KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

08 февраля 2023

https://fb.watch/iziDJScqHe/


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Бишкек шаарындагы жергиликтүү соттордун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү.


Кеңешменин ишине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов жана Нургуль Бакирова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, төраганын орун басарлары жана биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары катышышты.


Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык-экономикалык,  кылмыш иштер жана укук бузуулар жана административдик иштер боюнча орун басарлары, райондук соттордун төрагалары доклад жасашты.


Жолугушуунун катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле, иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды. Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктөрү, Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөрүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча иштерди кароодо кетирилген кемчиликтери көрсөтүлдү.


Каралган жана даттанылган иштердин санына өзгөчө көңүл бурулду. 2022-жылы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каралган иштердин саны өскөн, эгерде 2021-жылы 48 025 сот иши болсо, 2022-жылы 58 548 иш болуп, 10 523 ишке өсүп,  17,97 %ды түздү.


2022-жылы Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны да 666  ишке көбөйүп,   12,37 % түзөт.  Эгерде 2021-жылы 4 716   сот иши каралса, 2022-жылы 5 382 сот иши каралган.


Бишкек шаардык сотунда ишти кароо 73,6%ды түздү.


Жокко чыгарылган сот актыларынын санын кыскартуу үчүн биринчи инстанциянын судьяларына практикалык жана усулдук жардам көрсөтүлүүдө.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев процесстик мөөнөттөрдү сактоо соттордун эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү бузуулардын саны 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563га (34,41%га) өскөн.


Кеңешменин соңунда  Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларды ишиндеги каталарды жана кемчиликтерди четтетүүгө чакырды, ошондой эле судьялардын көңүлүн алардын квалификациясын тынымсыз жогорулатууга бурду. Анткени, сот адилеттигинин натыйжалуулугу көбүнчө судьялардан, алардын кесиптик даярдыгынан жана соттук практиканын бирдей колдонулушунан көз каранды.