KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова аксакалдар соту менен жолугушту

25 ноября 2021

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова аксакалдар соттору ассоциациясынын башчысы Замира Мамакеева, «Пригородный» айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Зарлык Алымов жана аксакалдар сотунда 14 жылдан бери иштеген Мария Кулмамбетованы кабыл алды.


Жолугушууда Жогорку сот менен аксакалдар сотторунун ортосундагы кызматташуу, аксакалдар сотторунун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Нургуль Бакирова аксакалдар сотторуна жер жерлерде атуулдарга укуктук жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үй-бүлөлүк зордук зомбулук, ээн баштык жана кыз ала качуу сыяктуу көрүнүштөрдү азайтууга кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.


Жогорку соттун төрайымы өз сөзүндө үй-бүлөлөрдү ажырашуудан сактап калууда аксакалдар сотторунун салымы чоң экендигин ырастады. Ата-энелерди сыйлоо, балдарды тарбиялоо, үй-бүлөдөгү адеп-ахлак маселесинде дагы аксакалдар соту дайым көмөк көрсөтүп келишет.


Көп иштерди сотко жеткирбей, өз ара келишим түзүү аркылуу чечип жатышкандыктарын айтты. Андыктан, сот тутуму аксакалдар сотуна укуктук жактан жардам берип, биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин белгиледи.


Аксакалдар соту Жогорку сот менен өз ара кызматташууну ниеттенип атайын меморандум ала келишкен. Анын жол-жоболору такталгандан кийин, мындан ары дагы кызматташтыкты бекемдөө аракеттери көрүлөт.


Белгилей кетүүчү жагдай, учурда республика боюнча 4380 аксакалдар соту болсо, алардын 783 аксакалдар сотунун төрагалары. 2015-жылы Бишкектин төрт районунуда Аксакалдар соту өз ишмердүүлүгүн баштап, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана сот тутуму менен тыгыз кызматташууну көздөп келишет.