KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө

24 апреля 2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


Бишкек шаары, 2007-жылдын 4-майы N 67


Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө


(КР 2008-жылдын 26-февралындагы N 16, 2009-жылдын 15-июлундагы N 214, 2011-жылдын 3-майындагы N 17, 2013-жылдын 15-июлундагы N 144, 2015-жылдын 17-февралындагы N 35, 2016-жылдын 27-июлундагы N 148, 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.


 (КР 2009-жылдын 15-июлундагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


6-1-статья. Электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби



  1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт. Мамлекеттик органдын же өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал болбогондо — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

  2. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.

  3. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

  4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

  5. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.

  6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт.

  7. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:


1) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;


2) ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондорду.


(КР 2013-жылдын 15-июлундагы N 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                                              К.Бакиев


2007-жылдын 23-мартында                                                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши                                                                                                                                                            тарабынан кабыл алынган