KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку соттун аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

12 августа 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту


Жогорку соттун аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш  бөлүмүнүн                 улук референти (оператор-монтажер) — 1-б (У-Б)


 


Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:


— өзүнүн арызы;


— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);


— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;


— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);


— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;


— паспорттун көчүрмөсү.


 


Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 29-августу саат 17-30 га чейин жүргүзүлөт.


 


Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.


 


Улук  административдик кызмат ордуна (оператор-монтажер багытында)


-оператор-монтажер тармагында жогорку билим;


-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы;


 


-Кыргыз Республикасынын Конституциясын;


-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Конституциялык мыйзамын;


-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын;


-Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;             -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;


-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;


-“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндө” Жобосун;


-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругу менен бекитилген кызматтык нускамасын;


-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


-Билгичтиги:


-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;


-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


-элдин алдында сүйлөө;


-пресс-релиз, макала жана башка өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде тийиштүү материалдарды даярдап массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо;


-жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу;


-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө;


— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;


-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;


-мамлекеттик тилден расмий тилине которуу жана кайрадан расмий тилинен мамлекеттик тилине которуу;


-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;


-компьютердик жана социалдык тармактардагы иштөөнү билүү: (маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо, Интернет, эл.дарек ж. б.).


 


 Көндүмдөрү:


-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.


-ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


-сапаттуу видеолорду тартуу жана монтаждоо;


-социалдык жана анимациялык роликтерди жасоо;


-телесюжет, атайын репортаж, бокс монтаждоо;


-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-борборун техникалык жактан тейлөө;


-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтын иштетүү (материалдарды жарыялоо, видеоматериалдарды жүктөө жана маалыматтарды социалдык тармактарга таркатуу);


ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;


-ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;


-мамлекеттик жана расмий тилдерде аналитикалык макалаларды даярдоо;


-коммуникациялык стратегиянын жана медиа пландын аткарылышын көзөмөлдөө;


-ММКлардагы маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана жалпылоо.


 


Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат.


 


Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот:          0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү).