KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль  Бакирова Түркиянын Чамлыджа мечитинде болду

03 сентября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Түркияга болгон иш сапардын алкагында Стамбул шаарындагы  Чамлыджа мечитинде болду.


Мечитке Түркиянын  Кассациялык сотунун  төрагасы Мехмет Акаржа  дагы барды.


Аталган мечит Түркиянын эң чоң мечити болуп саналат жана ага бир киргенде 63 миң адам батат. Мечитте үч имам жана 200гө жакын кызматкер иштейт.


Мечит Стамбулдагы Үскүдар шаарында жайгашкан жана көркөм галерея, китепкана жана жыйындар залын өзүнө камтыйт. Мечиттин баасы 110 миллион долларды (550 миллион түрк лирасы) түзгөн, ал түрк өкмөтү тарабынан экономиканы чыңдоо максатында чоң долбоор  катары салынган. Чамлыджа мечитинин архитектуралык дизайны 2000 -жылы эки аял архитектор Бахар Мизрак жана Хайрийе Гүл Тотунун жетекчилиги астында башталган. Мечиттин дизайны Осмондук ислам архитектурасынан жана Мимар Синандын эмгектеринен  алынган.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...