KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болду

24 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 24-февралында, Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри  Аяз Баетов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Исабек Султаналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу Рустамбек Шабыев,  ошондой эле  Жогорку соттун судьялары, ал эми жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


 


Өлкөнүн жогорку сот органынын судьялары күн тартибинде эки негизги маселени карашты:


 


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2022-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтарын угуу;


 


— Соттук коллегияларынын иши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу.


 


Замирбек Базарбеков белгилегендей, өткөн жылы судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык маяналары көтөрүлүп, сотторду материалдык техникалык жактан камсыздоо, кызматтык үйлөрдү куруу иштери башталды. Ысык-Көл облусу менен Жалал-Абад облусунда “Адилет үйлөрүнүн” курулуштары аяктап, ачылуу алдында турат.


Ошону менен катар, республика боюнча 312 судья ротацияланды, анын жыйынтыгында иштердин кароо мөөнөтү кыскарып, негизсиз создуктурулган иштердин саны азайды, ишти кароонун бирдиктүү практикасын калыптандырууга жакшы шарттар түзүлдү, мындан тышкары тааныш-билиш, тууганчылык мамилелердин таасири кескин кыскарды десек да болот.


Бирок, баса белгилеп кетчү жагдай иштердин жогорку инстанциядагы соттор тарабынан жокко чыгарылып кайрадан кароого төмөнкү инстанциядагы сотторго жиберүүнүн себебинен жалпы сот жараяны жылдап созулган фактылар дагы да токтой элек.


Жогорку соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук коллегиялары процесстик мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктарыңыздарды толук кандуу ишке ашырбай, иштерди кайра кароого жүйөсүз жиберүүнү токтотуңуздар”, — деп блегиледи төрага.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларына карата кассациялык тартипте келтирилген даттануулар боюнча 835 кылмыш иши каралып, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көп (2021– бардыгы болуп 739 иш болгон) болгондугун маалымдады. Алардын ичинен 596 кассациялык даттануулардан – 223 (37,4%) (2021-жылы – 189 – 37,7%) жана 225 прокурордун сунуштарынан — 91 (44,4%) (2021-жылы 220 – 101 – 45,(%) канааттандырылган. Жалпысынан 314 кассациялык даттануу, сунуш канааттандырылып, пайыздык көрсөткүч 38,2% түздү. 14 кассациялык өндүрүш кыскартылган.


Ал эми Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айбек Давлетов жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыктары туурасында баяндама жасап, өткөн жылы  аталган соттук коллегия тарабынан кассация тартибинде 2087 жарандык иш каралып, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 14,28% көбүрөөк, ошондой эле 758 соттук материал каралып, 2021-жылга салыштырмалуу 2,57% көп болгон. Жалпысынан 2845 жарандык жана экономикалык иштер каралган. Соттук коллегиянын бир судьясына орточо жүгү айына 17,77 иш же өткөн жылы 213,24 иш түзгөн.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын Нургуль .Бакирова  административдик иштер боюнча соттук коллегиянын 2022-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маалымат берип, жалпы кассация иретинде  өткөн жылы соттук коллегияга 1151 иш түшкөн, (2021-ж. -1203, салыштырмалуу 52 ишке же 4,5% азайган), алардын ичинен административдик иштердин саны – 1019 (2021-ж. — 1071) же болбосо 2021-жылга салыштырмалуу 5,1% азайган, административдик иштер боюнча соттук материалдар — 132 (2021-ж. — 132).