KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кочкордо сот кызматкерлери сахнада роль жаратып, обондуу ырларды аткарышты

23 ноября 2023

Кочкор райондук сотунун жамааты «Айтматовдун каармандары кыргызга үлгү» аттуу иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.


Кочкордо Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы жана «Кыргыз тили жана Айтматовдун ааламы» үч айлыгынын алкагында иш-чаралар башталды.


Алгачкы иш-чара Кочкор райондук сотунун жамааты тарабынан өткөрүлдү. Ага мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.


Кечени Кочкор райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруу Өмүрбек Сарыбаев ачып, райондук соттун иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу тууралуу сөз кылып: «Анын чыгармасындагы каармандардан, жазуучунун басып өткөн жолунан үлгү алышыбыз керек. Күн сайын адам болууга умтулуп, келечек муундарды таттыктуу тарбиялоого аракет кылалы», — деди.


Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы слайд аркылуу көрсөтүлдү. Сот кызматкери Нурзат Бактыгулова залдагы көрүүчүлөргө Айтматовдун чыгармаларынан суроо-жооп уюштуруп, талкуу жүрдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө сот кызматкерлери Айтматовдун чыгармаларынан сценка коюшуп, көрүүчүлөргө мекенчилдикке чакырган обондуу ырларды аткарып беришти.


 


https://www.turmush.kg/news:558620


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...