KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова Европалык Биримдиктин «LEICA – Борбор Азиядагы укук коргоо органдары» долбоорунун өкүлдөрүн кабыл алды

15 января 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова жана Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов Европалык Биримдиктин «LEICA – Борбор Азиядагы укук коргоо органдары» долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту.


Белгилей кетүүчү жагдай, Европа Биримдиги  тарабынан каржыланган LEICA долбоорунун максаты Борбор Азиядагы укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоо, региондогу муктаждыктарды терең талдоонун негизинде техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле тематикалык тренингдерди өткөрүү болуп саналат. Негизги милдеттеринин бири — терроризмге каршы күрөшүү үчүн сот тутуму менен укук коргоо органдарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу.