KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сот башчыларынын XVIII кеңешмеси жыйынтыкталды

11 марта 2023

Бүгүн, 11-мартта, Индиянын Нью-Дели шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII отурумунун биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.


Уюмга мүчө-мамлекеттердин делегацияларын жетектегендер: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, Индия Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Дхананджая Чандрачуд, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары  Цзинхун Гао, Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Умар Бандиал (онлайн), Россия Федерациясынын Жогорку  сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Бахтиёр Исламов.


Байкоочу-мамлекеттердин делегациялары: Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Валерий Калинкович, Иран Ислам Республикасынын сот бийлигинин башчысынын биринчи орун басары Мохаммад Канамои, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Дамдин Ганзориг ( онлайн)  катышышты.


Жолугушууга ошондой эле ШКУ Катчылыгынын Башкы катчысынын орун басары Джанеш Каин жана ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасынын (РАТС) Аткаруу комитетинин директорунун орун басары Ракеш Верма катышты.


Эки күндүн ичинде делегаттар үч сессияда “Акылдуу соттор” жана сот тутумунун келечеги, “Сот адилеттигине жетүүгө көмөктөшүү” деген темалар боюнча жыйындын катышуучуларынын 30дан ашык баяндамасын угушту.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн негизги багыты чыныгы элге багытталган сот адилеттигин түзүү экенин белгиледи. «Мындай адилеттүүлүктү түзүү зарылчылыгы Конституциянын текстинен келип чыгат, аны ишке ашыруу үчүн 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган», — деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өз баяндамасында акыркы жылдары ата мекендик укуктук система калктын бардык катмарларынын, анын ичинде социалдык жактан аялуу катмарынын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу жагынан олуттуу концептуалдык өзгөрүүлөргө дуушар болгонун маалымдады.


«Республикада эл аралык стандарттарга негизделген жазык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдардын чөйрөсүн аныктоочу «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.


Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен “коопсуз жер”, “коргоо ордери”, “психологиялык зомбулук”, “үй-бүлөдөгү зомбулук”, “физикалык зомбулук”, “экономикалык зомбулук”  сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамалары киргизилген.


Мыйзам аны ишке ашыруу үчүн субъекттердин чөйрөсүн аныктайт; үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого тартылган субъекттердин координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу органдын милдеттери; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана жоопкерчилигин чектеди, — деди Нурлан Мусаев.


Ошондой эле Бишкек шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова баяндама жасады. Судья сот системасынын келечеги тууралуу маселени козгоп, жасалма интеллектти теориялык жана практикалык жактан колдонуунун жалпы эрежелерин иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү сунуштады. Анын айтымында, «дүйнөлүк соттук практиканы» үйрөнүп, өнүктүрө турган ынтызар синтетикалык акыл чыныгы сот изилдеп, талдап, анан чечим кабыл ала турган натыйжаларды бере алышы ыктымал.


Жолугушуу биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен аяктап, анда катышуучулар ШКунун алкагындагы соттук диалог тараптарга бири-биринин сот тутумун түшүнүүгө жардам берерин белгилешти. Ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп, өз ара ишенимди, жакшы мамилелерди бекемдөөгө, аймактагы  тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болот.


XVIII кеңешменин катышуучуларынын ортосундагы макулдашуулардын бири сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана “акылдуу сотторду” түзүү үчүн технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү болду. Кызматташуу жана ийкемдүүлүккө көмөктөшүү,  электрондук жана гибриддик соттук териштирүүдө жасалма интеллект сыяктуу заманбап технологияларды колдонуу боюнча консенсус бар. ШКУга мүчө- мамлекеттердин Жогорку соттору сот адилеттигин жүргүзүүнү жакшыртуу максатында технологиялык куралдардын ыңгайлашуусун жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү макулдашты, б.а. технологияны кагаз процесстерин санариптештирүү үчүн гана эмес, санариптик чөйрө үчүн процесстерди трансформациялоо үчүн да колдонуу, ошону менен иштеп жаткан системанын айрым ички кемчиликтерин жоюу болуп саналат.