KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Эл аралык судьялар ассоциациясынын 44-жылдык конференциясына катышууда

21 октября 2022

2022-жылдын 18-октябрында АКШнын Детройт шаарында Аял судьялардын Эл аралык ассоциациясынын 44-жылдык конференциясы ишин баштады.


Конференцияга 37 өлкөдөн аял судьялар катышууда.


Быйылкы жылы бул конференцияга Кыргыз Республикасынан «Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Гульзат Дыйканбаева катышууда.


Бул конференциянын максаты – аял-судьялардын соттук ролун илгерилетүү, күчтүү, чечкиндүү жана ар тараптуу сот жетекчилигин түзүү, соттордо адилеттүүлүк жана теңчилик, сот адилеттигине бирдей мүмкүнчүлүк аркылуу мыйзам үстөмдүгүнө ээ болгон инсандардын укуктарын коргоо болуп саналат.


Видео-блок

Сот адилеттигинин Жогорку мектебине жаңы директор дайындалды
Медербек Сатыев: Судья болом дегендерге талаптар жогору болуусу керек
Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти
“Ар бир судьянын үстүнөн түшкөн арыздар дыккат каралышы керек!” М. Сатыев Судьялар кеңе...
"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...