KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Эмгегинен баар тапкан судья

02 декабря 2019

Кыргыз сотуна 95 жыл


Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


 Өмүрүнүн 45 жылын юристтик кесипке арнап, анын ичинен 25 жыл судья болуп эмгектенген, КРнын сот системасынын 1-даражадагы отличниги Күлүмжан Абдрахманова кесиптик жолу тууралуу айтып берди.


 


1950-жылдын 27-июлунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлүп, бала кезинен сот тармагында иштөөгө кызыккан Күлүмжан Усеналиевна орто мектепти аяктаган соң, В.И.Ленин атындагы орто мектепте эки жыл лаборант болуп иштеп, андан кийин 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык факультетине тапшырган. 1974-жылы жогорку билимге ээ болуп, диплом алган соң, ошол эле жылы Ош облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүндө иштеп баштаган. Ал 1980-жылдан 1990-жылга чейин КРнын Юстиция министрлигинде сот органдар башкармалыгында ишин уланткан.


Кыргыз Республикасы Советтик мамлекет болуп турган кезде эле сот системасына аралашып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келе жаткан Күлүмжан Усеналиевна алгачкы эмгек жолун төмөндөгүчө эскерет: “Ал учурда дисциплинага, тартипке өтө маани берилчү. Сот кызматкерлери жүрүм-турумун, сүйлөө маданиятын ар дайым көңүлгө алып жүрүшчү. Ал кезде азыркыдай техника жок эле. Кагаздарыбыз жупжука, кээде жазсак тешилип калып, кайра жазууга туура келчү. Соттун кагазында бир тамга дагы ката кетирүүгө жол берилчү эмес. Эгерде бир эле тамгадан ката кетсе, кайра башынан көчүрүп жазчубуз.”


Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алганда мамлекеттик башкаруу системасынын бир бутагы болгон сот тармагы кайрадан түптөлүүгө дуушар болду. Бул өткөөл мезгилдерде Күлүмжан Усеналиевна Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда эмгектенген. Ал жерде сот болуп 1990-жылдан 1996-жылга чейин иштеп, андан соң Бишкек шаардык сотуна судья болуп шайланган. Ал жерде 2015-жылдын 27-июлуна чейин иштеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу отставкага чыккан. Судья болуп эмгектенип жүргөн учурда Сотторду тандоо кенешинин мүчөсү болуп иштеген.


Юристтик кесипти жөн гана жумуш катары эмес, өмүрүн арнаган кесип катары баалап, сүйүп иштегендигин айтып, чечим чыгарууда эч нерсе таасир бербөөсү үчүн мыйзамга гана таянуу керектигин баса белгилейт. Ал: “Мыйзамдын негизинде чыгарылган чечим эч кимди нааразы кылбайт. Чечим чыгаруу оңой-олтоң нерсе эмес. Айрыкча, аял кишиге. Себеби, аялзаты бир нерсени жүрөгүнө бат алат эмеспи. Анан дагы адамдардын тагдыры чечилип жатса,” — дейт.


Азыркы сот системасы тууралуу “Сот тутуму туура багытта өнүгүп бара жатат. Айрыкча жаңы кабыл алынган медиация институту эң чоң жетишкендиктердин бири, ошондой эле «медиатор» болуп отставкадагы соттор, мындайча айтканда, тажрыйбасы чоң инсандар иштесе” деген кеңешин айтат.


Ошондой эле, тажрыйбасы мол судья азыр татыктуу, келечеги кең, кесипкөй адамдар өсүп келе жаткандыгына токтолуп, сот тармагында эмгектенген кесиптештерин Кыргыз сотунун 95 жылдык мааракеси менен куттуктады. Күлүмжан Усеналиевна бүгүнкү күндө да үйүндө бекер жатпастан, топтогон тажрыйбасы, билими менен бөлүшүп, жаштарга жол көргөзүү максатында Бишкек шаардык сотунда улук консультант болуп эмгектенүүдө.