KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду

07 ноября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 7-ноябрында, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевдердин катышуусунда иш-чара өттү.


Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.


Президенттин м. а. Кыргызстанда 1920-1950-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон 40 миңге жакын адамдын сөөктөрү ушул күнгө чейин белгисиз экенин эске салды. Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу деп белгиледи.


Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.