KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук соту өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

09 февраля 2023

2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасы Замирбек Базарбековдун жетекчилиги астында Чүй облусу боюнча  жергиликтүү соттордун өткөн  жыл  ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу кеңешме болду.


Чүй облусундагы райондук жана облустук соттор тарабынан 2022-жылы каралган иштер боюнча Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеев, жазык иштер боюнча төраганын орун Улукбек Калыбеков, жарандык иштер боюнча төраганын орун басары Ирина Горшковская, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Жыргал Мурзалиева маалымат беришти.


Чүй облусунун райондук соттору тарабынан 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан  түшкөн иштердин саны  37 335 алардын ичинен 29 736  сот иши каралып, 2021-жылга салыштырмалуу 32,19% пайызга көп иш каралгандыгы айтылды.


Чүй облустук сотунун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы 2022-жылдын жыйынтыгында 411 жазык иши (2021-жылы 317 иш), каралгандыгын Улукбек Калыбеков билдирди.


Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча  өткөн жылдын жыйынтыгында 2 135  жарандык иш каралган. ( 2021-жыл 1912 иш), ал эми Чүй облусунун жарандык иштери боюнча соттук коллегиясы тарабынан 996 (2021-ж. 1008) каралгандыгы тууралуу Ирина Горшковская маалымат берди.


Ошондой эле административдик иштерге токтоло кетсек,  2022-жылы 720 административдик иш каралган болсо, ( 2021-жылы 800 иш каралган) алардын ичинен Чүй облусунун административдик иштери боюнча соттук коллегиясы 150 иш каралгандыгын  Жыргал Мурзалиева кошумчалады.


Соттордун баяндамаларынан кийин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков райондук соттордун төрагаларына сөз берип, алардын жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүнө, каралган иштерине көңүл бурду.


Кеңешменин жыйынтыгында  Замирбек Базарбеков жарандардын ишеничин так аткарууну, мыйзамды сактоону, адилеттүү чечимдерди чыгарууну судьялардан талап кылды.


 


Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов