KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун 100дөн ашык ардагери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун "Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл"медалы менен сыйланды

18 сентября 2024

Бүгүн, 2024-ылдын 18-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот тутумунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи болуп өттү.


Мааракелик иш чаранын  алдында сот тутумунун ардагерлеринин эмгегин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун калыптануу жана өнүгүү жолу өлкө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана жалпы мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт деп белгиледи.


«Бүгүнкү муун мурдагылардын эмгегин жогору баалайт. Сот системасынын кызматкерлери өмүрүн сот адилеттигине арнаган жана судьялардын бир нече муунун татыктуу тарбиялаган отставкадагы судьяларга ыраазычылык билдиришет», — деди өз сөзүндө Замирбек Базарбеков.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын бир катар кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.



Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Санариптик сот адилеттиги: КР сот системасынын жаңы кадамдары
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...