KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX Кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча  биргелешкен билдирүү кабыл алынды

24 мая 2024

Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында 2024-жылдын 23-майында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX отуруму болуп өттү.


Кеңешме Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгы астында өттү.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жетектеген кыргыз делегациясы катышты.


Иш чарага ошондой Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотторунун төрагалары катышышты.


Кеңешменин ишине ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын жана ШКУ регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин  өкүлдөрү катышышты.


Ошондой эле кеңешмеге байкоочу мамлекеттерден Беларусь Республикасынын Жогорку соту болду.


Жыйынтыктоочу кеңешменин жүрүшүндө Замирбек Базарбеков  ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун ортосундагы өз ара аракеттешүү барган сайын натыйжалуу болуп жаткандыгын белгиледи.


Бүгүнкү кеңешме биздин соттордун ортосундагы конструктивдүү жана ишенимдүү диалогдун уландысы болуп калды, биз мыкты тажрыйбалар жана идеялар менен алмаша алдык.


Урматтуу кесиптештер, мен дагы белгилеп кетким келет, биздин ШКУнун аянтындагы жолугушууларыбыз жогорку соттордун ортосундагы укуктук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн гана эмес, ошондой эле достук мамилелерди, өз ара ишенимди бекемдөө жана элдерибиздин ортосундагы ынак коңшулук байланыштарды орнотуу үчүн бекем пайдубалды түзөт”, — деди Замирбек Базарбеков.


Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттешүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө жаатындагы биргелешкен ишмердүүлүктү мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзүп, соттук-укуктук реформаларды тереңдетүү үчүн шарттарды түзөөрүн баса белгилешти.


Делегация башчылары мындан ары сот бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, сот адилеттигин ишке ашырууда жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери боюнча алдыңкы тажрыйба жана жаңы билим алмашууга даяр экендиктерин билдиришти


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.


ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кийинки юбилейлик кеңешмеси 2025-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагалыгы астында өтөт.