KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кумара Имамова:“БИЗ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ СОТКО ЖЕТКИРБЕЙ ЧЕЧЕБИЗ”

29 марта 2023

Медиация институту сот адилеттүүлүгү үчүн Кумара Имамова, Баткен облусу боюнча медиаторлордун куратору: “БИЗ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ СОТКО ЖЕТКИРБЕЙ ЧЕЧЕБИЗ”




Сотто ким өз пикирин далилдесе, ошол жеңет. Соттук териштирүүлөрдөн кийин тартышуу дагы деле калышы мүмкүн. Ал эми медиация мамилелерди сактоого жана өнүктүрүүгө жардам берет. Дагы бир маанилүү фактор — бул акчаны үнөмдөө», — деп баса белгиледи Кумара Имамова.



Үй-бүлө мүчөлөрү, иш берүүчүлөр же мамлекеттик кызматкерлер менен болгон чыр-чатактар сотко кайрылууга милдеттүү эмес. Аларды макулдашуу жол-жоболору аркылуу чечсе болот.


2017-жылдын 28-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары талаш-тартыштарды сотко жеткирбей, ортомчунун жардамы менен чечүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Конфликттерди чечүүнүн бул альтернативалуу процедурасы медиация деп аталат.


Мыйзамда макулдашуу жол-жоболору — сүйлөшүүлөр жана маалыматтык жолугушуулар каралган, талаштарды чечүүнүн бул ыкмалары чыр-чатактын тараптарына бардыгына ылайыктуу чечимди табууга мүмкүндүк берет.


“Медиатор тараптарга процедуранын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт. талаш-тартыштын катышуучуларынын ар бири чыр-чатакты кандай көргөндүгүнө карата медиатор тараптардын кызыкчылыктарын аныктайт жана катышуучулар мүмкүн болгон чечимдерди сунушташат, алардын ар биринин кызыкчылыгына ылайыктуулугу жана ишке ашырылышы бааланат. Жыйынтыгында медиациялык келишим түзүлүшү мүмкүн, анда жетишилген макулдашуулар бекитилет. Бул жол-жобо соттук териштирүүдөй далилдерди жана юридикалык позицияларды эмес, тараптардын кызыкчылыктарын эске алат” — деди Баткен облусу боюнча медиаторлордун куратору Кумара Имамова.


«Мындан тышкары, сотто ким өз пикирин далилдесе, ошол жеңет. Соттук териштирүүлөрдөн кийин тартышуу дагы деле калышы мүмкүн. Ал эми медиация мамилелерди сактоого жана өнүктүрүүгө жардам берет. Дагы бир маанилүү фактор — бул акчаны үнөмдөө жана азыркы күндө практика боюнча алып караганда медиациялык макулдашуунун аткарылуусу 85% түзөт», — деп баса белгиледи Кумара Имамова.


“Сот мыйзамда каралган иштердин категориялары боюнча соттук териштируунун тараптарына жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүнү сот процессинин кайсы этабында болбосун сунуш кыла алат. Ал учурда сот отурумуна тыныгуу жарыяланат. Эгерде тараптар мунасага келе албаса, соттук териштирүүлөр улантылат.


Мисалга алсак, Баткен облусундагы район, шаардык соттору тарабынан 2022-жылы Улуттук медиация борборуна жалпысынан 57 иш жөнөтүлүп, анын ичинен 10 жарандык жана 7 кылмыш иши боюнча медиациялык макулдашууга жетишишкен” — деп билдирди Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев.