KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Алимент өндүрүүдө колдонулган чаралар

03 сентября 2019

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


  Жогорку сотто “Аялдардын укугу жана ажырашуу” деген темада Жогорку соттун судьясы, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту, Сот департаментинин Сот актыларын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгы журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйында журналисттер коомчулукту кызыктырган бир катар суроолорду узатышты.


 


Маалымат жыйынында республика боюнча 2015-жылы алимент төлөтүү үчүн сот аткаруучуга  30 515 иш катталса, 2016-жылы 38 343, кийинки жылдарда бул көрсөткүч мындан да жогорулаганы маалым болду. Демек, мындай көрсөткүч ажырашуулардын барган сайын көбөйүп жатканын айгинелейт.


Алиментти өндүрүп алуу боюнча жарандар эмнелерди билүүгө тийиш: Сот аткаруучу аткаруу аракетин бүтөөрдө карызкорго укугун жана милдетин түшүндүрөт, эгерде алиментти төлөөдөн качса КРнын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылары тууралуу кагаз жүзүндө эскертүү берилет.


Эгерде карызкор иштесе сот аткаруучу токтом чыгарат дагы, иштеген жерине карызкордун эмгек акысынан көрсөтүлгөн өлчөмдө кармоо боюнча аткаруу документин жөнөтөт. Эгер карызкор иштебесе, анда алимент боюнча карызды өндүрүп алуу, учуруна карата ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө негизденүү менен аныкталат. Мисалы, Бишкек шаарындагы Биринчи май районундагы мекеме, уюмдун бир кызматкеринин орточо эмгек акысы айына 20 693 сомду түзсө, 4/1 бөлүгүн кармоодо, алименттин өлчөмү айына 5 173 сомду түзөт.


Алименттик төлөмдөр боюнча кара ниеттик кылып төлөбөй койгондорго карата мажбурлоо чаралары көрүлөт. Эгерде карызкордун алименттик төлөм боюнча карызы бар болсо, ошондой эле аны төлөөдөн качса, сот аткаруучу камсыз кылуу жана мажбурлап аткартуу үчүн анын мүлкүн издеп табуу боюнча чараларды көрөт, мыйзамда каралган анын баалуу кагаздарын, банктык же кредиттик мекемелердеги акча каражаттарын төлөтүп алуу жагын карайт жана өлкөнүн аймагынан чыгуусуна чектөө коет.