KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

27 апреля 2021

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 31 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.


Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.


Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.


Президент 30 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:


– Чүй облусу:


Чүй райондук соту:


Курманова Гүлай Эсеновна;


 


– Жалал-Абад облусу:


Аксы райондук соту:


Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;


Дарманкулов Манасбек Маширапович;


Насирова Ташкан Жумабаевна;


 


Базар-Коргон райондук соту:


Миталипов Шарипжан Таштемирович;


Нармырзаев Марклен Алтынбекович;


Эргешов Сулайман Кадырбекович;


 


Ноокен райондук соту:


Өскөнов Данияр Айтмаматович;


Турдумбетов Мунарбек Шерматович;


 


Сузак райондук соту:


Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;


Жолдошов Иматилла Султанович;


Жолчу кызы Сапаргүл;


Смадиярова Айжан Алимжановна;


Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна;


 


Тогуз-Торо райондук соту:


Каримбеков Ниматилла Исмаилович;


Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович;


 


Чаткал райондук соту:


Осмонов Сотибек Ырыскулович;


 


Токтогул райондук соту:


Бапанова Гүлмира Шериевна;


 


Кара-Көл шаардык соту:


Миркамилов Нурлан Мирпазылович;


 


Майлуу-Суу шаардык соту:


Асылбашев Данияр Куванычбекович;


 


Таш-Көмүр шаардык соту:


Садыков Алтынбек Кадырбаевич;


 


Жалал-Абад шаардык соту:


Апысова Аида Айдаралиевна;


Калмамат уулу Алтынбек;


 


– Ош облусу:


Кара-Суу райондук соту:


Туманова Венера Сүйүнбаевна;


 


Чоң-Алай райондук соту:


Эргешова Элиза Исаковна;


 


Ош шаардык соту:


Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;


Курманбеков Темирбек Улукбекович;


Маматов Темирбек Тайырбекович;


Акматов Абдималик Алиевич;


Матенов Таалайбек Убанкожоевич.