Бүгүн, 2021-жылдын 11-майында, Нургуль Бакированын төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин төрагаларынын Кеңешмесин өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова кыргыз тарап кабыл алуучу боло турган иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар иш-чараны уюштуруу боюнча бир катар маселелерге токтолушту: ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмесинин ар кандай форматтары туурасында, темасы жана убактысы жөнүндө талкуулашты.
Белгилей кетчү жагдай, жумушчу топ Кыргыз Республикасынын судьяларынан жана сот кызматкерлеринен түзүлгөн.
Эске сала кетсек, жогорку соттордун төрагаларынын Кеңешмеси ШКУга мүчө мамлекеттердин сот тутумунун ишин мындан ары өркүндөтүү механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берип, ар кандай маселелер боюнча туруктуу диалог жүргүзүп келет.