Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери мурдагы судья Бекишов Дуулатбек Бекишовичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бекишов Дуулатбек Бекишович 1958-жылдын 28-декабрында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган.
1978-1983-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамалекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган.
1983-1986-жылдары Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү болуп эмгек өтөгөн. Андан соң 1987-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы болуп эмгектенген.
1987-1991-жылдары Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун орун басары болуп иштеген. Андан кийин 1993-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы кызматын аркалап келген.
1993-жылдын апрель айынан баштап ушул эле жылдын августь айын чейин Нарын облусундагы прокуратурада прокурордун улук жардамчысы болгон. Ал эми 1996-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнүн улук референти болуп эмгек өтөгөн.
1996-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунда судья, андан кийин 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми 2015-жылдын апрель айына чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы, судья болгон.
Сот тутум туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.