KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Баткен облусунун чек арасында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө сот тутумунун атынан жардам көрсөттү

13 мая 2021
Бүгүн, 2021-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Баткен облусуна иш сапары менен келди. Төрайым Баткен окуяларында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн кабар алып, жардам көрсөтүү максатында келген.


Баткен облустук сотунун имаратында Жогорку соттун төрайымынын катышуусунда Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.


Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Марип Туллаев, Баткен облустук прокуратурасынын прокурорунун орун басары Шергазы Кожомбердиев, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаев, Баткендин чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Мурат Боронов, Кыргыз Республикасынын УКМКнын 2021 чек ара аскер бөлүгүнүн начальнигинин орун басары Алтынбек Шеримбаев, Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.


Ошондой эле жабыр тартышкан Ак-Сай айылынын тургундары, облустук, райондук жетекчиликтин өкүлдөрү, жапа чеккен айылдардын айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана депутаттар, комиссия мүчөлөрү катышышты.


Белгилүү болгондой, жалпы сот тутуму Баткен окуяларында орун алган окуяларда жабыр тарткан мекендештерге жардам иретинде каражат чогултушкан. Атайын ачылган эсепке Кыргыз Республикасынын судьялары, соттордогу аппарат кызматкерлери, Сот департаменти, Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Аткаруу кызматы, Сот приставдар кызматы, “Адилет сот” мекемесинин кызматкерлери которушкан.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын тапшырмасы менен Баткен окуяларында жабыркаган жарандарга даректүү жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусунун сот органдары сот тутумунун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн.


Нургуль Бакирова Баткен окуяларында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам катары жалпы сот тутуму 1 367 500 сом (бир миллион үч жүз алтымыш жети миң беш жүз сом) чогултканын айтты. Төрайым сот тутуму тарабынан жыйналган каражатты 117 үй-бүлөгө 10 миң сомдон, ал эми Максат 2021 чек ара постуна 195 000 сомду бөлүштүрүп берүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.


Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен Баткен облусунун Лейлек районунда жабыр тарткан 106 үй-бүлөгө, Кулунду айыл өкмөтүнүн Сада айылындагы 9 үй-бүлөгө, Интернационал айылындагы 3 үй-бүлө, Максат айылындагы 89 үй-бүлөгө, ошондой эле Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылындагы 3 үй-бүлөгө, Арка айылынын 2 үй-бүлөгө берилди. Ошондой эле Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 11 үй-бүлөгө берилди. Мындан тышкары Нургуль Бакирова чек ара жаңжалында жабыр тарткан аскерлерге дагы өзгөчө көңүл буруу керек экендигин айтып, Максат айылындагы «Максат» чек ара постуна каражатты тапшырды.


Жогорку соттун төрайымы Баткен окуяларында каза болгон жарандарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, каргашалуу окуяда жаракат алгандардын тез сакайышын жана өлкөгө тынчтык жана биримдик болушун каалады.


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Нургуль Бакировага жана жалпы сот тутумуна Баткен облусунун чек арасында орун алган окуялардан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, акча каражаты ар бир үй-бүлөгө даректүү берилээрин кошумчалашты.