KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттору Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

07 мая 2021

Жеңиш күнү улуу майрамдардын бири – бул күн фашисттик Германиядан жапа чеккен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн ыйык майрам.


Жыл сайын салттуу түрдө Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттору  Жеңиш күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына жигердүү катышып, ардагерлерге көңүл бөлүп, материалдык  жардамдарын көрсөтүп келишет.


9-майдын алдында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Канат Аманов, судьялар Жаңыл Борончиева жана Эркин Пазылов ооруктун ардагери, Каракол шаарынын тургуну 93 жаштагы Попова Анна Григорьевнаны майрамы менен жамааттын атынан куттукташты. Судьялар ардагердин ден соолугунан кабар алып, ага узун өмүр каалап, гүл менен белектерин тапшырышып, материалдык жардам көрсөтүштү.


Ошондой эле Каракол шаардык сотунун судьялары ооруктун ардагери, Каракол шаарынын тургуну 93 жаштагы Калугина  Надежда Николаевнаны Жеңиш күнү менен куттукташты. Ардагерге акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүлдү.


Ак-Суу райондук сотунун судьялары сот аткаруучулар жана сот приставдары менен бирге  согуштун ардагерлерин, Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылында жашаган 96 жаштагы Кожогул Сатыбалдиевди,  Отуз-Уул айылынын тургуну 99 жашар   Кенжебай Жакшылыковду жана Кара-Кыз айылынын жашоочусу, согуш жылдары оорук кызматкери болуп эмгектенген, 91 жаштагы Батыш Байбураеваны келе жаткан майрамы менен куттукташты. Соттун кызматкерлери ардагерлердин акыбалын сурап, аларга бекем ден соолук каалап, белектерин тапшырышты.


Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Токтогул Жумаев соттун жалпы жамаатынын атынан Ысык-Көл районунун Кашат айылында жашаган ардагер Шарше Исраиловду  куттуктап, акчалай жардам көрсөттү.


Тоң райондук сотунун төрайымы Асел Сыдыгалиева Боконбаев айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагери Салике Солтоев атаны жана ооруктун ардагери Турсунбүбү Мамбетованы соттун жалпы жамаатынын атынан майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.


Түп райондук сотунун судьялары согуштун ардагери, Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Кадырбай Абдыкалыковдун ал-акыбалын сурап, акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүштү.


Балыкчы шаардык сотунун судьялары Балыкчы шаарында жашаган Ступкина Татьяна Александровнаны куттукташып, гүл берип, материалдык жардам көрсөтүштү.


Ардагерлер облустун бардык судьяларына жана соттордун аппарат кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы  Гульзада Аширбаева