берет (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобо, токтомдун 2018-жылдын 29-январындагы № 59 редакциясында). Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет. Келтирилген документтерди кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия жүзөгө ашырат. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ал ыйгарым укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жана жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жол-жоболоштуруу жөнүндө чечимин даярдоого негиз болот. Жер участогун Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз берүү бош жерлер болгондо, башкача айтканда үчүнчү жактардын укуктары менен чектелген эмес жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөргө ээ болбогон учурларда жүргүзүлөт. Айылдык аймактардын чегинде жер участогун менчикке берүүнү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы – айыл өкмөтү жүзөгө ашырат, мында айыл өкмөтүнүн жер участогун берүү тууралуу чечимин бекитүү талап кылынбайт. Шаардын четтериндеги жер участогун менчикке жана (же) пайдаланууга берүү шаарлардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (мэрия, шаардык управа) тарабынан жүзөгө ашырылат. Райондун четтериндеги мамлекеттик менчиктеги жерлерден жер участогун менчикке берүү райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүзөгө ашырылат. Бишкек жана Ош шаарларынын четтериндеги жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү шаардын Башкы планына, шаардын деталдуу пландаштырылышынын жана курулушунун долбооруна ылайык Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ошону менен, жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо — облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо). Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу тийиштүү атайын укуктуу орган түзүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү кирет. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлдүк органдары (жергиликтүү кеңеши) аныктайт. Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзүлөрүн эске алуу зарыл, ага төмөнкүлөр кирет: — жер участогунун жайгашкан орду (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо); — жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен; — инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду. Муну менен бирге, Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жарандарга жер участкаларын берүүнүн тартибине байланышкан иштерди кароодо Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 196 токтому менен бекитилген “Жер ресурстар башкармалыгы жөнүндө” Жобого ылайык Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жерлерди кошуу менен жер участокторго укуктарды берүү үчүн арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча соодалашууну уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо Бишкек шаарынын Мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырыла тургандыгын соттор эске алсын. Бишкек шаарынын Мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы жер участокторду сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду сатуу жөнүндө сунуштарды уюштурат жана киргизет. Бишкек шаарынын жер участокторунун наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти жана жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү боюнча ишти белгиленген тартипте уюштурат. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобосу менен белгиленген. Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык соодалашууда ишке ашырат. Жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен дагы ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участогуна укукту берүү боюнча соодалашууну ыйгарым укуктуу орган уюштурат (Жобо боюнча – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү) (Жобонун 6-пункту). Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан бекитилет (Жобонун 7-пункту). Комиссиянын функциясына жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгаруу, соодалашуунун жыйынтыгын аныктоо кирет (Жобонун 8-пункту). Соодалашуунун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ыйгарым укуктуу орган соодалашуунун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт (Жобонун 65-пункту). Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес. Жобого ылайык (71-пункт) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери гана даттанылышы мүмкүн. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу жана жер участокторуна болгон менчик таандык жана/же ижара укуктарын сатуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгаруу үчүн Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобонун 7-пунктуна ылайык Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча Комиссия түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобосу боюнча соттор ыйгарым укуктуу органдарды айырмалай билүүсү керек. Жер участокторуна укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Эгер, жер участокторун берүү боюнча комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынбаса, ошондой эле соодалашуунун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу менен алган сатып алуучу менен жер участогун сатуу-сатып алуу же ижарага берүү келишимдери түзүлгөн учурларда, соттук тартипте тооруктун же түз сатуунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн бүтүмдөр талашууга жатат. Жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жер участогун берүү боюнча Комиссия өткөргөн тооруктар кызыкдар жактар тарабынан талашылышы мүмкүн. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобого ылайык жер участокторуна ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат, ал эми ушул жободо каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү түз сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) түз сатуу жолу менен берилерин эске алуу керек, эгер: мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто жайгашкан имараттар жана курулмалар, анын ичинде ошол адамдарга менчик укугунда таандык болгон курулушу бүтө элек объекттер болсо; жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе; ал объекттин аянтын кеңейтүү максатында кирүүчү топту куруу же кошуп куруу, көрктөндүрүү үчүн жер участок менчик укугундагы жактарга таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын жанында жайгашса жана тейлөө жана көрктөндүрүү максатында токтотуу орундарын уюштуруу үчүн талап кылынса, ошондой эле, ушундай жер участокко үчүнчү жактарга укук берилип, менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келген учурларда. Көп кабаттуу турак үйлөрдө кошумча курулма же кирүү топ куруу үчүн үй алдындагы жер участогун процедурасыз жана турак жана турак эмес жайлардын бардык ээлеринин макулдугусуз жер участогун берүүгө жол берилбешин сөзсүз эске алынсын. Өзүнчө жер участоктору комиссиянын чечими боюнча курулган турак жана/же турак эмес жайлардын бөлүгүн кийин конкурстун жеңүүчүсү (куруучу) тарабынан муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен берилет. Конкурс өткөрүүнүн кошумча шарттары комиссия тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде белгиленет. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан протоколго кол коюлган күндөн тартып 5 күндүн ичинде жер участогунун ижара келишими түзүлөт. Жер участогуна ижара укугу тийиштүү келишим түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан кийин пайда болот. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин үч күндүк мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык комиссия түзүлөт. Берилген компетенциянын чегинде Комиссия ижарага берүүлүүчү жер участокторунун тизмегин конкурстук негизде аныктайт жана старттык баасынын өлчөмүн бекитет. Мында конкурстун катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, ошондой эле чет элдик жактар болушу мүмкүндүгү эске алынсын. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) менчикке берилбей тургандыгына көңүл бурулсун. Ошону менен бирге, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесинин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жана жеңил типтеги куруштарга уруксат берилиши мүмкүндүгүн соттор эске алышсын. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-беренесине ылайык өнөр жай ишканаларын, турак-жай муниципалдык чарба объектилерин, темир жана автомобиль жолдорун, май куюу бекеттерин, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды, электр линияларын, магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү куруу үчүн, ошондой эле башка айыл чарба багытында болбогон багыттар үчүн айыл чарба багытында болбогон же айыл чарбасына жараксыз жерлер берилет. Электр, байланыштын линиялары, транспорт жана өнөр жай объектилери үчүн бөлүнгөн жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерди пайдалануучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына убактылуу пайдаланууга бериле тургандыгы эске алынсын. Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүн, мекемелерин, аскердик-окуу жайларын жана башка уюмдарын жана коргонуу менен коопсуздук жагынан милдеттерди аткарган башка аскерлерди жайгаштыруу жана туруктуу иштетүү үчүн берилген жерлер коргонуунун жерлери деп эсептелет. Ыйгарым укуктуу органдар коргоо чөйрөсүндөгү  мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен коргоо муктаждыгы үчүн берилген жерлердин айрым жер участокторун айыл чарба максаттарына пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына убактылуу пайдаланууга бериши мүмкүн. Кыргыз Республикасында жаратылыш ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат. Пайдалуу кендери бар аянттарда курулуш куруу үчүн жер участокторун берүү “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөрүн эске алуу зарыл (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренеси). Мында жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат, Кыргызстандын элинин жашоосунун жана эмгегинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот (“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси). Жер казынасынын Мамлекеттик фондун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги колдонуудагы жана колдонуудагы эмес жер казыналары түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасынын Мамлекеттик фондун түздөн-түз мамлекеттик органдар аркылуу: — жер казынасын изилдөөдө жана өздөштүрүүдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууну; — тоо-кен ишкердик ишти өнүктүрүү жана монополияга каршы саясаятты жүргүзүүнү; — мамлекеттик лицензиялоо тутумунун иштешин камсыздоо, жер казынасы жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын жана лицензиялоонун шарттарынын сакталышын контрольдоону; — жер казынасын акы төлөп колдонуу системасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, минералдык чийки заттын жана товардык продукциялардын рыногунун конъюктурасын изилдөөнү; — жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу, жер казынасын колдонууда инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууну; — казып алуусу жана пайдалуу кендердин чалгындалган запастарынын кыймылын, тындыруусун, экспертизасын, жер казынасынын изилденгендигинин абалын эсепке алууну; — жер казынасынын Мамлекеттик фондун түзүү, өнүктүрүү жана башкарууну; — бюджеттин каражаттарынан каржыланган жер казынасын геологиялык изилдөө мамлекеттик заказын негиздөөнү; — жер казынасын колдонуунун техникалык стандарттарын, ченемдик-методикалык жоболорду, тартиптерди, регламенттерди иштеп чыгууну; — жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууга жана коргоону контрольдоону; — республиканын адистештирилген мекемелеринин эксперттерин жана зарыл болсо эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин тартуу менен тоо-кен жана геологиялык чалгындоо долбоорлорунун жер казынасын пайдалануу жана коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүгүнө экспертиза жүргүзүүнү; — жер казынасын пайдалануу менен байланышкан тоо-кен иштерин жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө техникалык коопсуздукту камсыздоону көзөмөлдөөнү; — улуттук коопсуздукту жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында айрым участоктордо жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүүнү; — жер казынасын пайдалануу укугунун маселелери боюнча талаштарды чечүүнү тескейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагына жер казынасын пайдалануу укугун (лицензия) алгандан кийин лицензиялык макулдашууда жана лицензияда аныкталган чектерде жана мөөнөттөрдө жер казынасын пайдаланууга жер бөлүндүлөрүн берүү кирет. Жер казынасы төмөнкүлөргө пайдалануу үчүн берилет: — геологиялык изилдөөгө (геологиялык издөө  жана  геологиялык чалгындоо иштери); — техногендик кендерди кошкондо, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө; — пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого (мунайзатты, газды жана башка заттарды, материалдарды сактоого, зыяндуу заттарды көмүүгө, жердин жылуулугун пайдаланууга жана башка керектөөлөргө); — илимий, маданий, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка маанидеги (илимий жана окутуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы көңдөйлөр) өзгөчө корголуучу объекттерди түзүүгө. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке, чет өлкөлүк жактар жер казынасын пайдалануучулар боло алышат. Мамлекеттик менчиктеги жер казынасын пайдалануу укугу “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык берилүүчү лицензиянын негизиде берилет. Мамлекеттик менчиктеги жер казынаны пайдалануу мөөнөттөрү жер казынасын пайдалануу объектилерин лицензиялоодо белгиленип техникалык долбоорлор же техникалык экономикалык негиздемелер менен аныкталат. Жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү геологиялык издөө иштерине беш жылга, геологиялык чалгындоо иштерине – 10 жыл, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө – 20 жыл белгиленет. Мында техникалык долбоорго ылайык лицензияны пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасына геологиялык иликтөөгө лицензия берилет. Лицензиялык аянттын максималдуу өлчөмү жана лицензиялык аянттын бирдигине геологиялык иликтөө үчүн жылдык инвестициялардын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары — бул өзгөчө колдоону жана коргоо режими белгиленген жаратылыштын айрым объектилерин жана жаратылыш комплекстерин кошкон жерлердин, суулардын (авкаторий) участкалары болуп саналат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына ден соолукту чыңдоого багытталган жаратылыш аймактарынын, зоологиялык парктарынын, дендрологиялык парктарынын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктардын, мамлекеттик коруктардын (анын ичинде биосфералык) статусу берилери эске алынсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 12-октябрындагы № 502 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреация жана тарыхый-маданий максатында арналган жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобого ылайык жаратылышты коргоого арналган жерлер корук жерлер, табигый жана улуттук парктар, дендрологиялык парктар, ботаникалык бактар, заказниктер жана жаратылыш эстеликтери болуп айрымаланат. Ден соолукту чыңдоо жана рекреацияга арналган жерлер, курорттордун жана алардын санитардык коргоо жерлери, көпчүлүк эл эс алуучу жана туризм жерлери болуп айрымаланат. Тарыхый-маданий максатка арналган жерлер тарыхый-маданий коруктары, мемориалдык парктар, көрүстөн жерлери, археологиялык жана архитектуралык эстеликтер болуп бөлүнөт. Мамлекеттик корук жерлерине өзгөчө илимий, маданий-тарыхый, климаттык, жер кыртышын коргоочу, суу коргоочу баалулугу бар жер участогу, сейрек кездешүүчү геологиялык түзүлүштөр, ошондой эле типтүү жана сейрек ландшафтуу түзүлүштөр жана баалуу, сейрек учуроочу айбанаттар жашаган жана өсүмдүктөр өскөн жерлер кирет. Жаратылыш улуттук парктарынын жерлерине табигый жана адам жараткан маданий ландшафтарынын жагымдуу айкалышынан жана аларды рекреациялоо, эл агартуу жана маданий максатта колдонулушунан улам өзгөчө экологиялык, тарыхый жана эстетикалык жактан жогору бааланган жер участоктору кирет. Мамлекеттик ботаникалык бактардын жерлерине тигилген өсүмдүктөрдү, жапайы флораны коллекциялоо үчүн арналган жана илимий, рекреациялык максат үчүн пайдаланылуучу жер участкалары кирет. Дендрологиялык парктардын жерлерине ачык кыртышка өстүрүүлүчү, тутумдук, географиялык, экологиялык, көркөмдүк же башка белгилери боюнча жайгаштырылган дарактар менен бадалдарды коллекциялоо үчүн арналган жер участкалары кирет. Мамлекеттик заказниктердин жерлерине табигый фауна менен флораны коргоону камсыз кылуу үчүн чегинин ичинде чарбалык иш-аракеттердин айрым түрлөрүнө жана формаларына дайыма же убактылуу тыюу салынган жер участоктору кирет. Өздөрүнө жүктөлгөн атайын милдеттерди ишке ашыруу үчүн (курорт, профилакторий, санаторий, эс алуучу жайларды уюштуруу үчүн жана д.у.с.) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге пайдаланууга берилген жерлер ден соолукту чыңдоого жана рекреацияга арналган жерлер болуп саналат. Курорттордун жерлерине даарылык мааниси бар жана ден соолукту чыңдоону уюштуруу үчүн белгиленген тартипте дарылоо-курорттук мекемелерин пайдаланууга берилген жагымдуу шарттары бар жерлер кирет. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер участкалары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет. Токой фондусунун жерлери токой чарбасын жүргүзгөн уюмдарга жана жарандарга мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет жана алар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде белгиленген тартипте жана шарттарда пайдаланылат. Суу фондусунун жерлери (көлмөлөр, суулар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар, мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык, гидроэнергетикалык жана башка суу чарба курулуштары ээлеген жерлер, ошондой эле көлмөлөрдү жээктей кеткен тилкелерге бөлүнгөн жерлер) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн. Запастагы жерлер (менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер) мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Ыйгарым укуктуу органдардын ээлигинде турган запастагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте айыл чарба жана башка максаттар үчүн пайдаланууга берилет. Соттор имарат жана курулуш жер участокко таандык имаратка жана курулушка болгон укуктан ажыралгыс экендигин эске алышсын. Ошону менен жер участокко таандык имарат жана курулуш болуп имарат жана курулуш куруу үчүн берилген жер участогу болуп эсептелинет (укукту белгилөөчү баштапкы документтерге ылайык). Өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө — сатууга, белекке, ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз экендигине соттор көңүл бурсун. Өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча аны курган адам тарабынан же болбосо анын эсебинен бузулууга тийиш. Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 254-1-беренеси). Өзү билип тургузулган курулуштар, эреже катары, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерде жайгашкан. Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн жер участкаларына жана өзү билип курулган курулуштарына Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 265-беренесинде каралган ээлик кылуунун эскиргендиги тарабай тургандыгы эске алынсын. Мүлктүн ээси болуп саналбаган, жер участкасын ак ниеттүүлүк, ачык жана узак убакыт бою укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүргөн документтерсиз пайдаланган жаран же юридикалык жак ал жер участогуна менчик укугуна ээ боло албай тургандыгы, мындайча айтканда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 265-беренесинде каралган ээлик кылуунун эскиргендиги жер участокторуна тарабай тургандыгын соттор эске алсын. Жер колдонуучунун же ээсинин жер участогуна болгон укугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган укукту белгилөөчү документтин негизинде (чечим, токтом) жер участогунун мамлекеттик каттоосу болгондугуна карабастан пайда болот (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 22-беренеси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 7-беренеси). Ошону менен бирге бүтүмдөн келип чыккан укуктардын мамлекеттик каттоонун жоктугу анын жараксыз болушуна алып келерин соттор эске алуу керек. Мындай бүтүм арзыбаган бүтүм, ал эми укук жараксыз деп эсептелинет (“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгү). Жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жер участогуна укугун күбөлөндүргөн документ алынып, анын (жеринде) чеги аныкталып жана жер участогуна болгон укугу катталмайынча жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренеси) Жер пайдалануучунун жер участогуна болгон укугун күбөлөндүргөн документтин болгондугу (жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк, ижара келишими) ага карата жер участогун убактылуу пайдалануу укугун же менчик укугун соттук тартипте таануу үчүн алдын ала чечүүчү жагдай болуп эсептелбей тургандыгына соттордун көнүлү бурулсун. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун менчикке берүүдө жеке менчик укугун берген мамлекеттик акт – жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документ болуп саналат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун пайдаланууга берүүдө төмөндөгүлөр: — жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда — жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга укук берген мамлекеттик акт; — жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда — жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими болуп саналат. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер укукту белгилөөчү актылардын (чечимдердин, токтомдордун) негизинде берилери эске алынсын. Жер участогуна болгон укукту белгилөөчү актылардын жоктугу укукту күбөлөндүрүүчү документин жараксыздыгына алып келет. Жер участкаларын алып салуу жана берүүгө байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин талашуу жөнүндө иштерди карап жатып “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мурастап ээлик кылууга укук алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон жеке менчик укугу документтерди кандайдыр-бир түрдө кайра толтурбастан, бекер жана кошумча акысыз, атап айтканда, алардын: — жер үлүшүнө болгон укугу (жер үлүшү – бул Кыргыз Республикасынын жаранына жер-агрардык реформанын жүрүшүндө бекер менчикке берилүүчү айыл чарба багытындагы менчик укугу күбөлүк менен ырасталуучу жер участогу (чарба жерлери боюнча); — бакча алдындагы, багбанчылык-дачалык жер участогуна болгон укугу; — турак жай жана дача үйлөрүнүн алдындагы жер участокторуна болгон укугу; — турак жай жана дача үйлөрүн куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон укугу тааныларын соттордун эске алуулары керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин айыл чарба багытындагы жер участокторун чарбалык орточо жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн жогору пайдаланууга укук алган жана ал үчүн акчалай компенсацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон менчик укугу жер участогуна болгон жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документти кийин толтуруу менен жүргүзүлөт. Мында жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн ашык жер участоктору үчүн акчалай компенсацияны төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан жер участогуна менчик укугун күбөлөндүрүлгөн документтерди толтурууда кошумча акы алынбайт. Кыргыз Республикасынын: — Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга же ижарага алган жана жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жарандарынын; — түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин уруксатсыз ээлеп алган жана өз каражаттарынын жана заемдук каражаттарынын эсебинен жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жогорулатуу аркылуу жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин тиешелүү аймактык деңгээлдеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерлери алынып коюлбаган жарандарынын жер участогуна менчик укугу бекер жана кошумча акысыз, жер участогуна болгон менчик укугун күбөлөндүргөн документин кийин толтуруу менен таанылат. Мамлекеттик, муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана башка жеке жана юридикалык жактардан тышкары, мында Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу пайдалануу укугун алган жеке жана юридикалык жактардын жер участогуна, атап айтканда: — имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна; — имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон менчик укугу кандайдыр-бир документтерди кайра толтуруусуз, бекер жана кошумча акысыз таанылары эске алынсын. Мындан тышкары,  жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген учурдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин физикалык жана юридикалык жактардын белгиленген тартипте алышкан жер участокторуна болгон жеке менчик укугун таануу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте приватташтырылган жер участогунда жайгашкан имараттарга жана курулуштарга да тарай тургандыгын соттордун эске алуулары керек. Бул учурда, имаратка жана курулушка менчиктештирүү документтери жер участогуна укук белгилөөчү документ болуп эсептелет («Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 7-пунктунун чечмелөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 122 Мыйзамы). Ошону менен калган учурларда мамлекеттик жана муниципалдык мекемерлерге мөөнөтсүз берилген жер участокторунан тышкары, эгер алар жоюлбаган болсо, жер участокторун берүүдө пайдалануунун мөөнөттөрү аныкталбаса, жер участокторун пайдалануу 2000-жылдын 1-январына чейин берилген деп эсептелет. Алар жоюлган учурда «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 02-июнундагы Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жер участкалары ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилет. Соттор жер участкаларын берүүгө байланышкан мамлекетик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин талашуу жөнүндө иштерди кароодо жана чечүүдө арыз менен кайрылган жактардын мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына жана укуктарына шек келтирилгендигине баа берүүсү зарыл. Төмөндөгү учурларда жер участогуна укук токтотулат: 1) жер участогуна укук башка жакка ээликтен ажыратылганда; 2) мыйзамдарга ылайык жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жер участогуна коюлганда; 3) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дүйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо; 4) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда; 5) жер участогун пайдалануу мөөнөтү бүткөндө; 6) ага байланыштуу кызматтык жер аянты берилген эмгектик жана ага теңештирилген мамилелер токтотулганда; 7) табият кырсыгынын натыйжасында жер участогун андан ары пайдаланууга мүмкүн болбой калганда; 8) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин он биринчи главасында каралган тартипте жер участогу алынып коюлганда; 9) мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлганда; 10) айыл чарба багытындагы жер участогунун же жер участогунун ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда, ипотекалык турак-жай курулушунан башка учурларда; 11) концессиялык келишимдин, тоо концессиясы жөнүндө келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулганда, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда; 12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкактарында түзүлгөн макулдашууну колдонуу токтотулганда; 13) жер участогунун ижара келишими бузулганда. Мында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 3-7, 9-пунктарында каралган учурларда жер участогуна болгон укук жер участогун берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулары эске алынсын. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1166-беренесине ылайык жер участкасынын ээси дүйнөдөн кайтканда эгер мураскорлор жок болсо жер участогу соттун чечиминин негизинде ээсиз-ээликсиз деп табылат. Ипотекалык турак-жай курулушунан башка учурларда жер участогунун, анын ичинде айыл чарба багытындагы жер участогунун ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда, жер участкасынын ээси (чет элдик жак) мүлккө болгон менчик укугунун пайда болгон учурдан тартып 3 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын жаранына ээликтен ажыратууну жүргүзүүгө милдеттүү экендигин соттор эске алышсын. Эгерде чет өлкөлүк жак тарабынан жер участогуна болгон укук жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө ажыратылбаса, ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн беренесине ылайык эгерде менчик ээси тарабынан мүлк мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө ээликтен ажыратылбаган болсо, анда ал мүлк анын мүнөзүн жана максатын эске алуу менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча соттун чыгарган чечимине ылайык сатуудан түшкөн акчасын мурдагы ээсине берүү менен мажбурлоо аркылуу сатылууга же мүлктүн сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы ээсине төлөп берүү менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүсү тийиш. Мында мүлктү ажыратууга кеткен чыгымдар алынып салынат. Соттор жер участогун алып коюуга байланышкан мамлекетик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин талашуу жөнүндө иштерди чечүүдө жер участогун алып коюу укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелери эске алынсын. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренеси төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюну карайт: 1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу; 2) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу); 3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо; 4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо; 5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө; 6) «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө; 7) «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса); 8) мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринен берилген жер участогуна ижара төлөмдөрүн алты айдын, же келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөбөсө. Жер участогун максаттуу багытын бузуп пайдаланган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдалануучунун үч айдан ашпаган мөөнөттө тартип бузууларды четтетпегендиги туурасында кат жүзүндө эскертилгенден кийин гана жер участогун алып коюула тургандыгына көнүл бурулсун. Мында ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсүндө: 1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген тартип бузуу жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар; 2) тартип бузуу четтетиле турган мөөнөт; 3) эскертүүнү аткарбоонун кесепеттери; 4) аталган эскертүүгө жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун даттануу ыкмасы көрсөтүлүүгө тийиш экендиги көрсөтүлүүгө жатат. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун анын ээсинен сатып алуу жолу менен алынуусу мүмкүн. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, мындайча айтканда ыйгарым укуктуу орган жер пайдалануучуга же жер участогунун ээсине сатып алуунун шарттарын сунушташы керек же ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алышы керек. Жер участогуна укукту сатып алуу баасын аныктоодо ага жер участогуна болгон укуктун жана жер участогундагы имараттардын жана курулуш жайлардын рыноктук наркы, ошондой эле жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу үчүнчү жактын алдында милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланыштуу тарткан чыгашасын кошкондо, жер участогунун укугунан ажырагандыгына байланыштуу ага келтирилип жаткан бардык чыгымдар киргизилет. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу макул болбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирбестен жер участогун акысыз алып коюу (сатып алуу) тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу экендиги эске алынсын. Мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюуда, жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен макулдашуу боюнча ага башка жер участогу пайдаланууга берилиши мүмкүн, мында жер участогуна болгон укуктун наркы сатып алуу баасына кошулуп эсептелет. Мында жер участогун алып коюу (сатып алуу) жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнө таандык болгон жер участогун анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл сарптоолорго барууга укуктуу экендиги эске алынышы шарт. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу көрсөтүлгөн мезгилде жаңы курулуш, имараттарды жана курулуш жайларды кеңейтүү же реконструкциялоо менен байланышкан сарптоолорду жана чыгашаларды тартып калуу тобокелин көтөрөт. Соттор өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий объектилер ээлеген өзгөчө баалуу жерлерди өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен алардын максаттуу багытына ылайык келбеген муктаждыктар үчүн алынышы мүмкүн экендигин эске алышсын. Мында жер участкасын алып койгонго макул эмес болгон жер пайдалануучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талашуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 119-беренеси). Жер участкаларын берүүгө байланышкан мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине (аракетсиздигине), чечимдерине прокурордун каршылык келтирүүсү жер участокту берген ыйгарым укуктуу органдын жер участогун алып коюусуна негиз болуп эсептелбей тургандыгын эске алуу зарыл. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган, ошондой эле көп квартиралуу үйдөгү турак жай жана (же) турак жайлык эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган жер участоктору мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбай тургандыгына көңүл бурулсун (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 6-пункту, 46-беренесинин 2-пункту). Жер пайдалануучунун же жер участогунун ээсинин жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документин алгандыгы бул жер участкасын мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте алып коюга тоскоолдук эмес экендиги эске алынсын. Жер участкаларын берүүгө жана алып коюуга байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин талашуу жөнүндө иштерди чечүүдө соттор далилдерди ар тараптуу изилдөөнү, иштин жагдайларын толук аныктоону жана жер участкаларын берүү жана алып коюудан чыккан мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын туура колдонулушун, процесстик мыйзамдын талаптарын так аткарууну камсыз кылуусу керек. Ушул токтомдун кабыл алынгандыгына байланыштуу “Жер участкаларын берүүгө жана алып коюуга байланышкан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерди кароодо келип чыгуучу айрым маселелер тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2009-жылдын 27-февралындагы № 9 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.   Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Төрайымы                                                              А.Токбаева   Пленумдун катчысы,                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы                                                                      К. Осмоналиев      
Урматтуу  Пленумдун катышуучулары, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа жазык мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, ошол эле убакта оор жана өзгөчө оор, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардын өсүшү байкалууда. Мындай жагдайда, жазаны белгилөөдө жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша ар бирине жекече мамиле кылуу өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 1991- жылдын 4-апрелиндеги “Республиканын соттору тарабынан эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилоо боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомун кабыл алынгандан бери 27 жыл өткөндүгүн, аталган мезгил ичинде мыйзамда көптөгөн өзгөрүүлөр болгондугун эске алып, жаңы токтомдун долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын соттору эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөөдө ар бир жасалган кылмышка мыйзамдын жеке жоопкерчилик жөнүндөгү талаптарын жетекчиликке алышат. Ошону менен бирге, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган жана мурда соттолуп, оңолуу жолуна түшүүнү каалабаган адамдарга жеңил жаза белгилеген фактылар орун алган учурлар бар. Соттор тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адамдарга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, шарттуу соттоону колдонбоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурлар кездешүүдө. Аталган долбоордо КР КЖКнин 59,60-беренелеринде каралган кылмыштар жыйындысы жана өкүмдөр жыйындысы боюнча жазаны белгилөөдө, ошондой эле алдын ала камоо убактысы жазанын мөөнөтүнө кошо эсептөө тууралуу маселе каралган. Мындан тышкары соттордун КР КЖКнин өзгөчө бөлүгүндө каралган кошумча жазаны милдеттүү түрдө белгиленген учурун эске алуу менен, КР КЖКнин 56-беренесине шилтеме жасоо жана өкүмдө кошумча жаза белгилөө тууралуу маселенин талкууланышына да көңүл бурулган. Мыйзамдын талабына ылайык жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар болуп КР КЖКнин 55-беренесинде каралган жагдайлар гана аныкталгандыгына да соттордун көңүлү бурулган. Аталган беренинин 3-бөлүгүнө ылайык, жаза белгилөөдө сот башка жагдайларды оордотуучу жагдай катары тааный албайт. Долбоордо ушул жана башка маселелер кеңири каралып, аталган катачылыктар боюнча түшүндүрмөлөр берилген. Ошондой эле, колдонулуп жаткан 1991-жылдагы эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө боюнча токтомдон айырмаланып, аталган долбоордун 5-пунктунда кайсыл учурда шарттуу соттоо колдонулбай тургандыгы жөнүндө каралган. Мындан сырткары, токтомдун долбоорунда айыпты, үч эселенген айыпты аткаруусу мүмкүн эместигине байланыштуу эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу жөнүндө сот аткаруучулардын өтүнүчүн кароодо, сот жазаны аткаруудан четтегендиктин себептерин айкындап-тактоого тийиш, ошондой эле мыйзам менен соттолуучунун айыпты төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же узартууга укугу каралгандыгын эске алууга жатат. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексинин 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде соттолгондун жазапулду бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо, сот соттолгондун өтүнүчү жана жазаны аткаруучу органдын корутундусу боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин узартып же кийинкиге калтырышы мүмкүн. Тактап айтканда, айыпты, үч эселенген айыпты төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо сот аткаруучулар соттолгондорго алардын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө тууралуу сотко кайрылуусу жөнүндө укугун түшүндүрүшү керек. Соттор аталган кайрылууларды кароодо, буга чейин төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырылгандыгын же бөлүп төлөнгөндүгүн аныктоо зарыл, анткени кайра дагы төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Сот айыпты же үч эселенген айыпты төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп толоо тууралуу соттук актыны кабыл алган учурда, соттолгон 6 айлык мөөноттүн ичинде жазаны аткаруусу тийиш. Эгерде соттолгон аталган мөонөттүн ичинде жазаны аткарбаса, жазаны аткаруудан четтөө деп эсептелиши керек. Сот аткаруучу айыпты, үч эселенген айыпты эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу тууралуу сунушту жазапулду төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөөнүн мөөнөтү өткөндөн кийин сотко сунуш киргизиши мүмкүн. КР КЖКнин 49-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаш курагы элүү бештен ашкан эркектердин жана жаш курагы элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү КР КЖКнин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган эң чоң жогорку эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт. КР КЖКнин 58-беренесинде каралган өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн жаза белгилөөдө КР КЖКнин 49-беренесинин 8-бөлүгү артыкчылыкка ээ. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө соттор мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн түрүн жана өлчөмүн кылдаттык менен аныктап, өкүмдүн кириш бөлүгүндө так көрсөтүп, КР КЖКнин 60-беренесинин негизинде акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгү толугу менен же жарым-жартылай кошулат. Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыздардын жана жашы жетпеген адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга, Кылмыш-жаза Кодекстин 224, 225. 226 — 226-6, 227, 232, 299 — 299-3, 303-309, 313-315 жана 375-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. Өнөкөт кылмыштарды жасагандарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. КР КЖКнин 58-беренесине ылайык өнөкөт кылмыштар КР КЖКде каралган негиздерде жана чектерде кыйла катуу жазага тартууга алып келет. КР КЖКнин 59-беренесинин 4- бөлүгүнүн жана (же) 60-беренесинин негизинде белгиленген эркиндигинен биротоло ажыратуу жазасынын мөөнөтү акыркы өкүм чыгарылган күндөн тартып эсептелет. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза жаңыдан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жазага Караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш экендигине соттордун көңүлү бурулсун. Эки же андан көп кылмыштарды жасагандыгы үчүн жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөөдө, сот түзөтүү мекемесинин түрүн ар бир кылмыш үчүн эмес, жазаны биротоло белгилегенде гана дайындашы зарыл. Кызматтык милдеттерди аткарууда жасаган кылмыштар боюнча ар бир учурда сот мындан ары соттолуучунун белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу (белгилүү иш жүргүзүү) тууралуу маселени талкуулашы керек. Бир нече кылмыштарды жасаган адамга кошумча жаза чектөөдө бир кылмыш үчүн өзүнчө же болбосо бир нече кылмыштар үчүн өзүнчө белгилеп, андан кийин жазалардын жыйындысы боюнча чечим кабыл алат. Жогорудагы Сиздердин талкууларыңыздарга коюлган КРнын Жогорку сотунун Пленумдун долбоору КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор тарабынан талкууланып КРнын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешиндеги каралып жактырылган. Көңүл бурганыңыздарга рахмат!