KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн үч күндүк окутуу башталды

15 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 15-июлунда, Бишкекте сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн үч күндүк окутуу башталды.


Окутуунун ачылышына  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова, IDLO эл аралык Өнүктүрүү укугу уюмунун юстиция секторунун потенциалын жогорулатуу боюнча кеңешчиси Дильбар Максимбекова катышышты.


Өз сөзүндө Нургуль Бакирова жергиликтүү соттордогу  басма сөз катчыларды окутуу бүгүнкү күндүн талабы болуп жаткандыгын белгиледи. Анткени, соттордогу иштерди коомчулукка туура жеткирүүдө басма сөз катчылардын ролу чоң.


Басма сөз катчылар соттук чечимдерди гана чагылдырып чектелбестен, жарандардын укуктук маданиятын да көтөрүүгө жардам бериш керек экендигин белгиледи.


Окутуунун максаты жергиликтүү соттордун басма сөз катчыларынын  потенциалын көтөрүү жана  сот тутумунун ишмердүүлүгүн коомчулукка өз маалында жеткирүүдө  жалпыга  маалымдоо каражаттары менен кызматташуунун жолдорун бекемдөө болуп саналат.


Үч күн катары менен медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев мультимедиалык материалдарды даярдоого колдонулуучу мультимедиалык форматтар жана онлайн аспаптар, видеого тартуу жана аны топтоонун негиздери, онлайн жана офлайн кампанияларды иштеп чыгуу жана өткөрүү менен коомчулукту кабардар кылуу, ЖМК менен байланыш түзүү жолдорун үйрөтүшөт.


Белгилей кетүүчү жагдай аталган окутууга Жогорку соттун басма сөз кызматы, аймактардагы жергиликтүү соттордун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Сот департаментинин жана  Конституциялык палатанын басма сөз катчылары катышышат.


Басма сөз катчылар үчүн уюштурулган тренинг Жогорку соттун басма сөз кызматы тарабынан USAID-IDLOнун «Ишенимдүү сот» программасынын  колдоосу менен өтүп жатат.