Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын куттуктоо тексти
Алгачкы кыргыз прокуратурасы 1924-жылы түзүлүп, дээрлик бир кылымдык жолду басып өттү.
Түзүлгөн күндөн баштап прокуратура кызматкерлери мыйзамдын ишенимдүү сакчылары катары коомубузду адилетсиздиктен жана мыйзамсыздыктан коргоп келет.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасына мамлекеттин эң негизги функциясы — мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.
Прокуратура кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана квалификациясынын деңгээли сот адилеттигинин сапатына да таасирин тийгизет. Анткени соттук чечим, сотко чейинки өндүрүштүн сапатынан көз каранды болот. Ошондуктан, сот жана прокуратура органдарынын мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында бирдиктүү иш-аракеттерди алып баруусу, учурдун талабы деп эсептейм.
Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттик органдарды, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигин санариптештирүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.
Учурда сот жана прокуратура органдарында иштеп жаткан “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” менен “Соттун автоматташтырылган маалыматтык системасын” интеграциялоо процесси жыйынтыкталып жатат.
Жогоруда айтылган автоматташтырылган маалыматтык системалардын бирдиктүү иштеши — сот жана прокуратура органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем.
Прокуратура кызматкерлеринин алдында өлкөбүздө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекеттин жана коомубуздун кызыкчылыктарын коргоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө байланышкан эң ыйык милдеттер турат.
Сиздердин аталган милдеттерди аткаруудагы алгылыктуу иш-аракетиңиздер урмат-сыйга, кадыр-баркка жана ыраазычылыкка татыйт.
Кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана принципиалдуулук прокуратура кызматкерлерине мүнөздүү сапаттар. Башынан прокуратура кызматкерлерине таандык болгон — “Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары” ардактуу наамы сиздердин кесиптик ишмердигиңиздерде күч-кубат берип, ар-дайым жөлөк болсун!
Сиздерди, өзүмдүн жана сот тутумунун атынан “Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Ары түйшүктүү жана ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!