KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: "Кыргызстан санариптик форматка жана электрондук сот өндүрүшүнө толук өтүүгө жетише алат"

21 октября 2023

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Шуша шаарында өткөн «Сот бийлиги жана маалыматтык технологиялар: заманбап чакырыктар» темасында азербайжан элинин улуттук лидеринин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө 2014-жылдан бери act.sot.kg. соттордун чечимдерин автоматташтырылган жарыялоо системасы иштеп жатканын белгиледи. Бул интернет-ресурс Кыргыз Республикасынын сотторунун ишинин максималдуу маалыматтык ачыктыгын, ошондой эле жарандардын жана уюмдардын сот актыларынын тексттерине өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.


«Соттук актылардын мамлекеттик реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул система act.sot.kg. сайтынын жакшыртылган версия болуп саналат. Анын башкы максаты – талаш-тартыштын маңызы боюнча чыгарылган соттук актыларды, соттук жыйналышты өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун көрсөтүү менен ишти угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоону автоматташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун интернет-ресурсунда соттук актыларга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.


Учурда «Санариптик сот адилеттиги» порталы ишке киргизилүүдө. Бул портал сот адилеттиги системасында кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү автоматташтырылган платформа болуп саналат жана жөнөкөй жарандар үчүн сотко оңой жетүүнү камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле портал каралган иштер боюнча маалыматтарды камтыган соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Башка сөз менен айтканда, портал жарандар менен ачык өз ара аракеттенүү үчүн санариптик чечим болуп саналат, ал сотко арыздарды, доолорду жана даттанууларды берүүгө, ошондой эле электрондук форматта башка процесстик аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет. Бул сотторго баруу зарылдыгын жокко чыгаруунун биринчи кадамы. Порталдын алкагында соттук териштирүүлөрдүн тараптары үчүн онлайн — катышуу системасын ишке киргизүү пландаштырылууда», — деп билдирди Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы.


Ошондой эле сот системасын санариптештирүү узак жана эмгекти көп талап кылган процесс, алдыда дагы көп иштер аткарыла тургандыгы баса белгиленди. Замирбек Базарбеков жыйынтыгында Кыргызстан санариптик форматка жана электрондук сот өндүрүшүнө толук өтүүгө жетише алат деген ишенимин билдирди.


Түрк мамлекеттеринин Жогорку сотторунун конференциясы Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун демилгеси менен түрк мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн жана парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, Жогорку соттордун ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана мыкты тажрыйба алмашууну өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын белгилейбиз.


Түрк мамлекеттеринин Жогорку сотторунун инаугурациялык конференциясынын жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин Жогорку сотторунун конференциясын түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.


Конференцияга Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Каримов, Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун биринчи төрагасы Мехмет Акаржа мырза, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Түркия Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Зеки Йигит, Өзбекстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын Биринчи орун басары Робахон Махмудова, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Нарин Ферди Шефик жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Сади Джафаров катышышты.