KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстандын судьяларынын делегациясы Жамбыл облусунун сотторунун мисалында жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын жыйынтыктары менен таанышты

28 октября 2022

Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Инара Гилязетдинова жана Аскат Сыдыков, ошондой эле Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбека Абдылдаев Тараз шаарында (Казакстан) «Open day» форматында бир катар тажрыйба алмашуу жолугушууларын өткөрөт жана Жамбыл облусунун сотторунун мисалында жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын жыйынтыктары менен таанышышты.


Жемиштүү кызматташууну улантуу жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Казакстан Республикасынын Жогорку соту тарабынан делегация үстүбүздөгү жылдын 27-29-октябрына чейин Тараз шаарына иш сапары менен келип кетүүгө чакырылган.


Иш сапардын алкагында делегация бүгүн Павлодар облустук соту өткөргөн «Жаңы Казакстандын шартында сот системасы жана сот адилеттиги: абалы жана келечеги» II Эл аралык форумуна онлайн режиминде катышты.


Тараптар тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жана элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатууга көмөктөшүүчү маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча макулдашууну талкуулап, кабыл алышты.


Видео-блок

"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...
М.Сатыев: "Областтык соттун төрагалары ар бир судьяңар үчүн жооп бересиңер!" Кеңейтилге...
Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...