KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аида Сейдакматова: сот тутумунун мыйзамдары жаңы Конституцияга ылайыкташтырылууда

07 сентября 2021

Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова сот тутумунун мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатканын айтты.




Сот тутумундагы мыйзамдар тыгыз байланышта бири-бирин толуктап тургандыктан бирдей өзгөртүлөт. Бул тууралуу Аида Сейдакматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.



Анын айтымында, «Конституциялык сот тууралуу» мыйзам өзүнчө жумушчу топ тарабынан каралып, толугу менен жаңы жазылып чыккан.



«Жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу сот системасында реформа жүргүзүлүп, беш мыйзамга өзгөртүү кирип жатат. Булар «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу», «Конституциялык сот тууралуу», «Соттордун макамы тууралуу», «Сот адилеттиги боюнча кеңеш тууралуу» жана «Соттук өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу «мыйзам долбоорлору иштелип, жаңы редакцияда Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бул мыйзамдар мурда эле бар болчу. Учурда жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Алардын ичинен «Соттордун макамы тууралуу» мыйзамда орчундуу өзгөртүүлөр болду. Негизи мыйзамда соттордун кандай алкакта иш алып барышы керектиги, аларды дайындоо, иштен бошотуу, жоопкерчилиги, социалдык, материалдык жактан камсыздоо маселелери жазылган. Мурун Жогорку соттун судьясы он жылдык юридикалык стаж менен дайындалса, эми ал беш жылга кыскартылды. Андан тышкары, мурун жергиликтүү соттун төрагасын өздөрүнүн коллективи жыйналыш өткөрүп үч жылга шайлачу. Өзгөртүүдөн кийин жергиликтүү соттун төрагасын Жогорку соттун төрагасы беш жылга дайындайт. Бул жерде соттор кеңеши, соттук өзүн-өзү башкаруу органдары да өздөрүнүн сунуштамаларын берсе деген ой айтылды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, эми экинчи жана үчүнчү окууда каралат», — деди Сейдакматова.



Ал өзгөртүлгөн мыйзамда Жогорку соттун ыйгарым укуктары кеңейтилип, сотторго мыйзам чыгаруу демилгеси, ротация укугу берилгенин кошумчалады.


https://sputnik.kg/Radio/20210906/1053807406/sot-sistemasy-reformaloo-jany-myizam-ozgortuu.html