KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Түркияда алты  мамлекеттин Жогорку сотторунун төрагалары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

06 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын  Түркияга болгон иш сапары ийгиликтүү соңуна чыкты.


Төрайым Түркиянын Анкара шаарында өткөн  “Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбасы ” деген аталыштагы эл аралык симпозиум жана Кассациялык соттун ачылыш аземине катышуудан сырткары, алты мамлекеттин Жогорку сотторунун төрагалары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Нургуль Бакирова Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов,  Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Рзаев Рамиз Ягуб оглы, Кувейт  мамлекетинин Жогорку сотунун төрагасы Ахмед Мусаед Абдул Мохсен,   Албания Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Сокол Садуши, Түркиянын Кассациялык сотунун  төрагасы Мехмет Акаржа, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Икрам Муслимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди бекемдөө, өз ара тажрыйба алмашуу маселелери  талкууланды.


Жогорку соттун төрайымы жолугушууларда  соттордун ортосунда тажрыйба алмашуу достук мамилелерди чыңдоого жаңы дем берип, укуктук кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөөрүн билдирди.


Мамлекеттердин  сот адилеттүүлүгүн жакшыртуу үчүн биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда пикир алмашуу жана  кызматташууга даяр экенин белгиледи.


Тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү өлкөлөрдүн укуктук системасын өнүктүрүү үчүн жакшы коңшулук мамилелердин ишенимин бекемдөөгө салым кошоору шексиз экенин кошумчалашты.


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Нарын
Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...