Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып кабар алды.
Төрайым менен бирге ардагерлерди куттуктап Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов жана Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров барды.
Нургуль Бакирова башында турган Жогорку соттун өкүлдөрү согуштун ардагерлери Асек Урманбетов, Анна Кутанова жана Бүмайрам Исмаилованын үйүндө болушту.
Төрайым ардагерлерди келе жаткан 9-май менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калаарын белгиледи.
“Жеңиш майрамында бардыгыңыздарга улуу эрдигиңиздер жана кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сыймыгыбыз болуп, көп жашагыла! Ар дайым жакшылыктын үстүндө жүрүңүздөр!”, — деп билдирди төрайым.
Жогорку соттун төрайымы согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүп, белектерди тапшырды.
Белгилей кетүүчү жагдай, Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.