KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту менен Медиаборбор кызматташат

26 июня 2020

2020-жылынын 24-июнунда Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков, төраганын орун басарлары Бактыбек Султанканов, Абдимиталип Абылакимов, Токтосун уулу Каныбек жана судья Жолчу кызы Сапаргул Жалал-Абад областынын аймагындагы медиа борбордун, гезит жана телевидениялардын өкүлдөрү менен кызматташуу жана укуктук аң-сезимди көтөрүү максатында жолугушуу өткөрүштү.


Төрага жалпы сот тутумунун ишмердиги, сот реформасы жана учурдага санариптештүрүү иш чаралары жөнүндө маалымат берди. Төраганын орун басарлары ар бир коллегиянын ишмердиги жана ишти кароодогу өзгөчөлүктөр, сот жыйналышынын ачыктыгы менен кошо судьянын ыйгарым укуктары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖМКнын укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалыматтар айтылып, суроолор боюнча алардын жоопкерчилик маселелери жөнүндө дагы сөз болду.


Журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолор: сот отурумун чагылдыруу үчүн аудио жана видео жазуу жөнүндө, кылмыш иш боюнча жабырлануучу тараптан тосмо арыз берилсе иштин жыйынтыгы кандай болору, бүгүнкү күндө областта адам өлтүрүү, зардук-зомбулук боюнча статистика жөнүндө, соттун сот актысы менен эркиндигинен ажыратылган адам мамлекеттик кызматта иштөөнүн шарттары, медиация институту жөнүндө, жорук жасаган жаран айып пулду төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондо кандай жеңилдиктер каралгандыгы боюнча суроолор берилип, аларга кеңири жоопторун алышты жана редакторлор тарабынан атайын соттук программаларды даярдап сот отурумдарын чагылдырууну, соттордун ЖМК менен өз ара кызматташтыгын бекемдөө боюнча сунуштар айтылды.


Мындан сырткары Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков менен Жалал-Абад облустук медиаборборунун башкы директору Тургунбай Алдакулов жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу багытында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.


Иш чаранын соңунда Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков мындай жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен сот системасынын иши туурасында, сот адилеттигин ишке ашырууда жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында жолугушуулар болуп тураарын билдирип, катышуучуларга сот отурумдарын чагылдырып, сот системасынын ишмердүүлүгү туурасында жазган журналисттер үчүн сот системасынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иш алып баруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан даярдалган «Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташуусу» деген колдонмо таркатылып берилди.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы