KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

О некоторых вопросах судебной практики при разрешении споров по договорам займа

24 июля 2018

 


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ



2018-жылдын  31- майы                                        №12                                       Бишкек шаары



Заем келишими боюнча талаштарды чечүүдө соттук тажрыйбанын айрым маселелери жөнүндө


 


Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимге, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктейт. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.


Жарандык укук объектилерине буюмдар, акча жана баалуу кагаздар, ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар таандык.


Заем келишими – бул жарандык укуктук мамилелердин пайда болушунун кеңири таралган ыкмаларынын бири болуп саналат.


Жарандык укуктук мамилелеринин тараптары займ мамилелеринен келип чыккан мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин, бузулган укуктарын коргоо үчүн көп учурларда сотко кайрылышууда.


Жарандык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендигине жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (мындан ары – Кыргыз Республикасынын ЖПК) колдонууга берилгендигине байланыштуу, карыз келишимдери боюнча талаш маселелерди чечүүдө мыйзамдарды туура жана бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында жана бул категориядагы иштер боюнча сот тажрыйбасын жалпылоонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын 2-пунктун жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму токтом кылат:



  1. Заем жана кредит келишимдери боюнча талаштарды чечүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары– Кыргыз Республикасынын ГК) 34-главасына ылайык (заем жана кредит) аткарылышына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун көңүлү бурулсун. Кыргыз Республикасынын ГК 724-728 жана 734-736-5-статьялары заем, кредит келишимдерин түзүү тартибин, заем (кредит) алуучунун милдеттерин жана заем (кредит) алуучу тарабынан заем же кредит келишимин бузуусунун кесепеттерин жөнгө салат.

  2. Заем келишими боюнча бир тарап (заем берүүчү) экинчи тарапка (заем алуучуга) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми заем алуучу ошол эле суммадагы акчаны (заем суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет.


Заем келишими жазуу жүзүндө, бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин (алгандыгын) күбөлөндүргөн тил каты же башка документи болгон учурда, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда — суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт.


Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.


Келишим акчаны же буюмдарды берген учурдан тартып түзүлдү деп  эсептелет.


Заем келишиминин бар экендигинин тастыктаган “башка документ” катары Кыргыз Республикасынын ЖПК 80-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын ГК 725-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй, заем алуучунун акча же буюмдарды алууну тастыктаган ар кандай (актылар, келишимдер, маалымкаттар, өздүк жана иш каттар, бүтүм боюнча маалыматтарды камтыган, тактап айтканда факсимилдик, электрондук же аны далилдөөчү башка байланыш аркылуу алынган) заем келишиминин бир  тарабынын  чыккан жазуу түрүндө далилдер саналат.



  1. Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм заем алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми заем алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча пайыздарды төлөөгө милдеттенет.


Заем келишимдин  кредиттик  келишиминен  айырмачылыктарына соттордун көңүлү бурулсун:


— келишимдин күчүнө кирген учуру боюнча (кредиттик келишим жактардын келишимдин баардык шарттары боюнча макулдашууга келген учурдан тартып түзүлгөн болуп саналат, ал эми заем келишими өзүнүн юридикалык жаратылышы боюнча реалдуу болуп саналат, тактап айтканда жактардын укуктары жана милдеттери заем алуучу акча каражаттарды же буюмдарды иш жүзүндө алган учурда пайда болот Кыргыз Республикасынын ГК 724-ст. 2-п.);


— келишимдин түзүү формасы боюнча (кредиттик келишим жазуу түрүндө гана, ал эми заем келишими кайсы бир шарттарда ооз эки түрдө да түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын  ГК 725-ст. 1-п. ылайык заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, келишим жазуу жүзүндө түзүлөт);


— субьективдик курамы боюнча (кредитти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банк же башка кредиттик уюм гана бериши мүмкүн. Заем келишиминде мындай чектөөлөр жок жана мындай келишим ар кайсы жактардын ортосунда түзүлүш мүмкүн);


— келишимдин предмети боюнча (кредиттик келишимдин предмети болуп акча каражаттары гана болушу мүмкүн, ал эми заем келишимдин предмети болуп башка буюмдар дагы боло алат);


— кайтарымдуулук (кредит берүүдө кредит алуучу алган акча каражаттарга тиешелүү пайыздарды төлөөгө милдеттүү, ал эми заем пайызсыз болушу мүмкүн);


мөөнөтүүлүк (келишимде аныкталган убакыттын ичинде, кредиттин суммасы заем алуучунун тескөөсүндө болуусу мүмкүн, бирок ал убакыт өткөндөн кийин ал сумма кредиттик уюмга кайтарылып берилиши керек);


— келишимдер боюнча укук мамилелерди мыйзамдуу түрдө жөнгө салуу (заем келишиминен чыккан укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын ГК менен  “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана андан келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы укуктук актыларына ылайык, ал эми кредит келишими боюнча кредит келишимдерине карата коюлган милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын ГК жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен жөнгө салынат (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы).



  1. Заем жана кредит милдеттенмелери боюнча бересени өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар Кыргыз Республикасынын ЖПК 30-статьясынын талаптарына ылайык сотко караштуулук боюнча эрежелерди сактоо менен жоопкердин жашаган жери боюнча райондук сотко берилет.


Юридикалык жакка жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучуга карата доо арыз юридикалык жактын жайгашкан жери, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучунун жашаган жеринде же анын мүлкү жайгашкан жер боюнча коюлат.


Кыргыз Республикасынын ГК 89-статьясынын 2-пунктуна ылайык юридикалык жактын, эгерде мыйзамга ылайык юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, анын мамлекеттик каттоодон өткөн жери анын жайгашкан жери катары аныкталат. Андыктан, эгерде доо арыз юридикалык жакка карата берилсе, анда уюмдун жайгашкан жерин текшерүү менен сотко караштуулук тартибинин сакталгандыгын тактоо үчүн жоопкер уюштуруу документтерин көрсөтүүсү керек. Бул аракет доо арыз өндүрүшкө кабыл алынып калган болсо да аткарылууга тийиш.


Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыгуучу доолор доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 31-статьясынын 2-пункту). Бул учурда юридикалык жактын түзүмдүк бөлүмүнүн  иш аракеттеринен доо арыздын талабы келип чыккан учурда, ага филиал же өкүлчүлүктүн укуктары берилгендигин текшерүү максатында сот аталган түзүмдүк бөлүмдүн уюштуруучунун бул аймактык бөлүмү жөнүндө жоболорду  суратып алууга тийиш.


Тараптар, сотко өзгөчө караштуулук иштеринен башка учурларда, аймактык сотко караштуулукту өз ара макулдашуу боюнча өзгөртүшү мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 34-статьясынын 1-пункту).


Сумманы күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө айландыруу менен өндүрүп алуу жөнүндө доо арыз коюлган учурда, сот ишти күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн жайгашкан аймагы боюнча карайт (Кыргыз Республикасынын ЖПК 32-статьясы жана “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 62-статьясынын 3-пункту).


Эгерде жеке жак менен күрөө келишимдин негизинде доогер сумманы өндүрүп алуу жана күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыз менен  кайрылса, иш райондук сотто каралат.



  1. Заем жана кредит милдеттенмелери боюнча бересени өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар Кыргыз Республикасынын ЖПК 134-жана 135-статьяларынын талаптарына жооп бериши керек.


Доо арызда доогер өз талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер көрсөтүлүшү керек.


Сотко кайрылуучу тарап доо арызында доонун баасын Кыргыз Республикасынын ГК 307-ст. талаптарын эске алуу менен улуттук  валюта менен көрсөтүп, пайыздын эсеп-кысабын тиркөөсү  керек (Кыргыз Республикасынын ЖПК 135-статьясынын  7-пункту).


Заем келишими боюнча карыздын документинин түп нускасы доо арызга тиркелүүсү жана ал доо арызга тиркелген документтердин тизмесинде көрсөтүлөөрүн соттордун  эске алуусу зарыл.


Эгерде карыз документтин түп нускасы кредиттик келишимден тышкары соттук отурумда берилсе ал иштин материалдарына тиркелет  жана бул тууралуу соттук отурумдун протоколунда чагылдырылууга жатат. 


Кредиттик милдеттенмелер боюнча доо арызга, тиешелүү банк же финансылык мекеме тарабынан кредиттик келишимдин жана кредит берүүгө байланышкан банктын башка документтери күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелиши керек.



  1. Ишке катышкан жактар болуп жарандар жана юридикалык жактар саналат.


Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча билдирүүнү прокурор ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, эгерде ошол жаран өзү жүйөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса гана (ден соолугуна, жаш курагына жана башка себептер боюнча) берет.


Прокурор заем берүүчү жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо арыз  менен кайрылган учурда милдеттүү түрдө анын арызы менен бирге прокурордун доо арызына өз алдынча сотко доо арыз менен кайрылууга мүмкүн эместиги жөнүндө жарандын арызы жана бул жөнүндө далилдер тиркелүүгө жатат.



  1. Заем келишиминин милдеттенмелери боюнча талаштарда жоопкерчиликти ушул келишим боюнча катышуучулар гана тартат. Мындай иштер боюнча эгерде заем алуучу кийин өзүнүн калоосу менен акча жана буюмдарды өткөрүп берген учурда, биргелешкен жоопкер катары башка жактар ишке катышууга тартылбайт.


Эгерде заем,  күрөө милдеттенмеси же кепилчилик келишими менен камсыз болсо, анда ишке күрөө коюучу, күрөө кармоочу, кепилдик берүүчү жана башка жактар, талашты соттук териштирүүдө аталгандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана укуктарына шек келтирилгенде  тартылышат.



  1. Кыргыз Республикасынын ГК 212-статьясына ылайык доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү 3 жыл.


Заем келишими менен карызды кайра кайтарып берүү мөөнөтү аныкталган болсо, анда доонун эскиришинин мөөнөтү милдеттенменин аткарылышынын мөөнөтүнөн баштап саналууга тийиш экендигин соттор эске алуусу зарыл.


Эгерде заем келишими менен карыз акчаны кайра кайтарып берүү мөөнөтү же талап кылуу учуру аныкталбаган болсо, анда заем келишиминде башкача белгиленбесе, доонун эскирүү мөөнөтү заем берүүчүнүн мындай талапты койгон күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийинки күндөн баштап эсептелет.


Эгерде соттук отурумда доогердин доо талаптары өзгөртүлсө, соттор өзгөрүлгөн доо талаптарга тиешелүү эскирүү мөөнөтүн эске алуусу зарыл.


2017-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын ЖПК колдонууга берилгендиктен доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякталышы доону канааттандыруудан баш тартууга негиз болооруна соттордун көңүлү бурулсун.


Доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендигине байланыштуу, аны калыбына келтирүүнү сураган жак бул мөөнөттү негиздүү себептер менен өткөрүп жибергендигинин далилдерин берүүгө тийиш.


Сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн  себептерин  негизсиз деп табууда жана доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тарткан учурда, доону канааттандыруудан баш тартат. Ошону менен бирге, доонун эскирүү мөөнөтүнүн өткөрүлгөндүгү жана доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу тууралуу соттун тыянагы чечимдин жүйөлөмөөчү бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Чечимдин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө гана тыянак көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 7-пункту). Ушундай эле чечим алдын ала соттук отурумда да чыгарылышы мүмкүн (Кыргыз Республикасынын ЖПК 154-статьясынын 6-пункту).



  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар” жөнүндөгү жобосунун 40-42, 46-47 пункттарына ылайык (мындан ары – Жобо)  келишим түзүүчү ар-бир тарап бардык (тарап) кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасынын экземплярын алуусу тийиш. Банк тараптардан келишимдин түп нускасын алгандыгы жөнүндө тил кат алуусу керек. Кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укуксуз.


Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:


— кредиттин суммасы, ал боюнча пайыздык чен,


— берилген күнү,


-негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш,


— кардардын кредитти толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл убакытта болбосун айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле төлөөгө жол берилет.


-биргелешип жоопкерчилик алган топтун бир катышуучусу анын катышуучуларынан кат жүзүндө макулдук алган шартта гана ага мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилүүсү,


-кайсы бир тарап тарабынан милдеттенмелерди бузууга жол бергендиги үчүн санкцияларды салуу,


— келишимдерди бузуу учурлары.


-кредиттик келишимге Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.


— Ошону менен бирге  Банк кардардан тил кат алууга тийиш же кардар кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишимдин шарттары ага түшүнүктүү жана аларга кардар макул экендигин тастыктоо менен кредиттик келишимге кол коюусу керек. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт.


Жогоруда көрсөтүлгөн окшош талаптар төмөнкүлөргө дагы  жайылтылат:


-Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  25-сентябрындагы №35/14 токтому менен бекитилген  “Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү” жобосуна ылайык микрокаржылоо уюмдарына.


— Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 токтому менен бекитилген “кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобосуна ылайык  кредиттик союздарына.



  1. Заем келишиминин нотариаттык формасын сактабагандык анын анык эместигине алып келеерине соттордун көңүлү бурулсун. Заем берүүчү нотариаттык формасы сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз (Кыргыз Республикасынын ГК 178-статьясынын 2-пункту, 725-статьясынын 4,5- пункттары).


Кыргыз Республикасынын ГК 184-статьясынын 1,2-пункттарынын талаптарына ылайык жараксыз бүтүм, анын жараксыздыгы менен байланышкан жана ал жасалган учурдан тартып жараксыз болбогон бүтүмдөрдөн тышкары, юридикалык кесепеттерди алып келбейт. Бүтүм жараксыз калганда тараптардын ар бири экинчи жагына бүтүм боюнча алган нерселеринин баарын кайтарып берүүгө милдеттүү.


Кыргыз Республикасынын ГК 183-статьясынын 2-пунктуна ылайык, сот чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө өз демилгеси менен заем келишиминин нотариаттык түрү сакталбагандыгын көрсөтүү менен арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонууга укуктуу.


Бул категориядагы иштерди чечүүдө доону канааттандыруудан баш тарткандыгы, арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу, тараптарды баштапкы абалга келтирүүдө  алган акчаны пайызсыз  өндүрүү жөнүндөгү соттун тыянагы соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө көрсөтүлүүсү керек экендиги сотторго түшүндүрүлсүн.



  1. Бир адам башка адамга заем келишими боюнча белгилүү акча же буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттүү экендиги жөнүндөгү маселени чечүүдө: ошол келишимдин болгондугу, келишимдин негизи, заем алуучу адамга акча же буюмдардын анык берилиши (берилген учуру), келишимде көрсөтүлгөн карызды жана анын пайызын төлөө мөөнөтү, карызды, анын пайызын толук же жарым-жартылай төлөө убактысы, талаптардын төлөнүшүнүн кезегинин сакталышы, карызды кайтаруунун мөөнөтүнүн өтүшү, анын натыйжасы, келишимди аткарбоонун жоопкерчилиги жана жоопкерчиликтин түрү, өлчөмү аныкталууга тийиш.

  2. Кыргыз Республикасынын ГК 35, 36-статьяларынын талаптарына ылайык карыз берүү сом менен, ошондой эле чет өлкөлүк валюта менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.


Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы (номиналы) боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынуучу мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет (Кыргыз Республикасынын ГК 35-статьясы). Акчалай суммаларды чет өлкөлүк валюталар менен өндүрүү боюнча талаптарды канааттандырууда чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө сот, чет өлкөлүк валютаны сомго которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тиешелүү расмий курска ылайык эсептөөлөрдү доо коюлган же чечим чыгарылган күнгө карата жүргүзөт.


Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы төлөм документтерин пайдаланууга мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жол берилет (Кыргыз Республикасынын ГК 307-статьясынын 1-пункту).



  1. Төлөмдүн суммасын кечиктирүүдө заемдук милдеттер боюнча кредитор тарабынан карыз акчаны кайтаруудагы аракеттери Кыргыз Республикасынын ГК 309-статьясына ылайык акчалай милдеттенмени аткаруу үчүн аткарылган төлөмдүн суммасы толук жетиштүү болбогондо, барыдан мурда аткарууну алуу боюнча карыздын негизги суммасы, андан кийин — кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө — пайыздар жана айып төлөмдөр тындырууга кетээрин соттор эске алуусу тийиш.


Карыздын негизги суммасы — бул келишимге ылайык, пайызсыз берилген  сумма кредитти пайдалануу үчүн (төлөм жана санкция)  кредиттердин суммасы.


Кредитордун  тарткан чыгымдары —  бул кредитор тарабынан карыздын суммасын алуу үчүн (мисалы: почта чыгымдары, мамлекеттик алым, жоопкердин жашаган жерин аныктоодо чыгымдар, күрөөнүн өндүрүп алуу жүйөсүнө айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо үчүн төлөөлөр  ж.б.).


Кредитордун тарткан чыгымдарынан кийин  баарыдан мурда  пайыздын негизги суммасы – заем/кредитти пайдалануу үчүн акысын, андан кийин  пайыз-санкцияларын (Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын 1-пункту, 728-статьясы) тындыруусуна соттордун көңүлдөрү бурулсун. Ошону менен бирге жогорулатылган  пайыз эсептелинсе, пайыз санкция  катары эсептелинбестигин эске алуусу зарыл.


Эгерде кредит дифференциалдык төлөмдөрдү же аннуитет (ай сайын төлөө) төлөөсү көрсөтүлсө, анда акчалай милдеттенмени аткаруудагы аракеттер (Кыргыз Республикасынын ГК 309-статьясы), ай сайын төлөм боюнча аны аткарууну кийинкиге калтырылганда   төлөө графиги  ар бир  учурда өзүнчө колдонулат.



  1. Заем алуучу алынган сумманы (кредитти) заем берүүчүгө (кредиторго) заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү.


Заемдун суммасын кайтаруу мөөнөтү келишимде көрсөтүлбөсө же кайтарып алуу учуру менен аныкталса, сот ал мөөнөттү,  заем келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, заем берүүчүнүн мындай талапты койгон күндөн тартып Кыргыз Республикасынын ГК 727-статьясына  ылайык — 30 күн деп аныктайт.


Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн, бул учурда заем берүүчү(кредитор) келишимде каралган бардык мезгил үчүн пайыздарды төлөп берүүнү талап кылууга укуксуз.


Жеке жана юридикалык жактарга пайызга берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн.


Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 736-4-статьясынын 2-пункту).


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген “Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндөгү” жобосунун  21-пунктунун 7-пунктчасына ылайык,  алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин алдын ала отуз күн мурда бул тууралуу финансы-кредиттик уюмду жазуу түрүндө маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз (комиссияларсыз жана башка төлөмсүз) кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш.


Эгерде келишимде башкача каралбаса, заемдун жана кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары заем жана кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет (Кыргыз Республикасынын  ГК 727-статьясынын 3-пункту , 736-4-статьясынын 3-пункту).



  1. Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын талаптарына ылайык заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан пайыздарды алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ГК 728 жана 360-статьясынын 1-пунктунун талаптарына ылайык, акчалай милдеттенмелеринин аткарылбагандыгы үчүн пайыздарды  жана  ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кредитордун акчалай каражатын укуксуз пайдалангандыктан ага келтирилген зыянды өндүрүүнү талап кылууга укуктуу.

  2. Акчалай милдеттенмени бузуунун натыйжасынан келип чыккан жоопкерчиликтин ченеми болгон пайыздарды (Кыргыз Республикасынын ГК 360, 728 — статьялары) өндүрүү жөнүндөгү маселени чечүүдө сот мындай пайыздардын карызды берүүдө төлөө-пайыздарынан (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пункту) айырмаланышын билип, талаптын маңызын аныктоого тийиш.


Пайыз-төлөө – бул заемду каражаттардын колдонулгандыгы үчүн заемдун суммасына эсептелүүчү пайыздар.


Пайыз – төлөө келишимде аныкталган тартипте жана өлчөмдө заемдун суммасына гана карата саналат.


Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн  мөөнөтүн  аралыгында  кредитор берилген кредиттин суммасына  пайыз-төлөөнү саноого укуктуу экендигин  эске алуусу зарыл.


Келишимде аныкталган тартипте жана өлчөмдө заем берүүчү заем алуучудан заемдун суммасынын пайыздарын же башка төлөмдөрдү алууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пункту).


Жарандардын ортосунда түзүлгөн жана ишкердик аракеттерди ашырууга байланышпаган заем келишими, эгерде келишимде түздөн-түз башкасы каралбаса, заем келишими пайызсыз деп эсептелинет (Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 2-пункту).


Санкция-пайыздары заем алуучу сумманы кайтарып берүүдөн баш тарткан учурда (Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын 1-пункту, 728-статьясы) Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөндөгүдөй заемду колдонгондугу үчүн пайыздардын төлөнгөнүнө карабастан негизги карыздын бүт суммасына төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн ушул төлөө мөөнөтү башталган (укук ченемине каршы колдонгондугу үчүн) күндөн тартып эсептелинет.


Кыргыз Республикасынын ГК 359,360-статьяларынын 2-пунктуна ылайык пайыз-санкция зыянга жана айыпка карата (Кыргыз Республикасынын ГК 320-статьясы) компенсациялык, чегерүүчү мүнөздө болот.



  1. Кыргыз Республикасынын ГК 360, 726, 728-статьяларында каралган карыз каражаттарын пайдалангандыгы, аны төлөөнүн мөөнөтү өткөндүгү, аны кайтаруудан баш тарткандыгы үчүн пайыз кредитордун талабы боюнча гана өндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын ЖПК 134, 135-статьяларында каралган тартипте андай доо коюлбаса сот аны кароого укуксуз. Келишимдин шарты боюнча пайыздын өлчөмү көрсөтүлбөсө, сот кредитордун талабын доо койгон же чечим чыккан күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учеттук ставкасына туура келген банктын эсептик ставкасынын пайызына жараша карыз алган акчага эсептелген улуттук валюта менен өндүрүүгө укуктуу.


Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын негизинде пайыздын суммасы төмөнкү формула менен эсептелинет: негизги карыздын суммасы :100  х банктын пайыздык эсептик ставкасы : 365 күн х  мөөнөтүнөн  өтүп  кеткен күндөрдүн саны = Кыргыз Республикасынын  ГК 360-статьясынын  негизиндеги пайыздар.


Негизги карыздын суммасы + Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясынын негизиндеги пайыздар =  өндүрүп алууга жаткан сумма.



  1. Сот Кыргыз Республикасынын ГК 307, 360-статьясынын 4-пунктунда жана 726-статьясында көрсөтүлгөн туура белгиленген банктык эсептик ставканын пайыздын (Улуттук банктын эсептик ставкасы) жана тиешелүү валютанын официалдык курсун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий www.nbkr.kg Интернет-сайтына  таянып аныктайт.


Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын ЖПК 80 жана 135-статьяларына ылайык жазуу түрүндөгү далилдер болуп саналат жана иштин материалдарына тиркелүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын ГК 307, 360, 726 жана 728-ст.ст. белгиленген төлөө күнү, акча милдеттенмесин же анын тийешелүү бөлүгүн аткарган күнү, кредиторго акчаны төлөгөн күнү, заем алган адамдын заемду төлөгөн күнү, заем берген адамга заемду кайтарып берген күнү болуп карызды толук же жарым-жартылай кайтарып берген күнү (күндөр) саналат.



  1. Келишимде карызкор заемдук каражатты убагында кайтарбагандыгы үчүн жогорулатылган пайызды жана айыпты төлөө көрсөтүлсө, кредитор ошол чаралардын бирөөсүн, жогорулатылган пайызды же айыпты гана талап кылууга укуктуу. Жогорулатылган пайыздар деп займ суммасын кайтарып берүү мөөнөтүнүн белгилүү шарты пайда болгон учурда займ суммасын колдонгондугу үчүн пайыздык ставканын көбөйтүлүшү эсептөөгө жатат.


Айып төлөм (айып акы, туума айып) — деп мыйзамдар же келишим боюнча аныкталуучу акчалай сумма, аны милдеттенме аткарылбай же тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда карызкор кредиторго төлөп берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын ГК 320-статьясы).


Эгерде заем келишими жазуу жүзүндө түзүлбөсө (сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса), анда сот Кыргыз Республикасынын ГК 360-статьясына ылайык, айып төлөм (айып акы, туума айып) өндүрүлбөөсүнө соттордун көңүлү бурулсун.


Ишкердик иш менен байланышкан акчалай милдеттенменин негизинде башка бирөөнүн акча каражаттарын  укук ченемине жат колдонулган учурда, суммалардан тышкары эгерде келишим менен жогорулатылган өлчөмдөгү зыян  коюлбаса, анда мөөнөтү өтүп кеткен суммадан  жылдык пайыздын беш пайыз өлчөмүндөгү айып төлөнөт.


Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет (Жобонун 42-пункту).


Банк, карызкор-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзбөстөн иш алып барган жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү процедурасын баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөн учурдан 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш  (жобонун 78-1 п).


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген “Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобосунун 21-пунктунун 8-пунтчасына ылайык, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча айып төлөм (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Айып төлөмдү  чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөн тартып алты айга токтотулат.



  1. Кыргыз Республикасынын ЖПК 65-статьясына ылайык укугу бузулган адам келтирилген зыянды далилдөөсү керек, эгерде мыйзамда же мыйзамга ылайык келишимде башкача каралбаса, андан кийин өзүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат. Зыян тартуу катары төмөндөгүлөр түшүнүлөт: укугу бузулган адам тарабынан бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн тартылган же тартылууга тийиш болгон чыгымдар, анын жок болгон же зыянга учураган (айкын келтирилген зыян) мүлкү, ошондой эле, эгерде укугу бузулбаса, граждандык мамилелердин кадыресе шартында ушул адам тарабынан алынбай калган кирешелер (пайда көрбөй калуу). Эгерде укукту бузган адам ушунун натыйжасында киреше алса, укугу бузулган адам башка тарткан зыяндарды, алынбай калган пайдасы менен катар ушундай кирешелерден кем эмес өлчөмдө ордун толтурууну талап кылууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 14-статьясы).

  2. Кыргыз Республикасынын ГК 726-статьясынын 6-пунктуна ылайык эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзамда белгиленген тартипте аныкталуучу жол берилген пайыздын алкагында карайт.


Кредиттер жана заемдор боюнча кредиторлор менен заемчулардын мамилелерин жөнгө салган “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы Мыйзамы колдонууга киргенге чейин төлөнүп жабылбаган кредиттер жана займдар боюнча кредиторлор менен заемчулардын мамилелеринин пайда болгонуна соттор көңүл буруусу зарыл (Мыйзам «Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 30-июлунда N 63-64-санында жарыяланган жана ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген). Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнүп жабылган кредиттин бөлүгүнө бул жобонун ченемдери жайылтылбайт.


Чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык  ставка Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайызды кошуп эсептелинет (орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкасына+15 пайыз).


Эгерде тил катта, заем жана кредит келишимде жактар тарабынан аныкталган пайыздар чектүү жол берүүчү пайыздардан ашкан учурда сот “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 1, 2-пункттарын колдонууга тийиш.


Заем алуучунун кредитордун алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же заемдун колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн кошуп эсептелүүчү айып төлөмдүн (айыптардын, туумдардын) өлчөмү кредитордун заем алуучунун алган суммасынан эмес,  берилген насыянын же заемдун суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш (“Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 4-пункту).


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин колдонуудагы насыялар боюнча орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий сайтына жарыяланат. Орточо салмактап алынган ставканын пайызын эсептөөнүн усулу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат (Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын 2013-жылдын 18-октябрындагы №259 токтому).


Жогоруда аталган Мыйзамдын 6-статьясынын 5-пунктуна ылайык эгерде кредит келишиминде же заем келишиминде пайыздардын өлчөмү чектүү жол берилүүчү пайыздан аз аныкталса, сот келишимде көрсөтүлгөн ставкалардын алкагында карайт, эгерде кредит келишиминде же заем келишиминде чектик жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнөн ашык аныкталса, сот чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнүн алкактарында гана карайт.



  1. Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышында эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот тиешелүү түрдө карызкордун жоопкерчилигинин өлчөмүн азайтат. Эгерде кредитор атайын же байкабастыктан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы менен тартылган зыяндын өлчөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн болсо же анын өлчөмүнүн азайышы үчүн ылайыктуу чара көрбөсө, анда сот карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтып коюуга да укуктуу (Кыргыз Республикасынын ГК 357-статьясы).


Эгерде кредитор карызкор сунуш кылган тийиштүү аткаруудан баш тартса же мыйзамда же келишимде белгиленген же ишкер жүгүртүү каада-салтынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан аракеттерди жасабаса, эгерде мындай аракеттер иштелмейинче карызкор өз милдеттенмесин  аткара албай турган болсо, анда кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет (Кыргыз Республикасынын  ГК 369-статьясы).


Башка жактын эсебинен сактоонун натыйжасында бөтөн акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн ошол каражаттын суммасына карата пайыздарды азайтууда соттор банктын пайызынын өлчөмүн (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасын), мыйзамдуу айып төлөм сыяктуу эле (Кыргыз Республикасынын ГК 321, 360-статьялары), милдеттенмени бузуудан келип чыккан зыяндын өлчөмүн эске алуусу зарыл.


Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышында эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот карызкордун милдеттенмелеринин аткарылбай калышы карызкордун канчалык аракеттеринен улам келип чыккандыгына, жана канчалык кредитордун аракеттеринин натыйжасында келип чыккандыгына баа берип, зыяндын өлчөмүн кредитордун күнөөсүнүн даражасына ылайык азайтуусу керек (Кыргыз Республикасынын  ГК 357-статьясы).


Заем милдеттенмелери боюнча талаштарды чечүүдө кредитордун өзү карызды кайтаруу мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн карызкор пайызды төлөөгө милдеттүү эмес экендигин соттор эске алуусу зарыл (Кыргыз Республикасынын ГК 369-статьясынын 3-пункту).


Кыргыз Республикасынын ГК 369 жана 371-статьяларында көрсөтүлгөндөй эгерде кредитор карызкор сунуш кылган тийиштүү аткаруудан баш тартса же мыйзамда же келишимде белгиленген же ишкер жүгүртүү каада-салтынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан аракеттерди жасабаса, эгерде мындай аракеттер иштелмейинче карызкор өз милдеттенмесин аткара албай турган болсо, анда кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет. Эгерде кредитор аткарууну кабыл алуу менен жарым жартылай аткаруу жөнүндө  карызкорго тил катты бербеген болсо, карыз документин кайтарып бербесе, толук аткарууну кабыл алуу боюнча берилген тил катта көрсөтүлбөгөн болсо, мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат.


Кредитор аткарууну кабыл алуу менен карызкордун талабы боюнча аткарууну толук же бир бөлүгүн кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү.


Кредитор тил кат берүүдөн, карыз документин кайтарып берүүдөн же аны кайтарып берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө тил катка белгилөөдөн баш тартканда, карызкор аткарууну токтотуп турууга укуктуу. Мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат.


Иш башкача экендиги далилденгенге чейин карыз документинин (тил кат) карызкордо болушу милдеттенменин токтотулушун күбөлөндүрөт.



  1. Жоопкер акчаны чындыгында албагандыгын акчасыздыгы же аргасыздыгы боюнча заем келишимин тосмо доо арыз менен же өз алдынча талашууга укуктуу экендигин соттор көңүлгө алуусу керек.


Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет (Кыргыз Республикасынын ГК 729-статьясынын 3-пункту). Бул учурда Кыргыз Республикасынын ГК 212-статьясынын талабына ылайык доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү 3 жыл  колдонулат.


Заем келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек болгон учурда (Кыргыз Республикасынын ГК 729-статьясынын 2-пункту) келишим алдамчылыктын, күч көрсөтүүнүн, коркутуунун, заем алуучунун өкүлүнүн заем берүүчү менен арам ойдо макулдашуусунун негизинде түзүлгөндөн тышкары учурларда, акчасыздык боюнча күбөлөрдү тартуу менен талашууга жол берилбейт.


Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара ниеттик макулдашуусу боюнча түзүлгөн бүтүм, ошондой эле экинчи жак пайдаланган шартка караганда жак өзү үчүн өтө оор шарттын келип чыгышынан улам түзүүгө аргасыз болгон бүтүм (аргасыз бүтүм) жапа чеккендин доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн экендигин соттор тарабынан эске алынышы керек (Кыргыз Республикасынын  ГК 197-статьясынын 1-пункту).


Эгерде заем келишими аргасыз бүтүмдүгү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ГК башка негиздери менен жана негиздүүлүгүнүн фактысын аныктоо боюнча талашылса, заем келишими  жараксыз деп таанылат. Бул учурда доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ГК 199-статьясынын талабына ылайык колдонулат.



  1. Кыргыз Республикасынын ЖПК 104-статьясына жана “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп арызды берип жаткан тараптар талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды койгон үчүнчү жактар, арыз ээлери саналат. Мамлекеттик алымдын өлчөмү коюлган доонун суммасынан аныкталат.


Тараптардын арызы боюнча, алардын макулдашуусу сот тарабынан бекитилгендигине, талашты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш боюнча өндүрүш кыскартылган  же жоопкер доону толук мойнуна алгандыгынан улам чечим чыгарылган учурда мамлекеттик алымдын айрым бөлүгү кайтарылып берилет. Аталган учурларда тиешелүү соттук инстанцияда төлөнүүгө жатуучу мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын ЖПК 108-статьясынын 3, 5-пункттары).


25.Заемдун суммасын жана анын пайыздарын өндүрүүдө сот Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 4-пунктуна ылайык эсептөө жүргүзүүгө тийиш, эсептөөдө карыздын негизги суммасы, карыздын пайызынын көлөмү, качантан баштап кайсы мөөнөткө чейин жүргүзүлөрүнүн мөөнөтү, төлөнүүчү сумма улуттук валютанын тийиштүү учурдун (датанын) расмий курсу менен көрөстүлүшү керек.


Кыргыз Республикасынын ЖПК 202-статьясынын 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун “Соттун чечими жөнүндө” 2018-жылдын 28-февралындагы №4 токтомуна ылайык соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу же доодон толук же айрым бөлүгүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби камтылууга тийиш.


Сот чечиминин аткарылышы боюнча талаш-тартыштар болбос үчүн чечимдин резолюциялык бөлүгү  так жана түшүнүктүү баяндалууга тийиш.


Заем суммасын өндүрүү боюнча доону канаттандырууда сот  чечимдин корутунду бөлүгүндө өндүрүлүүгө жаткан баардык суммаларды, алар: негизги карыз, кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, пайыздар, айып-төлөм, мамлекеттик алым, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен соттук чыгымдар төлөнөөрүн  көрсөтүшү керек.



  1. Ушул Токтомдун кабыл алынуусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун “Карыз келишими боюнча талаштарды чечүүдө соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө” 2002-жылдын 29-ноябрындагы № 6 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.


 


 


Кыргыз Республикасынын


Жогорку Сотунун Төрайымы                                                    А. Токбаева


 


Пленумдун катчысы,


Кыргыз Республикасынын


Жогорку Сотунун судьясы                                                         К. Осмоналиев