KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бердибек ЭСЕНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи: “Ар бир иштин артында адам тагдыры турат...”

09 августа 2024

Сот тутумунун 100 жылдыгына карата


 


Быйыл өлкөнүн кылымдык мааракеси менен катар эле анын мамлекеттик институттарынын, анын ичинде сот тутумунун 100 жылдыгы белгиленет. Мааракени утурлай сот тармагынын ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, Сот тутумунун биринчи даражадагы отличниги Бердибек ЭСЕНБАЕВ менен маектештик.


— Алгач сот тутумунун таржымалы туурасында кеп кылып берсеңиз?


— Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү сот тутуму менен тыгыз байланыштуу. Мамлекетте сот тутуму болбосо, анын калыптанышы, өнүгүшү эч мүмкүн эмес. 19-кылымга чейин деле кыргыз элинде соттор болуптур. Соттордун милдеттерин бийлер, казылар, айрым убактарда болуштар, манаптар аткарып келишкен.


Кара-кыргыз автономиялуу облусу уюшулганда адегенде облустук соттор, кийин райондук, участоктук соттор түзүлүп, эмгектене башташкан. Бирок, ал убакта кадрлардын жоктугуна байланыштуу курстардан окуп келишкен адистер иштешкен. Мисалы, Нарын облустук сотунун биринчи төрагасы Абаскан Үсөновдун кесиби мугалим болгон. Ал Ташкенттеги эки жылдык курстан окуп келген. Адистерге юридикалык билим кийинчерээк бериле баштады.


        — Эмгек жолуңузда республиканын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Нарын облустук сотунда эки ирет төрага болуп иштедиңиз, ал кезде тартип кандай эле?


— Сот тутумунда жалпы 47 жыл иштедим. Анын ичинде Ак-Талаа районунда сот заседаниесинин катчысы болуп беш жыл, сот аткаруучу болуп эки жыл эмгектендим. Андан кийин Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы, Таластагы Киров, азыркы Кара-Буура райондук сотунда төрага, Жогорку соттун судьясы болуп үч жыл иштедим. Андан Нарын облустук сотунун төрагасы, кийин Ысык-Көл облустук сотунда төраганын орун басары, Нарын райондук, шаардык сотунун төрагасы кызматтарын аркаладым. Андан кийин экинчи ирет Нарын облустук сотунун төрагасы болуп эмгектенип, 2015-жылы ардактуу эс алууга чыктым.


Мурда судьяларды эл шайлачу, ишти кароодо эл заседателдери дагы катышкандыктан, эл соту деп аталып келген. Адегенде судьялар резервке кабыл алынып, алардын жүрүм-туруму, иштеген иши көзөмөлдөнүп, анан гана Юстиция министри Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен Борбордук комитетке сунуш жиберчү. БКдан обкомдорго, андан райкомдорго сунуш жиберилип, алар аңгемелешүүдөн өткөрүп, макулдуктарын бергенден кийин, шайлоого сунушталчу. Резервке алынгандан баштап, кадр судьялыкка татыктуубу, татыктуу эмеспи, көзөмөлгө тыкыр алынчу. Тартип ушундай болчу.


Заседателдер ишке катышпай калгандан кийин райондук, шаардык сот деп аталып, “эл” деген сөз алынып салынды. Кийин сот тутумундагы реформага байланыштуу судьялыкка талапкер тандоодон өтүп, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши карап, анын жыйынтыгында Президенттин жарлыгы менен дайындалып келе жатат. Акыркы мезгилде өзгөрүүлөр болууда. Эң негизгиси — сот тутумуна элдин ишенимин арттыруу. Эл арасында “жаап-жашыра берет” деген түшүнүк бар. Бирок, андай эмес. Тартип бузган же начар иштеген судьянын маселеси Судьялар кеңешинин тартиптик коллегиясында каралып, кызматтан бошотууга чейинки жазалоо чаралары көрүлөт. Статистиканы карасак, ар бир райондук, шаардык соттордо каралган иштердин 15-20 проценти гана облустук сотторго даттанылат. Ал эми областтык сот караган иштердин 15 пайызы Жогорку сотко даттанылат. Бул элдин судьяларга болгон ишенимин көрсөтөт. Азыркы учурда сотко даттануулар абдан көп. Иштер дагы абдан көп каралып жатат. Учурга жараша кылмыштын түрлөрүн бөлүп, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.


— Сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн судьялар кандай сапаттарга ээ болушу зарыл?


— Судья мыйзамдарды жакшы билип, так аткарышы, тартиптүү, жүрүм-туруму кынтыксыз болууга тийиш. Ар бир ишти мыйзамдын негизинде акыйкаттык, объективдүүлүк, калыстык менен карап, адилет чечим чыгарышы керек.


— Судьялык кызматта жүргөнүңүздө чечим кабыл алуу оор болгон кандай иштерди баштан өткөрдүңүз?


— Оор процесстер көп эле болду. Мурда мыйзамда өлүм жазасы белгиленип келген. Кийин алынып салынды. Ошол өлүм жазасын чектей турган статьялардагы иштерди биринчи инстанциянын ордуна облустук сот же Жогорку сот карачу. Андыктан, адам өлтүрүүгө, топ менен уюшуп алып адам өлтүргөндөргө, азыр коррупция делинип аталып калды, өтө көп суммадагы мамлекеттик каражаттарды чачкандарга байланыштуу иштерди карап жүрдүм.


Ар бир ишти караардан мурда аны окуп бүткөн соң ойлончумун, анткени, ар бир иштин артында адам тагдыры турат. Мүмкүн болушунча калыстык кылайын, мыйзамдын негизинде адилеттүү чечим кабыл алайын деп аракеттенчүмүн.


Көп адамдардан “Ишти тергөөчүлөр тергеп, жыйынтыгын чыгарат, анан судья китепти карап алып эле жазаны чектеп коет экен” деп уктум. Жок, андай эмес. Жаза чектөөдө көп нерсени, адамдын өздүгүн, келечегин эске алыш керек.  Ишти карап, чечим чыгарганда алардын келечеги башка адамдарга дагы таасир бергидей жаза чектелип, жыйынтык чыгышы керек деген түшүнүк бар.


Ар кандай окуялар болуп жүрдү. Колониялардан, соттолгон адамдардан, рецидивисттерден (бир нече жолу соттолгондордон): “Мен адегенде байкабаптырмын, сиз туура жыйынтык чыгарган экенсиз. Рахмат” – деген мазмундагы каттар келчү. Таласта иштеп жүргөнүмдө бир жолу кабинетте отурсам, бети-башы тырык, кең далылуу киши кирди. “Эмнеге келди экен?” деп кичине сестене түштүм. “Кел” – деп чакырып, отургузуп, “Эмне маселе менен келдиң?” — десем, “Мен ушунча жыл (абакта) отуруп келдим. Сиз мага карата өкүм чыгаргансыз. Адилеттүү өкүм чыгарыптырсыз. Мен ошого ыраазычылыгымды эле билдирейин деп келдим. Жазамды бүт өтөдүм” – деди.


Өзүм дагы ыраазы болуп калдым. Ишке ал убакта заседателдер дагы катышчу. Алар дагы менин пикириме кошулуп же өз сунуштарын дагы айтышып, туура жыйынтыктарды, багыттарды беришкен экен деген ойго келдим.


Иштерди караарда категориясына жараша адистерди – заседателдерди чакырчумун. Мисалы, каражаттарды жок кылуу боюнча бухгалтерлерди, транспорттук каражаттар боюнча автомобилге тиешеси бар адистерди, курулуш боюнча архитекторлорду ж.б. адистерди чакырып, кеп-кеңештерин укчумун. Алардын айткандары туура жыйынтык чыгарууга көмөкчү болчу. Ошол эле райондук, облустук соттон жыйынтык чыгып, калыстык орносо экен деп аракет кылчумун. Нарын облустук сотунун төрагасы болгондо судьяларга: “Бардык маселе Долондон ары өтпөй чечилиши керек. Объективдүү, мыйзам чегинде карагыла” — деген көрсөтмө берчүсүз” — деп эскерип жүрүштү.


— Үй-бүлөңүз тууралуу кеп кылсаңыз. Күчтүү инсандын артында күчтүү жубайы турат деп айтышат эмеспи…


— Өмүрлүк жолдошум Момунова Сүйүмкан — врач, биздин ден соолугубузга дагы ушул убакка чейин кам көрүп, карап келет. Үч уул, бир кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп, эриш-аркак эмгектенип келдик. Мага мамлекет тарабынан берилген сыйлыктардын тең жарымында өмүрлүк жолдошумдун да эмгеги бар деп айтып калам. Тылда бейкутчулук болбосо, майданда да ийгиликтер болбойт эмеспи.


Чоң атам болуш болуп жүргөн киши экен. Атам малчы, бригадир болуп иштеген. Балдарымдан дагы менин кесибимди улантып, иштеп атышат. Бул дагы кудайдын буйругу болсо керек. Чоң энесинин кесибин уласын, эл сакчысы болууну тилек кылып, небере кызыбыз мединститутка тапшырды. Судьялык кесип — манчыркаган мансап эмес, элдик кызмат. Судья эл үчүн кызмат кылыш керек.


— Алдыда сот тутумунун 100 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Каалоо-тилегиңизге орун берсек.


— Сот тутумунда эмгектенген кызматкерлерге, ардактуу эс алууда жүргөн кесиптештериме ийгилик каалайм! Эл алдында милдеттерин так аткарып, ызат-сыйга ээ болуп жүрө берүүлөрүнө тилектешмин. Жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык каалайм.


Маегиңизге ырахмат!


Маектешкен Т.Султанов


Булак: “Кыргыз Туусу” гезити, 6-август, 2024-ж., №57(24829).