Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Жогорку соттун судьясы Чынара Садырова, Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова, Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясы Эрмек Иманалиев жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Зарина Абдыкадырова “Административдик укук жана процесс: учурдагы абал жана келечектеги милдеттер” аттуу XV эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Иш-чара Германия Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) колдоосу астында Йорг Пуделканын жетекчилиги астында Астана шаарында Игорь Рогов жетектеген Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссия менен бирге өткөрүлүүдө. Конференцияга Германия, Швейцария, Австрия, Польша, Латвия, Молдова, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн мамлекеттик кызматкерлер, судьялар, окумуштуулар, эл аралык эксперттер катышууда.
Нургуль Бакирова өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Административдик-процесстик кодексинде объективдүү изилдөөнүн жаңы принциби бекитилгенин белгилеп, сотторду процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, билдирүүлөрү жана сунуштары, берилген далилдер жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, иштеги талаш-тартышты туура чечүү үчүн мааниси бар бардык иш жүзүндөгү жагдайларын изилдөөгө милдеттендире тургандыгын айтты.
«Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси административдик иштер боюнча соттук процесстин бардык этаптарын кеңири жөнгө салат: сотко кайрылуу укугуна ээ болгон адамдардын чөйрөсүн, административдик иштердин сотторго караштуулугун жана юрисдикциясын, иштерди кароо тартибин аныктайт.
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын «Административдик ишмердүүлүктүн негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Мыйзамынын (62-берене) талаптарына ылайык, административдик актыларды, административдик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) милдеттүү түрдө сотко чейинки тартипте даттануу каралган.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 5-беренесинин 4-бөлүгүндө, эгерде административдик актыларды, административдик органдардын аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу боюнча сотко чейинки тартип мыйзамда белгиленген болсо, анда мындай актыларды соттук тартипте даттануу ошол тартип сакталып бүткөндөн кийин гана мүмкүн экендиги каралган», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары.